КАРЫШКЫРЛАР МЕНЕН АЛЫШКАН АЙЫМ

Кыргызстанда Каракол шаарында жайгашкан жалгыз зоопарк бар. Союз урагандан кийин аз жерден жоюлуп да кете жаздаган. Азыр ал зоопарк Жапайы жаныбарларды коргоо борбору деген аталышка ээ. Пони, аюу, сүлөөсүн сыяктуу бир нече жаныбарды эң жакын досу катары санап, карышкырлар менен алышып ойногонду жактырган эр жүрөк кызыбыз Сеитова Салтанат аталган зоопаркты башкарып келет.

САЛТАНАТ ТУУРАСЫНДА

  • 1976-жылы Бишкек шаарында туулган.
  • Бир уулу бар.
  • Эч нерседен коркпойт.
  • Жаныбарларга жини келгенде кишини урушкандай эле урушуп, алаканы менен чаап коёт.
  • Эң жакшы көргөн жаныбары – карышкыр.
  • Жаман көргөн жаныбары жок. Курт-кумурска, жөргөмүштөн бери жакшы көрөт.
  • Жаныбарларды жаным, алтыным деп эркелетет.

– Салтанат, сизди "карышкырлар менен алышат экен" деп уктум эле...
– Алышканда эми мушташпайм, күрөшүп ойнойм. Аларды көзү ачыла элек кезинен сүт берип үйүмдө багып чоңойтуп, анан капаска коё берем. Ошондон уламбы жырткыч болсо да, мени энесиндей жакшы көрүшөт. Мисалы, Акбара менен Ташчайнар азыр бир жарым жашта. Таластык мергенчилер эне-атасын өлтүрүшүп, балдарына колдору барбай, көзү ачыла элек кездеринде мага алып келишкен. Бир жарым айга чейин үйдө бактым. Аларды көпкө көрбөсөм, кадимкидей сагынып калам.
– Жырткыч деген жырткыч да, кол салган учурлар болду беле?
– Карышкырдынбы, аюунунбу, кыскасы, капаска кирердин алдында алардын маанайын байкайм. Эгер көңүлү суз болсо үстүлөрүнө кирбейм. Күүлөп жатканда да жолобош керек. Жанына барсаң сенден бири-бирин кызганып тиштеп алышы мүмкүн. Ал эми сагынып калышканда колумду жалап, жөөлөп ойношот. Иштеп жатканыма жети жыл болду, бирөө да кол сала элек.
– “Ошол борбордо бир баланын колун ийинине чейин аюу жеп салыптыр” деген маалымат тараган...
– Ал окуя союз учурунда болуптур. Бала зоопаркка атасы менен келиптир. Ойногусу келип колундагы момпосуйду аюуга ыргыткан. Анысы капаска жетпей четине түшүп калганда, атасы баланын колуна карматып аюуга өзү бердириптир. Аюу баланын колун ийининен жулуп алган. Бул жерде аюу эмес, атасы күнөөлүү. Угушума караганда, ал бала быйыл мектепти бүтүптүр.
Азыр деле айрымдар айнектин сыныктарын ыргытат же таяк алып чукулашат. Көрүп калсак 500 сом айып салабыз. Бирок андай айыпты төлөөгө көбүнүн шарты жок болгондуктан, тартипти көзөмөлдөөчүлөр сыртка чыгарып салышат.
– Учурда канча жаныбар бар?
– 6 карышкыр, 7 төө, 6 лама, 1 пони, 3 аюу, 4 сүлөөсүн, 2 түлкү, 4 бүркүт, 1 таз жору, 3 топоз, 3 үкү, 2 айры куйрук, 3 жаман сары, 2 дикобраз, 2 пржевальск жылкысы бар. Жылкыларды Алматы зоопаркы белек кылды. Биз аларга 1 эркек, 1 ургаачы топоз, 1 ургаачы лама, анан 1 эркек аркар бердик. Аркар бизде жалгыз болчу. Ал күүлөп жатканда жинденип, капастардын баарын талкалачу, ошондон улам жалгызсырабасын деп берип жибердик. Понибиз эркек, ага ургаачысын сатып алалы десек 2000-2500 доллар болуп жатат.
– Жаныбарлар ал жерден көбөйө да алышабы?
– Карышкырлар, топоздор, ламалар, төөлөр көбөйүшөт. Карышкырлар жылына 5-6 бөлтүрүк тууйт. Аларды багыш оңой эмес, ошондон улам эркегин бычып салсакпы деп жатабыз. Мисалы, сүлөөсүндөрдү, аюуларды жалгыздан кармайбыз. Кошсок алар бири-бирин тытып жеп коюшат.
– Тамак жагы кандай болуп жатат?
– Бугу, элик, лама чөп жешет. Андан сырткары, ундан ботко жасап беребиз. Карышкырлар малчылардын арам өлгөн малдарынын этин жешет. Бирок ооруп өлгөн малдын этин бербейбиз. Эт алып келишкенде берерден мурун атайын текшерүүчү адамдардын көзөмөлүнөн өтөт. Бүркүт, ителги сыяктуу жырткыч канаттууларга койдун боорун, көгүчкөн, коён беребиз. Cүлөөсүндөргө сүт, жумуртка, анан тоок союп беребиз. Тамак-ашка кеткен чыгымдын баары Германиянын Жаныбарларды коргоо борбору тарабынан төлөнөт.
– Бул зоопарк мамлекеттин карамагындабы?
– Союз убагында, албетте, мамлекеттик болчу. 15 республика өз алдынча кеткенден кийин жаныбарлар каралбай калган. Айрымдары ачкадан өлүп, айрымдары оорукчан болуп калышкан. Ошондо Германиялык “Илбирстерди коргоо” долбоору менен иштеген Торстен Хардер биздин зоопаркты өз карамагына алган. Ошентип ал зоопарк эмес, Жапайы жаныбарларды коргоо борбору болуп кайрадан түзүлгөн.
Учурда бул борбор мамлекетке карабайт. Бирок мамлекет менен тыгыз иш алып барабыз. Мисалы, браконьерлерден төрт сүлөөсүн алынган экен. Мамлекеттин өзүнүн базасы жок болгондуктан бизге беришти. Биз атайын ушул борборго деп жаныбарларды кармабайбыз. Кичине кезинде кармалып, чоңойгондо жаратылышка жашап кете албагандар бизде багылат.
– Ооруларга каршы атайын эмдөөлөр болобу?
– Жылына эки жолу эмдейбиз. Андан сырткары, ичеги курттарга каршы дары беребиз. Ал эми борборго жаңы келген жаныбарлар бир айга жакын өзүнчө кармалып, анализ алынат. Эгер оорусу болсо дарылайбыз.
– Кандайча жаныбарлар менен достошуп калдыңыз?
– Кичинекей кезимден эле жаныбарларга жакынмын. Кирпи, көгүчкөн, ит, мышыктарды үйгө киргизип алып бакчумун. Эс тарта баштаганы мал доктур болом деп, Агрардык академияга тапшырдым. Өз алдымча кимдин ит, мышыгы ооруп калса дарылай баштадым. Бир жолу Германиянын Кыргызстандагы элчисинин жардамчысынын ити ооруп калып айыктырып бердим. Ал мен тууралуу тааныштарына айтыптыр. Көп өтпөй бир кыз Торстен Хардер деген немистин чакыруу баракчасын таштап кетти. Ии, ити ооруп калса керек деп барсам, “Караколдогу Жаныбарларды коргоо борборуна мал доктур болбойсуңбу?” деген сунушун айтты. Мал доктур болуп үч ай иштегенден кийин эле мени директор кылып коюшту.
– Борбордо азыр канча адам иштейт? Жаныбарларды көрүүгө келгендер канча акча төлөшөт?
– Кассир, эсепчи, тартип сакчыларын кошкондо 15 адам иштейбиз. Кирүү акысы чоңдорго 25, кичине балдарга 15 сомдон.
– Өнүктүрүү туурасындагы иш пландар кандай?
– Жакынкы күндөрү капастарды көбөйтсөкпү деген пландар бар. Андан сырткары, Бишкекке көчүп келсекпи деп да ойлоп жатабыз. Ал үчүн эң биринчи жер керек.
– Рахмат маегиңизге. Ишиңизге ийгилик.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jazka
2009-12-16 05:38:19
Бир жылдары барып...жаныбарлардын ото эле... ушунчалык каралбай калганына кейип кеттим эле!
Салтанат эже!сизге рахмат!Ишиниз алга жылсын!
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан