«Эх, балалык, биздин балалык, Сени издеп кайра табалык. Макул десе мезгил да өмүр, бир күнүӊдү кайрып алалык»,- деп Бек Борбиев ырдагандай, баарыбыздын эле балалыкка кайткыбыз келет. Бүгүн биз ырчы Кенже Дүйшееванын алтын балалыгына сапар алдык.
«МЕНИ ЭРКЕК БОЛОТ ДЕП КҮТҮШҮПТҮР»
– Апам 11 бала төрөгөн, мен сегизинчисимин. Менден кийин эки иним бар. Апам кош бойлуу болуп калганында мени «ушул бала бекер болуп калды» деген экен. Таежелерим да «балдарыӊ жаш, 7 балаӊ турса сегизинчисин коё турбайсыӊбы, өзүӊө карасаӊ боло» деп нааразы болушуптур. Менден улуу удаа үч кыз төрөлгөндүктөн, үйдөгүлөр мени эркек болот деп аябай күтүшүптүр. Атамдын кесиби мал доктур болгондуктан апамды үйдөн өзү төрөтүп алып, киндигимди кесип, анан экөөбүздү төрөт үйүнө алып барган экен. Ошондуктанбы, мүнөзүм атамдыкына окшош. Агаларым «эмнеге кыз төрөдүӊ?» деп апама таарынышыптыр. Тилим эрте чыгып, эрте да баскан экем.
Мектепке барарда «орус класска барам» дегениме болбой кыргыз класска берип коюшкан. 1-сентябрда эртеӊ менен эрте туруп агаларым менен үйдүн алдынан гүл үздүк. Алар «үйгө кирип кийине бер» десе болбой, «жок, силер мага жаккан гүлдү үзбөй коёсуӊар» деп гүлдөрдү тандап, «муну үзүӊүз, мунун жалбырагы түшөйүн деп калыптыр, бул соолуюн деп калган» деп жатып сонун гүлдесте жасаткам. Өзүмдөн башкага ишенбей, башкаларды көзөмөлдөгөн мүнөзүм ошол кезде эле калыптанса керек. Анан чачыма бажырайган эки ак бантик байлап, гүл көтөрүп алып атам менен жетелешип мектепке барганым көз алдымда. Ошентип биринчи мугалимим Бүсайра эжеме гүлдү берип, 1-"б" класстын окуучусу болгом.
«АТАМ МЕНИ «АКЫРКЫ КАБАРЛАР» ДЕЧҮ»
– Бала кезде эле намыскөй болчумун. Окуп жүргөндө «эмнеге сабакка даяр эмессиӊ?» деген сөздү такыр уккан жокмун. Бир жолу 3-классымда көркөм окуудан «ким бат жана көп сөз окуйт, эртеӊ жарышасыӊар» деп калды. Ошол күнү таӊ аткыча китеп окуп жатып жаттап алдым. Эртеси сабак убагында мени окута баштаганда шатырата жаттаганымды айта бериптирмин. Бир убакта эжейим күлүп жиберди. Карасам эженин колу үстүнкү сүйлөмдө турат, мен болсо аягына чыгып калыптырмын. Мектепти бүткүчөктү активист болуп жүрдүм. Окуучулар арасында эмне концерт, кандай сынак болбосун, команданын капитаны болчумун.
Үйдө атам мени «акыркы кабарлар» деп койчу. Анткени мектепте эмне болгонун, көчөдөн көргөнүмдүн баарын үйгө айтып келчүмүн. Атам бир нерсени башка бир туугандарымдан сураса, алар «билбейм» дешсе, «силер деле ушул Кенже барган мектепке бардыӊар, ушул Кенже келген жол менен келдиӊер, эмнеге көрбөйсүӊөр?» деп калчу. Анан мага «ии, кызым, акыркы кабарлардан сүйлө» дечү.
Илгери эӊ жакшы окуган окуучуларды Крымдагы «Артек» лагерине жиберчү эмес беле. Мен жөнөкөй үй-бүлөнүн кызы болгондуктан, болбогон эле шылтоо менен менин ордума бир чоӊдун баласы кеткени эсимде. Азыр ойлосом, ошол кезде эле коррупция болгон экен. Ошондо ыйлап, 1 жума төшөктөн турбай жатып алгам. Мугалимдер сүйлөшүп мени Өзгөндөгү «Салам-Алик» лагерине жиберишкен. Лагерден «Айгөлөк» деген ырды ырдай берип «Айгөлөк» атка конуп келгем.
«БИР КЫЗДЫ ЭЗИЛГЕН ПОМИДОР МЕНЕН БАШКА УРГАМ»
– Биздин айылдын этегинде канал бар. Ошол каналга айылдагы ата-энелер чогулуп кум төктүрүп, бизге көлмө жасап беришкен. Ага биздин гана көчөнүн кыздары түшүп, аркы көчөнүн кыздарын келтирчү эмеспиз. Кыздарды сууга түшүрбөй койгонубуз үчүн алар сууга айнектин сыныктарын таштап коюшуптур. Биз аны билбей, көлгө түшүп алып бутубуз кесилген эле. Ошол көчөнүн кыздары жашаган жакта бир сакалы узун карыя чоӊ казанына семичке кууруп сатчу. Ал семичке кууруганда буруксуган жыты айылды каптачу. Элдин баары «ии, семичке кууруп жатыптыр, бир аздан кийин даяр болот» деп калышчу. Мектептен чыгып семичке алып келе жатсам, биз сууга түшүрбөй койгон кыздар артымдан куушту эле, жеткирбей качып кеттим. Карасам чоӊ кагазга оролгон семичкеден беш-алты эле дан калыптыр. Ушундан кийин мен да ал кыздардан өч алайын деп аӊдып жүрдүм.
Бир күнү мени кууган кыздардын бири дүкөнгө өтүп кеткенин көрүп калдым. «Сениби, шашпа!» дедим да, чакада эзилген помидорлор бар болчу, ошону тамдын башына алып чыгып күтүп жаттым. Ал кыз өтүп баратканда эзилген помидорлор менен былчылдата башка урдум. Анан көксөөм канып, өзүмө өзүм ыраазы болгом. Негизи мен эч кимге тийбейм, бирок тийишкендердин катыгын берген адаммын.
«КОЛУМДАН УЙ СААГАНДАН БАШКАНЫН БААРЫ КЕЛЕТ»
– Бир күнү сабактан келсем нан жок калыптыр, анан камыр жууруп койдум. Апам «Сен нан жаба алмак белеӊ? Жөн эле камырды ысырап кыласыӊ» деп калды. «Апа, камсанабаӊыз, мен жабам» дедим. Аны уккан атам «оо, менин кызымдын тилинен да, колунан да келет» деп мактап калды. Апам «көрсөтүп берейин» десе болбой, нанды кудум апамдыкындай жасап, тандырга от жакканы кеттим. Кирсем атам «кыздарыӊдын эч кимиси 7-классында нан жапкан эмес, Кенжеӊ тыӊ» деп апама айтып жатыптыр. Ал ансайын өпкөм көөп, тандырга колумду күйгүзүп, колум чыдатпай ооруса да сыр бербей намыстанып, нандарды түшүрбөй жапкам. Кечинде уй саайын деп барып отура калып эки эмчегин бир учурда катуу тартып ийиптирмин. Бир тепти эле, учуп барып жатып калдым. Ошондон кийин уй саагандан корком.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg