Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Эшим кымызга талыкшый түшүп куш жаздыкта үргүлөп жаткан кары кеӊешчиге шектүү карап, кете албай кыйылып турду. Абил бий сезип, тыӊшап жаткан болсо көӊүлүн көтөрүп коймокко сөзүн көтөрө кайталап айтты:
– Айта бер, сыр жашыра турган бөтөн жок.
– Насирдин бектин бардык жолу кесилди. Мерчемдүү жерлерге тосот кылынды... Сиздин бир ооз сөзүӊүздү сурады Бекназар аке.
Бий ордунан учуп туруп Эшимдин жакасына жабышып шыбырап калды:
– Жинденбесин... Жинденбесин!.. Токтотсун!
– Бий туура айтат...
Абил бий селт эте түшүп, Эшим ордунда катып калды. Уюп жаткан жыландын көзүндө кары кеӊешчинин көздөрү жаздыктардын арасынан экөөнө кадалып турган эле.
– Кхм... Бий тууру айтат... Жакшы жигит, баатырларга айтып бар, бөрүнүн уясын бузуп, бөлтүрүгүн кармап алса болот ки, бирак бөрүлөр өчүгүп кийин короого апаат түшүрөрүн тоолуктар жакшы билишпейби? Ушуну баатырлардан сурап кой, жакшы жигит.
Абил бий чаӊырды:
– Айтып кой!.. Теӊирбердиге айтып кой!.. Уктуӊбу?
– Уктум...
Эшим таазим кылып чыгып кетти.
Абил бий элеттин билермандарын шашылыш чогултуп, Бекназардын аракетин колдобоону буюрду. Эртеси Наманган бегинен дагы кырктай сыпай келип кошулду Насирдин бекке. Бектин корбашысы эми кутурду. Эгер өлтүргөн табылбаса, анда Насирдин бек шектүү деп элдеги белдүү жигиттерди бүт карматарын айттырды. Ким чыдайт буга? Айла түгөндү.
– Деги айтсынчы, кантсек ханзааданын көкшүнү сууйт экен?!
– Айтсын! Не көксөгөнү бар экен? Ачык айтсын!
Кары кеӊешчинин күткөнү ушул эле. Хан тагасынын өлүгүбү, ит өлүгүбү, ага баары бир, эптеп элетинин каймагын калпып кетүүгө жараса болду да. Бөөдө кайгыга дуушар болгонсуп отурду ал:
– О тагдыр, ай, кандай күн туулуп кетти? Башка кылар айла жоктон айтасыӊ... Кантесиӊер? Кан бере албасаӊар, анда кун бергиле. Адат ошол, салт ошол, шариятка сыйганы ошол... Майли, мен ханзаада жиениӊерге сөздөшүп көрөйүн. «Бечара тагаларыӊды жарга кыспа, журтчулуктун ыгына көнүп кой» дейин. Кудурети күчтүү Кудайым көӊүлүнө макул салып жиберсе ажап эмес го...
Зордук деген ушулбу?.. Аксакалдар жымжырт отуруп калышты. Абил бий улутунуп жиберди.
– Мейли, алгысы келген кунун алсын!- ичинде угуттай кыжырын жашыра албай кетти. – Үйүӊө капыстан жылан кирип келсе ак чачып чыгарасыӊ. Ошол да!
Насирдин бек оозуна батышынча сурады. Миӊ сары таман ат, миӊ кызыл дилде!
– Э, мусулмандар, менин айтканым айткан болсо силерди ушунчалык кыйнаар белем?- деп купкуу алаканын жайып коёт кары кеӊешчи. – Өлүктүн мураскору ханзаада. Ханзаада тагасынын кунуна жырык тыйын албай кечип кетсе ага мен эки дүйнө ыраазы болуп, ыракмат деп аттанып кете берет элем го, антсе кана?
Аксакалдардын бири башын кылтылдатып кейиди:
– Эй, увазир, Кудайга карасаӊчы. Мураскор дейсиӊ... Ханзаада кайдан мураскор болот? А жөн эле өкүм зордук дей бер да?! Домбу кантсе да өзүбүздүн эле тууган болчу.
– Шарият колуӊда, увазир, кайда жетелесеӊ өз эркиӊ,- деп ыза болуп аксакалдардын бири тура жөнөдү. – Бар, билгениӊди кылып ал!

(Уландысы кийинки сандарда)

Тилеген Керимкулов, тарых мугалими: «ДОМБУГА КУН ТӨЛӨП, ЭЛДЕ КОЗУ БАЙЛАГАН ЖИПТЕР ЭЛЕ КАЛГАН ДЕШЧҮ»
– «Сынган кылычтагы» айрым окуялар боюнча атам көп маалымат билчү. Билгендерин дептерге түшүрүп жүрчү. Кийин аны Төлөгөн Касымбеков биздин айылга маалымат чогултуп
келгенде берген экен.
Негизи, «Сынган кылычтагы» окуялардын көбү Аксы аймагында чын эле болгон.
Мисалы, романдагы Кедейбай датканы алалы. Орустарга баш ийе электе эле Кедейбай датка Наманган вилаетин, азыркыча айтканда, облусун башкарып турган. Токтоназар бийдин баласы Кедейбайдын урпактары азыркы күндө Топ-Жаӊгак айылында жашашат. Токтоназар бийдин баласы Кедейбай болсо, кызы Жаркынайым болгон. Кедейбай датканын урпагы Дөөлөталы, анын урпагы Ниязалы, анын урпагы Жамшитбек. Жамшитбектин балдары Манас менен Байызбек. Булар азыр ушул Топ-Жаӊгак айылында жашап жатышат. Кедейбай датка Кокон хандыгында таасирдүү адам болгон. Анын бир тууган карындашы Жаркынайым Шералы хандын аялы. Шералы хандын баласы Кудаяр хан Кокон хандыгында төрт жолу такка отурганы белгилүү.
Тарыхта кыргыздарга караштуу көп жерлер азыр Өзбекстандын аймагында калып кетти. Мисалы, коӊшу өлкөнүн аймагында Кыз-Рават деген жер бар, бул жай ошол Жаркынайымдын урматына тургузулган рават-коргон. Аны айрымдар Кызыр-Абад деп айтып жүрүшөт, бул туура эмес. Туурасы Кыз-Рават. Кыз – Жаркынайым, рават – коргон.
Эл арасында хан тагасы Домбу тууралуу сөз ушуга чейин жашайт. Көбүнүн көзү өтүп кетти, кечээ жакынга чейин аксакалдар менен бул жөнүндө сүйлөшүп жүрдүм. Азыр деле «Домбунун куну болсо да төлөп коём, ошол да кеп бекен?» деген сөздөр кеӊири колдонулат. Аксакалдардын айтымында, Кокон хандыгынан келип Домбунун өлүмү үчүн кун салганда эл катуу кыйналыптыр. Романда айтылгандай, Домбунун кунунан эл миӊ дилде, миӊ сары таман ат менен эле кутулуп кеткен эмес экен. Ал кезде козуларды көгөндөшчү да. «Домбунун кунунан кийин эл козу байланган жиптерди кучактап гана отуруп калышкан экен» деп карыялар көп айтышчу. Жарды-жакырлардын кой-козуларынан бери алып кетишкени айтылат. Домбунун куну жөнөкөй эле нерсе эмес, саясий жактан алып караганда Кокон хандыгынын биздин элге көрсөткөн зордук-зомбулугу болгон.

Тургуналы Камбаралиев, Домбунун тукуму: «ДАНБАГАРЛАР АТЫП ӨЛТҮРҮП, КОРУМДАП САЛГАН ДЕШЕТ»
– Домбунун тукуму болом. Чынында көп маалыматым жок, билгеним, Домбунун баласы Жуманазар. Жуманазардан Камбаралы менен Кубат. Кубаттан Айталы, Камбаралыдан мен. Айталыдан бала калган эмес.
Тарыхта аты калган Домбуну мен көрбөй калдым да. Убагында аксакалдардан укканым боюнча, ал олбурлуу, ала көөдөн киши болгон экен. Коконду бийлеген айтылуу Кудаяр хандын хан тагасы. Аны азыркы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Бурана деген жерде өчөшкөн данбагар уругундагылар атып өлтүрүп, корумдап көмүп салганы айтылат. Анын өлүмүнөн кийин Кудаяр хан элге кун салып «Домбунун куну» деген лакап сөз азыркыга чейин айтылат.

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан