Кумурсканы кой кылып ойго жайдым,
Чегирткени ат кылып жоого миндим.
Көпөлөктү куш кылып көл кыдырдым.
Бир торгойдон бир табак сөөк алдым,
Сөөгүнөн деӊизге көпүрө салдым.
Өӊгөсү калп болсо да, ушунум чын.
Кышында карды айдап үрөн чачтым,
Тоӊуп турган арыктын суусун бурдум
Кардан өнгөн эгиним коюу чыгып,
Кыш чилдеде түшүмдү мол алдым.
Помидор менен бадыраӊга кулач жетпей,
Сабиздер теректей, картошкалар
челектей болуп бышты.
Жылаӊаяк суу сугарып, кар кечип
өткөрдүм кышты.
Султан Төрөбеков
balakai@super.kg