ПИЯЗ АЧУУ БОЛГОНУ МЕНЕН КИРЕШЕСИ ТАТТУУ!

Аарчып туурагыча көздөн жаш агызган пиязды өстүрүп, сатып бутка турууга болот. Болгону түндөп талаада жүргөндөн тышкары аны өстүрүүнүн сырларын билүү кажет. Андыктан Бишкек шаарынын тургуну Асылбек Кыркбаевден көк пиязды, ал эми жерлиги сүлүктүлүк Жыргалбек Тураевден кадимки пиязды өстүрүү жолдорун сурап, билдик.

«КӨК ПИЯЗ 55-60 КҮНДӨ САТЫККА ДАЯР БОЛОТ»
– Биз көк пияздын голландия, кытай сортторун эгебиз. Эккенден 55-60 күн өткөндө боюнун бийиктиги 40-50 сантиметрге жетип, сатыкка жарап калат.

1 ГЕКТАР ЖЕРГЕ ПИЯЗ ӨСТҮРҮҮ
Жер айдалып, малаланып, урук себилет. 1 гектар жерге 30 килограмм урук кетет. Арык жана жөөктөр салынгандан соӊ отоо чөптөрдү өлтүрө турган дарыны (стомп) сууга кошуп чачуу зарыл. 1 гектар жерге 5 литр кетет. 1 күн өткөн соӊ сугарылат. Пияз 7-8 күндө өнүп чыгат жана ага чейин 2-3 ирет сугаруу талап кылынат. Бою 10-15 сантиметр болгондо 6 мүшөк жер семирткич (селитра) чачылып, артынан отолот. Анан пияз оорубашы үчүн атайын дарыдан (БИ-58) 2 литр алып, ага 6 килограмм жалбырагы менен азыктандыруучу каражатты (нутривант) кошуп, чачууга туура келет. Пияздын бою 25-30 сантиметрге жеткенде кайрадан жер семирткич (селитра) берилет.
Ошентип пияз даяр болгуча жер семирткич менен ооруга каршы дарыны 2 иреттен, жалбырагы менен азыктандыруучу каражатты 3, отоо чөпкө каршы дарыны 1 ирет берүү кажет. Талаа 8-9 жолу сугарылат. Карап, багуусуна жараша 1 гектар жерден
80 000-100 000 боо пияз чыгат.
Пияз жыйналып алынгандан кийин ордуна түрп, шалгам, ашкөк эксе болот.

Талаа иштери, ага кетчү чыгымдар (1 гектар үчүн)

Урук. 1 килограмм голландия сорту да, кытай сорту да 2000 сомдон. 2000 x 30 (кг)= 60 000 сом.
Жерди айдатуу, малалатуу, жөөк жана арык салдыруу – 7000 сом.
Отоо чөпкө каршы дары – 1 литри 500 сом. 500 x 5 (л)= 2500 сом.
Жер семирткич – 1 мүшөгү 1100 сом. 1100 x 12 (мүшөк) = 13 200 сом.
Ооруга каршы дары – 1 литри 500 сом. 500 x 4 (л)= 2000 сом.
Жалбырагы менен азыктандыруучу каражат – 1 килограммы 160 сом. 160 x 18 (кг) = 2880 сом.
Отоого адамдарды жалдап иштетүү – 12 000 сом.
Сугатчыга – 1 жолкуга 1000 сом. Талааны 8 ирет сугарса, анда 8000 сом.
Суу үчүн төлөнүүчү акы – 1 жолкуга 500 сом. Талааны 8 ирет сугаруу керектелсе, анда 4000 сом
Жулуп, байлатуу – 80 000-100 000 сом. Акыга иштегендер өздөрү жулуп, байлашат. 1 байламына 1 сом төлөнөт. Эгер гектарынан 80 000 байлам чыкса, анда 80 000 сом, 100 000 байлам чыкса, 100 000 сом кетет.
Байлаганга керектүү резинкага кетчү каражат – 8200-8500 сом.
Баштыктарга кетчү каражат – 3800-4000 сом.
Жер салыгы – 2000 сом.
Эскертүү: Эгер жер ижарага алынса, анда акысына 20 000 сом (1 гектарга) төлөнөт.
Чыгаша болжол менен: 227 000 сомдун тегереги (жер өзүнүкү болгондо).

КИРЕШЕ
Ар байламдын баасы базардагы баага ылайык 5-10 сомдун тегереги.
Кокус 80 000 байламыӊыз 8 сомдон өтүп калса, анда 640 000 сомду чапчыйт. 640 000-227 000 (чыгашанын суммасы) = 413 000 сом . Бул сумма таза кирешеӊиз.

ПИЯЗ
– Кадимки кышка сакталчу пияз 150 күндө бышат жана көчөтүнөн отургузулат. Көчөткө көп акча коротпоо үчүн аны парникке өстүрүп алуу кажет. Парникке пияздын уругу февралдын 25теринде себилип, көчөтү талаага апрелдин 15теринен тарта отургузулат. Көчөт 45-50 күндө даяр болот.

ПАРНИККЕ КЕРЕКТҮҮЛӨР
Пияздын жакшы голландия сортун колдоном, анын 1 килограммы 3500 сом. 1 гектар жерге жетчү көчөт өстүрүүгө 7 килограмм урук керек. Узундугу 30, ал эми туурасы 1 метр келген 8 парникте өстүрөм, ошол 1 гектарга жетет. 7 килограмм уругуӊ 3500 сомдон болгондо, 24 500 сомду түзөт. 8 парникке 80 кап кык кетет, бул 2500 сом. Парниктердин үстүнө 500 метр зымды 5000 сомго сатып алып, аларды кыркып, дого сымал ийип жайгаштыруу зарыл. Анын үстүн жапканга 1 рулон клеёнка керек, ага 6000 сом төлөйсүӊ.
Парниктер даяр болгондо урук себилип, отоо чөптөргө каршы дары берилет. Мунун 100 граммы (50 сом) 8 парникке жетет. Анан сугарылат. Бою жарым карыш өскөндө 3000 сомго жумушчуларды жалдап, ототом. Бою 20 сантиметр болгондон тарта талаага отургуза берсеӊ болот.

ТАЛАА ИШТЕРИ, АГА КЕТЧҮ ЧЫГЫМДАР (1 ГЕКТАР ҮЧҮН)

1. Жерди айдатып, малалатып, жөөк жана арык салдырганга – 7000 сом.
2. Отоо чөпкө каршы дары берилет. 1 литри 500 сом. 1 гектарга 5 литр кетет. Ошондо 500 x 5 (л)= 2500 сом.
3. 1-2 суткадан кийин сугарылат. Суу үчүн 500 сом. Сугатчыга 1000 сом.
4. Жер тоборсуй түшкөндө көчөт отургузуу башталат. 25 жумушчу жалдасаӊ парниктеги көчөттөрдү 2 күндө өздөрү жулуп, отургузуп жетишет. 25 адамга жалпы 25 000 сом төлөнөт.
5. Сугарылат. Суу үчүн – 500 сом. Сугатчыга – 1000 сом.
6. Көчөткө 10 күн болгондо жер семирткич (селитра) берилет. 1 мүшөгү 1100 сом. 1 гектарга 6 мүшөк кетет, бул 6600 сом.
7. Жалбырагы аркылуу азыктандыруучу каражат чачылат. Мындан 5 килограмм кетет, аны 720 сомго аласыӊ.
8. Пияздын ооруларына каршы 2 литр дары бересиӊ, ага 1000 сом сарпталат.
9. Отоо. Жумушчулардын акысы 3000 сомдун тегерегин түзөт.
Сугаруу, жер семирткич дегендер убак-убагы менен кайталанып берилет. Башкача айтканда, пияз бышкыча баш-аягы 20-25 жолу сугарылып, жер семирткич 4 ирет, жалбырагы аркылуу азыктандыруучу каражат 9 жолу берилет. Отоо 3 жолу жүргүзүлөт. Сентябрды ортолоп, пияз бышканда сугарылып, кол менен жулунат. 70-80 адамды жалдасаӊ, 3 күндө жулуп, кыркып, сорттоп беришет. Аларга 120 000 сом кетет.
Жер салыгы – 2000 сом.
Эскертүү: Эгер жер ижарага алынса, анда акысына 20 000 сом (1 гектарга) төлөнөт.
Чыгым: парникке кеткен чыгымды кошуп, баарын эсептегенде болжол менен 280 000 сом болот (жер өзүнүкү болгондо).

КИРЕШЕ
1 гектар жерден жакшы карап-баксаӊ 50-55 тонна түшүм аласыӊ. Анын килограммын дүӊүнөн 17-20 сомдун тегерегинде өткөзсөӊ болот. 50 тоннаны 20 сомдон өткөзгөндө 1 000 000 (миллион) сом чыгат. Эми 1 миллиондон чыгашаны кемитсек, таза киреше чыгат. 1 000 000-280 000=720 000 сом. Бул таза киреше.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Gensek
2015-03-16 10:44:24
жакшы киреше екен
0
ota.88
2015-03-16 18:33:20
Орусияда иштебей эле озубуздун мекенибизде пияз картошка айдайт окшойбуз кирешеси жакшы экен
0
piramida
2015-03-16 21:42:55
Еми супердин айткан баасында откозо алсан, куздун куну арзан еле болот пияздан байыйм десенер жылда егиш керек бир жыл болбосо бир жыл кымбат болот.
+1
Timur02
2015-03-17 19:19:06
50 тонна тушпойт еч качан ашып кетсе 20 тонна болот
+1
tursunbaev2004
2015-03-19 01:58:19
Timur02,Сен остуруп кордун беле?остургон адам айтып жатпайбы.
0
aika_7777777
2015-03-25 13:14:54
Ооба туура айтат мен да укканмын пияздан аябай жакшы калат деп аэгер озу карап остурса андан да жакшы киреше табат экен
+1
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан