«КЛОН» VS «ДАӉАЗАЛУУ КЫЛЫМ» КАЙСЫНЫСЫ МЫКТЫ?

2000-жылдары жарык көргөн бразилиялыктардын популярдуу «Клон» телесериалы менен андан он жыл өткөндөн кийин көрсөтүлө баштаган түрктөрдүн «Даӊазалуу кылымы» жамы журт жапырт "ооруган" сериалдардан болду. Бир эле учурда бири-бирине окшошуп жана айырмаланып турган сериалдар бизди күнүмдүк турмуштун түйшүгүнөн сүйүктүү каармандарыбыз менен кыялданууга жетелегени бышык. Ал эми сизге аталган сериалдын кайсынысы жакын? Кайсы каармандар сиздин сүймөнчүгүӊүзгө айланды? Келиӊиз, чогуу салыштырып, мыкты сериалды тандайбыз.

"Клон"

ЭКРАНДА
Бразилияда экрандарда 2001-жылдын 1-октябрынан, Орусияда 2004-жылдын 16-февралынан баштап көрсөтүлө баштаган.

СЕРИЯЛАРДЫН САНЫ
Оригиналы 250, ал эми эл аралык стандартка ылайыктап 221 серия кылышкан. Ар бир сериясы 40 мүнөттөн. 90дон ашуун өлкөгө сатылган.

АР БИР СЕРИЯСЫНА 30 МИӉ ДОЛЛАР КОРОТУШКАН
Сериалга корогон жалпы чыгым так айтылбаганы менен, Мароккодо тартылган ар бир серияга 30 миӊ доллардан ашуун каражат сарпталганы айтылып келет. Бул чыгым өзүн көп эселеп жапкан. Анткени сериалдын ортосунда кетчү 30 секундалык жарнамалык ролик үчүн эле сериалды тарттырган «Globo» телекомпаниясына 15 миӊ доллар төлөнчү.

ИДЕЯСЫ ТУРМУШТАН АЛЫНГАН
Сериалдын сценаристи Глория Перез идеянын жаралышы тууралуу: «Менин жашоомдо мусулманчылык менен байланышкан окуя болбогондо «Клон» тартылбай калса керек эле. Анткени кызым мусулман жигитин жактырып калган. Мен ал жигит экөөнүн жашашына каршы болгом. Каршылык көрсөткөн сайын кызымдын ал жигитке ыктаганы мени таӊ калтырган. Көп жылдан соӊ кызым каза болуп калды. Ошондон кийин гана кызымдын аруу махабаты ошол адамга арналганын билдим жана бул окуяны жазгым келди»,- деп айтканы бар.

ЭФИРДЕН КЕТПЕЙ КАЛУУ КОРКУНУЧУ БОЛГОН
Сериалдын бет ачары 2001-жылы 11-сентябрда АКШдагы эгиз мунараны жардырган окуяга туш келип калганына байланыштуу бир топ тоскоолдуктарга учурап, эфирден кетпей калуу коркунучуна кабылган. Аталган окуядан соӊ мусулмандарга болгон элдин жек көрүүсү күчөп турганда сценарист Глория Перез маалымат жыйынын өткөрүп, сериалда саясат менен динге басым жасабаганын айтып актанууга барган.

ЛУКАС МЕНЕН МЭЛ СҮЙҮШКӨНДӨР...
Баш каармандардын ролун ойногон актёрлор Мурилу Бенисиу (Лукас) менен Жованна Антонелли (Жади) сериалдан кийин да сүйүү мамилесин улантышкан. Экөө уулдуу болушуп, тилекке каршы, ажырашып кетишкен. Учурда Мурилу аталган сериалда кызы Мэлдин ролун ойногон актриса Дебора Фалабела менен мамиле куруп, жарандык никеде жашап жатканы белгилүү. Бул сериалдан кийин дагы бир жуп Вера Фишер (Иветти) менен
Лусиано Шафир (Зейн) мамиле курушкан.

АРАБДАРДЫН "ХАБИБИ" ЫРЫ МОДАДА
«Клондон» кийин айымдар арасында жеӊи тилинген көйнөктөр, «Жади» деп жазылган жоолуктар мода болуп кеткен. Ырчылар да жөн отурбай Жадиге арнап ыр чыгарып жибергенин билсеӊиз керек. Ал тургай "Тату" тобунун солисткасы Юлия Волкова дал ушул тасманын таасиринен ислам динин кабыл алганын маегинде айтканы бар. Ал эми Жади бийлеген арабдардын "Хабиби" деген ыры ошол жылдардын хити болгону анык.



"Даӊазалуу кылым"

ЭКРАНДА
Түркияда 2011-жылдын 5-январынан, Орусияда («Домашний» телеканалында) 2012-жылдын 14-январынан баштап көрсөтүлө баштаган.

СЕРИЯЛАРДЫН САНЫ
4 сезондон турат, жалпысынан 139 серия. Ар бир сериясы 90-140 мүнөттөн. 50дөн ашуун өлкөдө көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргызстанда 2013-жылдын 21-октябрынан баштап улуттук телеканалда көрсөтүлө баштаган.

2 СЕЗОНУ 2 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ТАРТЫЛГАН
Аталган сериал Түркия кинематографиясында эӊ кымбат долбоор болгону белгилүү. Интернет булактарында алгачкы 2 сезонуна 2 миллион доллардай сарпталганы айтылат. Ал эми баш каармандар ар бир сериясы үчүн баштапкы сезондорунда Халит Эргенч 25 миӊ доллар, Мерьем Узерли 20 миӊ доллар алып турушкан.

СЦЕНАРИСТИ АЛМАШЫП...
Курч сюжеттүү тарыхый драманын сценаристи Мерал Окай аны улуу аскер башчы жана реформатор Сулейман султандын башкаруу тушундагы жылдар, ал тууралуу китептерде жазылган реалдуу окуялар таасирленткенин айтат. Сценарист сериал тартуу идеясы 2008-жылы жаралганын жана бул сунушун алгач продюсер Тимур Савжыга билдирген. Мерал Окай 2012-жылы өпкө рагынан каза тапканына байланыштуу анын жумушун жардамчысы Шахин Йылмаз улантып кеткен.

ТҮРК ПРЕЗИДЕНТИ СЫНДАГАН
Түрк радио жана телевидениесине «Даӊазалуу кылым» сериалында тарых бурмаланып жатканына нааразы болгон көрүүчүлөрдөн 70 миӊге жакын кайрылуу түшкөн. Ал эми түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган киножаратуучуларды «жаштарга Түркиянын тарыхын жаман тарабынан көрсөтүп жатасыӊар» деп айыптаган.

ХАНЗААДА МЕХМЕТ МЕНЕН АЙБИГЕ КЫЗ-ЖИГИТ...
Хүрремдин улуу баласы ханзаада Мехметтин ролун ойногон актёр Гүрбей Илери менен крымдык ханбийке Айбиге хатундун ролун ойногон актриса Эзги Эйүбоглу сериал тартылып жаткан убакта кыз-жигит болушкан. Мындан сырткары Окан Ялабык (Ибрагим паша) менен Сельма Эргеч (Хатиже султан) кыз-жигит деген кептер тараган.

ХҮРРЕМДИН БЕШИК ЫРЫ ЭЛ ООЗУНДА
Азыр ар бир айылдын Сулейман султаны, амалкөй Хүрреми, көз жашы тыйылбаган Махидевраны, иш билги Ибрагим пашасы, тымызын жүрүп баарын жайгарган Сүмбүлү жана мачо Бали бейи бар. Жадакалса концерттердин аталышы да «Даӊазалуу кылым» болуп кеткен. Хүрремдин "Ой, лю люли" деген бешик ырын укпаган адамдар саналуу эле болсо керек. Сериалдагы айымдар тагынган диадема, мончок-шурулар, асем жасалгалары хит болгонун ким танат?!

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (71)
aigerimkeneshkyzy
2015-03-20 10:25:33
саламатсыздарбы супер инфо?клондогу Латифа жонундо дагы маалымыт берип койунуздарчы сураныч
0
admin_superstan
2015-03-20 10:38:02
aigerimkeneshkyzy, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
0
nur16
2015-03-22 13:38:01
aigerimkeneshkyzy,латифа дороги индии деген кинодо машенницанын ролун жаратыптыр го кино 2010 жылы тартылган
0
maks93
2015-03-20 14:52:06
Даназалуу доор!
0
Ajar.
2015-03-20 20:03:30
Кыргызстанда улуттук телеканал барбы, ал кайсы?
0
Ajar.
2015-03-20 20:05:53
"Ал эми баш каармандар ар бир сериясы үчүн баштапкы сезондорунда Халит Эргенч 25 миӊ доллар, Мерьем Узерли 20 миӊ доллар алып турушкан."

Сүйлөм бир аз түшүнүксүз...
0
Ajar.
2015-03-20 20:15:45
"...киножаратуучуларды..." эмнеге бирге жазгансыңар, анда кино тартуучу дегенди да бирге жазуу керекпи?...
0
nurik2103
2015-03-21 09:57:26
Экооно тен кызыкпадым,жадини сигандарга окшотом, мага корейский сериалдар жагат тамгенден башкасы
0
Ashka
2015-03-21 14:23:24
Кл0нду анча коргон эмесмин. Хуюремди болсо жатып алып артынан кууп коргом.
0
beva63
2015-03-21 22:01:01
клон жагат
0
Aitmatov
2015-03-22 10:02:18
Даназалуу кылым...
0
Meruet84
2015-03-22 14:43:39
Даназалуу доор жакшы тартылган , мусулмандардын дуйнолук орду канчаалык денгээлде экени корсотулгон.Ал эми азыркы батыш кинолорун корсон , мусулман олколорун жарды онукпогон , карангы , жан кечти кылып корсотуп тартып жатышат .Клон сериялы да менин оюмча нак чагылдырып тартылбаса ушундай мааниде тартылган .
0
talantbektegin
2015-03-22 16:37:52
Даназалуу доор тажатып жиберет экен мен коруп атып тажап кеттим Клоондон андай болгон эмес
0
elif
2015-03-23 01:30:11
Danazaluu kilim bolgon okuya birok bir az korkomdolgon oshol uchun bul jagat,korkomdolboso ech kim kormok emes
0
Raha83
2015-03-23 04:57:24
Экоосу тен бири биринен кем калбаган мыкты кинолор даназалуу доор кобуроок жакты
0
femidakg
2015-04-11 10:06:09
Мага экоосу тен жагат.
0
st1m_
2015-04-12 22:04:47
Мага Латифа абдан жагат ох атангору
0
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан