ЭКИНЧИ НИКЕМ МЕНЕН ЗАГСка ТУРА АЛАМБЫ?

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Юристтин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Байланыш телефону: 32-33-26

– Мындан 4 жыл мурун аялым менен ажырашып кеткем. Ортобузда эки кызыбыз бар. Учурда алар энеси менен турушат. Ажырашкандан алты ай өткөн соң экинчи жолу үйлөнүп, уулдуу болгом. Мурунку аялым менен расмий түрдө ажырашкан эмесмин. Сурайын дегеним, экинчи никем менен ЗАГСка каттала аламбы? Асылбек, Бишкек шаары.

– КРнын Үй-бүлө кодексинин 15-беренесинин талабы боюнча эгерде эки жубайдын бири расмий түрдө нике каттоодон өтүп, ажыраша элек болсо, анда экинчи никеси менен каттала албайт. Анткени биздин республикада кош никелүүлүк мыйзамдаштырылган эмес. Андыктан сиз алгач биринчи жубайыңыз менен расмий түрдө ажырашып, анан экинчи жубайыңыз экөөңөр нике каттоодон өтсөңөр болот.


УУЛУБУЗДУН АТЫН ӨЗГӨРТСӨК БОЛОБУ?
– Биздин уулубуз 10 жашта. Ал төрөлгөндө көп ойлонуп отурбай эле бир ысымды койгонбуз. Бирок туура эмес ат коюлуп калганын кийин түшүндүм. Сурайын дегеним, атын өзөртсөк болобу? Эгер болсо, анда кандай жол менен? Туратбек, Нарын облусу.

– КРнын Үй-бүлө кодексинин 64-беренеси боюнча 16 жашка чыга элек балдарга ата-энеси менен бирге кайрылып жазган арызы боюнча ысымын өзгөртүүгө уруксат берилет. Райондук, борбордук, шаардык акимчилик же мэрия астындагы камкордук көрүү органдарына арыз жазасыз. Аталган органдар тарабынан баланын кызыкчылыгы эске алынып, анан уруксат берилиши мүмкүн.
Демек, сиздин уулуңуздун атын өзгөртүү үчүн өзүнүн да макулдугу керектелет.


ЖЕРДИН МЕНЧИК КҮБӨЛҮГҮН КАНТИП АЛАМ?
– Айыл өкмөтү там салыш үчүн жер бөлүп, чечим чыгарып берген. Мен убагында бара албай, кийин бул чечимди мамлекеттик каттоодон өткөрүп, менчик күбөлүгүн алайын деп барсам, айыл өкмөтү мен алган жер тилкесин дагы бирөөгө берип коюптур. Ал адам каттоодон өткөрүп, менчик күбөлүгүн алып алыптыр. Эми эмне кылсам болот? Жумабек, Бишкек шаары.

– Сиз айыл өкмөтүнө кайрылып, там салыш үчүн башка жер берүүсүн талап кылышыңыз керек. Эгерде бул суроо чечилбесе же биринчи жер тилкесин алгыңыз келсе, анда сотко доо арыз менен кайрыла аласыз. Мында жооп берүүчү тарап айыл өкмөтү жана күбөлүк алган адам болот. Сот айыл өкмөтүн сизге башка жер бөлүп берүүгө милдеттендириши мүмкүн. А балким, жер тилкеси боюнча экинчи чечимди жокко чыгарышы ыктымал.


УУЛУБУЗДУ КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ДЕП КАРМАП КЕТИШТИ
– Уулубузду кылмышка шектүү деп милиция кызматкерлери көчөдөн кармап кетишиптир. Биз бул окуя жөнүндө 2 күн өткөндө гана билдик. Кармап кеткен милиция кызматкерлери же тергөөчү окуя жөнүндө өз убагында бизге билдиргенге милдеттүү беле? Кайсы убакыттан баштап балабызга адвокат жалдообуз мүмкүн эле? Динара, Жалал-Абад облусу.

– Эгер адам кылмыш жасаган деп шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалса, анда 3 сааттын ичинде бул жөнүндө протокол түзүлүшү керек. Милиция бөлүмүнө алынып келингенден тарта адвокаттын кызматын пайдаланууга укугу бар. Тергөөчү 12 сааттын ичинде шектүү катары кармалган жарандын үй-бүлөсүнө, туугандарына же жакын адамдарына камакка алынгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү.


КОШУНАМ ТЕРЕЗЕМДИН ТҮБҮНӨ ДААРАТКАНА КУРУП ЖАТАТ
– Жаңы конуштардын биринен жер тилкесин алып үй салгам. Бизден кийин үй салган кошунам дааратканасын тереземдин түбүнө салып жатат. Айтсам “бизге ушундай ыңгайлуу” деп болбой койду. Негизи, даараткана үйдөн канча алыстыкта салынышы керек? Кошунамдын дааратканасын жылдырта аламбы? Бул тууралуу кимге кайрылса болот? Жыпара, Бишкек шаары.

– Мыйзам боюнча жерди кандай пайдалануу – жер ээсинин өз эрки. Бирок кошунаңыз бул укугунан пайдаланып өзүм билемдикке салып, сиздин терезеңиздин түбүнө даараткана куруп жатса, анда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органына кайрылсаңыз болот. Эгерде бул даараткана сиздин үй-бүлөңүздүн ден соолугуна коркунучун тийгизе турган болсо, анда аталган орган кошунаңызга даараткананы башка жерге салуу чечимин чыгарат. Ал чечимдин негизинде сиз жылдырууну талап кылышыңыз мүмкүн.


КЫЗЫМДЫ ӨЗ ФАМИЛИЯМА ӨТКӨРСӨМ БОЛОБУ?
– Жолдошум менен ажырашып кеткем. Ортобузда 5 жаштагы кызыбыз бар. Ажырашкандан бери кызымды жалгыз багып, тарбиялап келе жатам. Күйөөм биз менен иши жок. Багууга, тарбиялоого эч кандай жардам бербейт. Кызымдын фамилиясын өзгөртүп, өз фамилияма жаздырып алсам болобу? Фарида, Бишкек шаары.
– КРнын Үй-бүлө кодексинин 64-беренеси төмөнкү шарттарда гана баланын фамилиясын өзгөртүүгө жол берет;

  1. Эгерде баланын ата-энеси чогуу жашабаса, жубайлардын бири ата-энелик укугунан сот аркылуу айрылса;
  2. Жубайлардын бири белгисиз жок болуп кетсе, анын кайсы жерде жүргөнүн аныктоо мүмкүн болбосо;
  3. Сот аркылуу жубайлардын бири оорулуу болгондуктан, өзүнүн жасаган ишине жооп бере албайт деп табылса;
  4. Жубайлардын бири баланы багуудан, материалдык жардам көрсөтүүдөн жана чогуу тарбиялоодон себепсиз баш тартса.

Мына ушундай учурларда гана экинчи тараптын макулдугусуз баланы тарбиялап, багып жаткан тарап райондук, шаардык акимчилик же мэрия астындагы камкордук көрүү органына кайрылып, баланын фамилиясын өзгөртүп алса болот. Бул маселени чечүүдө баланын кызыкчылыгы сөзсүз эске алынат. Эгер ал фамилиясын өзгөртүүгө макулдук бербесе, чечим кабыл алынбайт.


Сиздердин сурооңуздарга Жогорку Соттун судьясы (1990-1994-жж.),
Башкы прокурордун орун басары (1994-1999-жж.) болуп иштеген,
учурда “Статут” юридикалык компаниясынын президенти, профессор Назаркул Бопоев жооп берди.
Дареги: Турусбеков көч. 86. Байланыш тел: (0543) 94-05-90

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Барс
2009-12-19 14:21:44
Азаматсыңар! Бул "Юристтин кеңеши" бөлүмүн ачкан ишиңерди абдан мыкты деп айтса болот!
+1
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан