Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 20-25 жаштардагы келин өзүнүн жаӊы төрөлгөн ымыркайын 20 миӊ сомго сатканы жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында бала саткан кылмышка шектелип ымыркайдын апасы жана 2 дарыгер кармалган. Ымыркайдын апасынын жанынан далил катары 100 доллар жана 3500 сом табылган.
«АСЕЛ КЫЗЫН САТАМ ДЕП ӨЗҮ ЧАЛГАН»
Кылмышка шектүү деп кармалган «Тез жардам» кызматынын кызматкерлеринин бири Айжан (белгилүү себептерден улам каармандардын ысымдары өзгөртүлдү) окуя тууралуу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Мен 1965-жылы Бишкек шаарында туулгам. Учурда Кара-Балта шаарында жашайм, күйөөм менен ажырашып кеткем. Бишкек шаардык «Тез жардам» кызматында врач-педиатр болуп иштейм. 27-февраль күнү Асел мага телефон чалып, «эже, менин 2 кичинекей кызым бар, аларды бага албай жатам. Кичүү кызымды берем, бирок мага 15 миӊ сом керек. 10 миӊ сому паспорт жасатканга, 5 миӊ сому Орусияга кетүүгө жол киреге» деди. Мен өзүм менен иштешкен Айсалкын аттуу медайымга телефон чалып, бул тууралуу айтсам, ал «тааныштарымдан сураштырып көрөйүн» деди. Ошол күнү Асел кайра-кайра телефон чалып «акча качан болот, эртелетеличи» деп жатты. Кечинде Айсалкын телефон чалып кардар тапканын билдирди. Экөөбүз наристени алчулар менен ЦУМдун жанынан жолуктук. Ал жерден Айсалкын тигилер менен 20 миӊ сомго сүйлөшкөнүн, 15 миӊ сомду кыздын апасына берерибизди, 5 миӊ сомду экөөбүз бөлүп аларыбызды айтты. "Азыр тиги келинде болгону 10 миӊ сому бар экен, калганын 2 күндөн кийин берет" дегенинен мен макул болдум. Анан биз Аселге эски автобекеттин жанынан жолугуп чогуу Кара-Балтага бардык. Ал кызын курбусунун үйүнө таштаптыр, аны алып чыгып «сатып алам» деген келинге бердик. Акчасын Айсалкынга карматты, андан мен алып санап, ымыркайдын апасына бердим. Бишкекке кайтып, Асел Фучик көчөсү тараптан түшүп калган. Айсалкын экөөбүздү милиция кызматкерлери Манас менен Чүй проспектилеринин кесилишиндеги аялдамадан кармап кетишти.
«ВРАЧ-ПЕДИАТР ЭКӨӨБҮЗ 5 МИӉ СОМДУ БӨЛҮП АЛМАКПЫЗ»
Дагы бир кылмышка шектүү Айсалкын болсо кылган ишин мындайча түшүндүргөн:
– Мен 1975-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулгам, учурда Бишкек шаарында жашайм. Бишкектеги «Тез жардам» кызматында медайым болуп иштеп келгем. 27-февраль күнү мага Айжан эже телефон чалып, «17 жаштагы кыз алданып калып, ата-энесине билдирбей төрөптүр. Балага муктаж тааныштарыӊ болсо айт» деп абалды түшүндүрдү. Мен макул болуп Гүлжан деген таанышыма айткам. Ошол күнү кечинде бир бейтааныш келин «Мен Гүлжан аркылуу чалып жатам, сиздерде ымыркай бар турбайбы, ошону биз алсак болобу, сиӊдиме керек эле?» деди. Мен Айжан эжеге чалып, кызды алчуларга, кызын сатчу келинге Бишкектен жолуктук. Анан Кара-Балта шаарына барып ымыркайды алып, кайра Бишкекке келгенде бизди укук коргоочулар кармап кетишти.
«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КАБАРЛАДЫК»
Ал эми кызды сатып алмакчы болгон Гүлниза окуя тууралуу буларды билдирген:
– 27-февраль күнү жумуштан үйгө келсем кызым «мага сиӊди багып бериӊизчи, кошуналар айтып жатышат, бир келин өзүнүн кызын таштап кетет экен» деди. Сиӊдимдин кызы жок эле, ага бул тууралуу айтсам макул болду. Анан кошунама барсам «Айсалкын деген таанышым айтып жаткан, өзүӊ сүйлөшүп көр» деп анын телефон номерин берди. Ага чалсам «кызды бекер бербейбиз, 20 миӊ сомго сатабыз» деди. Эртеси жумушка келип акча сураштырып, чогуу иштеген Самат деген балага бул тууралуу толук айтып бердим. Ал милиция кызматкерлерине билдирели дегенинен макул болдум.
ЫМЫРКАЙДЫН АПАСЫ ТЕРГӨӨДӨ АЛГАЧ ЖАЛГАН МААЛЫМАТ БЕРГЕН
Ал эми ымыркайдын апасы алгачкы суракта мындай көрсөтмө берген:
– Атым Асел. Талас облусунун Кара-Буура районунда 1990-жылы төрөлгөм. Учурда Кара-Балта шаарында бир тууган иним, 2 жарым жаштагы жана 3 айлык кыздарым менен батирде убактылуу жашайм. Ата-энем мен кичинекей чагымда ажырашып кетип, апамдын колунда калгам. Апам 2003-жылы төрөттөн каза болуп калган. Атам да өлгөн. 4-класска чейин Талас шаарындагы мектеп-интернатта, андан соӊ Кара-Балта шаарындагы №1-орто мектепте окудум. 2010-жылдан тарта Асек аттуу жигит менен жарандык никеде жашап жүрүп, экинчи кызым боюмда бар кезде ажырашып кеттик.
2015-жылдын 27-февралында кызыма буламык алуу үчүн Айжан аттуу тааныш эжеге телефон чалып, карызга 500 сом сурадым. Ал «2 кызыӊ менен иниӊди кантип багасыӊ? Менин бир тааныш эжемдин 2 уулу бар, кызы жок. Жакшы турушат, кичүү кызыӊды ошого бербейсиӊби, багып алсын» деди. Мен ойлонуп, акыры макул болдум. Ошол эле күнү кечки саат 19:00 чамасында Айжан эжелер телефон чалганынан Кара-Балта шаарынан Бишкекке келип, эски автобекеттин жанынан ага жолуктум. Анын жанында Айсалкын аттуу бейтааныш эже, анан кызымды алчу Гүлниза аттуу дагы бирөө бар экен. Биз такси менен кайра 22:00 чамасында Кара-Балтага барып, мен үйдөн кызымды кийинтип алып чыгып Бишкекке жөнөдүк. Кара-Балтадан чыга бергенде Гүлниза эже «дааратканага барам» деп машинаны токтотуп, ал жерден «бул ооз басырык, ыраазычылыгым. Сыртка чыкпай тур» деп чөнтөгүмө акча салды. Мен эч жаман оюм жок эле акчаны алгам. Анан Бишкекке жеткенде кызымды ага берип, өзүм машинадан түшүп калганда милиция кызматкерлери мени кармашты. Мен ал эжеден кызым үчүн эч кандай акча сураган эмесмин, кызымды сатайын дегем оюм жок болчу, бага албагандыгыма байланыштуу ушундай чечимге келгем. Мага жардам бере турчу туугандарым жок.
Кийин гана ымыркайын сатууга шектелип кармалган келиндин көрсөтмөлөрү жалган экендиги, аты-жөнү башка, ата-энеси тирүү экендиги аныкталып, көп маалыматтарды жашырып койгондугун моюнуна алган.
«КЫЗЫМДЫН ТӨРӨГӨНҮН БИЛБЕПТИРМИН»
Ал эми Асел делген кылмышка шектүүнүн апасы Динара да күбө катары суралып, кызы жана окуя тууралуу буларга токтолгон:
– Өзүм Аламүдүн районундагы ГЭС-2 конушунда 2 уулум, кызым жана жарандык никедеги жолдошум менен жашайм. Биринчи күйөөм менен 2003-жылы ажырашып кеткем. Кызымдын аты Асел эмес, Арина. Ал 1994-жылы Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Мектепте жакшы окучу, мугалимдеринен ал тууралуу жаман кеп уккан жокмун. 2011-жылы 11-классты аяктаган соӊ жогорку окуу жайга тапшыра албай калып, ар кайсы кафелерде официант болуп иштеп жүрдү. 2012-жылы кара-балталык Асек деген бала менен сүйлөшүп жүрүп, 2013-жылы 6-июнда кыз төрөгөн. Азыр ал кызын мен багам. Арина биз менен чогуу жашачу, бирок экинчи кызы боюнда бар экенин билген эмесмин. Бир жолу 2014-жылдын декабрь айында «ооруп калдым» деп Бишкек шаарына барып ооруканага жатып келген. Көрсө, ошондо төрөптүр да.
25-февралда Аринага бирөө телефон чалып экөө сүйлөшүштү. Анан мага «мени менен чогуу иштеген Тина деген эже кызын бала багуучуга бактырат. Ал бала багуучусуна 500 сом алып барып берип койчу деп суранып жатат» деп үйдөн чыгып кеткен. Жарым сааттан кийин мага телефон чалып «бала багуучусу кызды жакшы карабай жатыптыр, үйгө алып бара берейинби?» деди. Макул болдум. Арина аз өтпөй такси менен кызды алып келди, болжол менен 3-4 айлык кыз эле. Кайра кечинде «жумушка кеттим» деп кетти. Ошентип ал жумушка барып-келип жүргөндө кызды мен багып жаткам. 28-февраль күнү Арина бир аял менен келип, «Бул эже Тина эженин туугандары болот, кызды алып кетет» деди. Тиги аял кызды алып такси менен кетти. Ошол эле күнү кечке жуук Арина телефондон бирөөлөр менен «Аламүдүн» базары тарапка келгиле» деп сүйлөшүп жаткан. Анан өзү үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон келген жок.
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы бул кылмыш боюнча учурда иликтөө жүрүп жаткандыгын, ымыркай эмчекте болгондугуна байланыштуу апасында калганын билдирди. Ал эми «Тез жардам» борборунун жетекчиси Жаркынбек Касымбековдун айтымында, кылмышка шектелип кармалган «Тез жардам» кызматкерлери тергөө аяктаганча убактылуу кызматтарынан четтетилген.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg