ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-марттан 22-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Ден соолугуӊузга көӊүл бөлүӊүз. Жазгы алсыроо, нервиӊиздин майда-чүйдө нерселерге корошу күтүлүүдө. Бейшембиде ойдо жок жерден киреше таап калышыӊыз ыктымал. Жума күнү жол эрежелерин сактап, кырсык жарала турган жерлерден алыс болуӊуз. Апта аягында башка жакка чыгып эс алып келишиӊиз күтүлүүдө. Жакындарыӊызды кубантып кошо ала барууну унутпаӊыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Маанилүү иштериӊизди кийинки апталарга жылдыра туруӊуз. Баары жайында болушун кааласаӊыз, эс алуу күндөрүн үй-бүлөӊүз менен чогуу өткөрүүнү жылдыздар сунушташат. Эгер сиз үй-бүлө кура элек болсоӊуз, анда аптанын планын түзүп алууга шейшемби ылайыктуу. Шаршемби күнү жумушуӊузда жетекчилик менен ача пикир жаралып, сиздики туура болсо да
жеӊилип каласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумушта жаралган көйгөйлөргө көӊүл бурбаӊыз. Аларды чечүүгө кесиптештериӊиз келип, жардам көрсөтүшөт. Үй-бүлөдө деле баары ойдогудай болмокчу. Бирок ата-энеӊиз сиздин акыркы күндөрү аларга көӊүл бурбай калганыӊызды айтып кыжалат кылышат. Жума күнү көптөн бери жетпей жүргөн кыялыӊызга жетип кубанасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде кандай гана иш кылбаӊыз, жаӊылыштык кетирбегенге аракет кылыӊыз. Жакындарыӊыз сизди колдоп туруусу үчүн сиз да аларга көӊүл буруп, ал-абалдарын сурап турууга убакыт табыӊыз. Апта башында чала тааныш адамдарга ишеним артуудан сак болуӊуз. Шаршемби күнү ысык суу, электр приборлорунан этият болуӊуз, күйүккө кабылышыӊыз ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апрель айында каржы жагынан камсыз болом десеӊиз, ушул аптадан тарта тер төгүп иштеӊиз. Талаачылык иштери же башка маселелер үчүн акча-тыйын талап болору бышык. Иштериӊиз ийгиликтүү башталышы үчүн чечкиндүү болуӊуз. Шаршембиде үй тиричилик иштери менен алек болуп, эмеректердин ордун алмаштыруу, бөлмө ичтерин желдетүү сыяктуу жумуштар күтүп жатат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта бийкеч жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн абдан жагымдуу болмокчу. Биринчи жарымы алдыга койгон максаттарыӊыздын ишке ашышына ылайык келсе, экинчи жарымы жакын адамдар, дос-туугандар менен гармонияда өтмөкчү. Апта аягында коммуналдык маселелер боюнча коӊшу-колоӊ менен конфликтке барышыӊыз ыктымал, сабырдуу болуӊуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кызуу кандуулук менен ишиӊиздин солгундашына алып келген кадамга барып алышыӊыз ыктымал. Бейшембиде мурда түшүнбөстүктөн улам кол үзгөн эски сүйүүӊүзгө жолугуп, мамилеӊиздерди жөнгө салууга аракет кыласыз. Ишемби тиричилик техникаларын сатып алууга ылайыктуу. Жекшембиде жакшылап эс алып, негативдин баарын кетип жаткан жумага калтырыӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта башында сыркоолоп калышыӊыз ыктымал. Шейшембиде үй-бүлөӊүздүн көӊүл чордонунда болосуз. Алардын айтканын угуп, иштериӊизди кийинки күндөргө жылдырыӊыз. Үйгө мейман келүүсү күтүлүүдө. Апта башындагы маселени эске алып, алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн алыс болуӊуз. Апта соӊунда таза абада сейилдеп, бош убактыӊызды тынч абалда өткөрүӊүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Тамакты ылгап жеп, майлуу, таттуу азыктардан алысыраак болуӊуз. Аптанын биринчи бөлүгү сизге кызыктуу сюрприздерди тартуулайт. Шаршемби маанилүү жолугушууларга ылайыктуу күн. Жума күнү кайрымдуулук иштерин кылып, адамдардын ыраазычылыгын алыӊыз. Аптанын аягын көптөн бери чечилбей келген маселелерге арнаӊыз. Жыйынтыгы канааттандырарлык болмокчу.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кызыктуу окуялар жана адаттан сырт иш-аракеттер сизди жаӊы таанышууларга жана жаӊы чөйрөгө алып келет. Аптанын экинчи күнү олуттуу иштерди жүргүзүүгө ылайыктуу. Чала тааныш адамдардын сиздин ишенимиӊизге кирүүсүнө жол бербеӊиз. Ишемби күнү жалган маалымат угуп, маанайыӊыз түшүшү мүмкүн. Андыктан кандай гана жаӊылык уксаӊыз дагы анын чын-бышыгын аныктап туруп чечим чыгарыӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын ичинде көптөн бери бүтүрө албай жүргөн иштериӊизди аягына чыгарып, жеӊилдейсиз. Дүйшөмбү күнү ишиӊизде кыйчалыш абал туулса кабатырланбаӊыз, бардык нерсе убактылуу. Жума күнү үй-бүлөӊүз менен пикир келишпестик келип чыгышы мүмкүн. Аптанын аягында жашооӊузду жаӊы бурулуштарга алып барган адам менен таанышып, жагымдуу эмоцияларга марыйсыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада көп суммадагы акчаны жаныӊызга алып жүрбөӊүз. Акчаӊызды шылуундарга алдырып жибербөөнү алдын алганыӊыз менен, керексиз сатып алууларга азгырыласыз. Аптанын башы кечигүүлөр менен коштолмокчу. Жумушка, коомдук транспортко, мейманга же маанилүү жолугушууларга кечигип уят болосуз же чыгым тартасыз. Аптанын аягын спорт менен машыгып, дене бойду чыӊдоо менен аяктаган туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан