АШКАНАДАГЫ «АКЫЛДУУ» ГАДЖЕТТЕР

Техника өнүккөн сайын улам жаӊы чыккан нерселер адамдардын кызыгуусун арттырып келет. Кожойкелердин оорун колдон, жеӊилин жерден алган ашкана техникалары да өнүгүүнүн алдыӊкы сабында. Пайдалуу жана кызыктуу ашкана гаджеттеринин бир нечеси тууралуу төмөндөгү макаладан маалымат алып, таанышып алыӊыз.

КАШЫК ТАППАЙ КАЛГАНДА...
Айрыкча кеӊсе кызматкерлери компьютердин маӊдайында отуруп, эптеп убакыт таап кофе даярдап келет дагы, аралаштырайын деп иш столун сыйпалап кашык таппай калат эмеспи. Ушундай учурлар үчүн жана кашыкка баргандан эринген жалкоолор үчүн «торнадо» кружкасын ырас эле ойлоп табышыптыр десек болот. Кружканын түбүндө батарейка менен иштеген дилдиреги бар. Кармагычынын бармак тушундагы баскычын басканда кружканын ичиндеги дилдирек иштеп, суюктукту айлантып, аралаштыра баштайт. Көбүрөөк иштетсеӊиз, кофенин же чайдын тезирээк муздашын да камсыздайт.

  1. Кружка суюктукту аралаштырып гана тим болбостон, белгилүү убакытка чейин жылуулукту да сактап турат.
  2. Сатып алып жатканда капкагы менен талап кылыӊыз. Капкагын жаап алып дагы ичүүгө ылайыктуу.
  3. Көлөмү 350 грамм.

Бишкектеги орточо баасы – 350 сом

«АКЫЛДУУ» КРУЖКА
Кружканын артыкчылыгы – анын ичинде эмне суюктук болсо, анын температурасы сыртындагы сан мамычасы аркылуу көрсөтүлүп турат. Ошондой эле кружканын сыртындагы лампочкага көӊүл буруӊуз. Эгер ал кызыл болуп күйүп турса, демек, ичиндеги суюктук ысык, саргыч болуп турса анда жылуу, ал эми көк болуп күйүп турса, демек, ичиндеги суюктук муздап калган деп ойлой бериӊиз.

  1. Температураны билдирип туруучу лампочка качан адамдын колу тийгенде гана күйөт. Демек, кружка сенсордук.
  2. Ичиндеги суюктуктун температурасын 3 саатка чейин кармап турат.
  3. Ичинен дат баспай турган болот менен, сырты полипропилен менен капталган.
  4. Эки даана ичке батарейка менен иштейт.
  5. Көлөмү 400 грамм.

Орточо баасы – 1000 сом

ТЕРМОБАШТЫК ЖАНА ЧӨЙЧӨКТӨР ТОПТОМУ
Жаз келип, адамдар табият коюнунда эс алууну самап турган чагы. Буюрса, күн кылтыйса эле, баарыбыз жамыраган жазгы козудай болуп тоо тарапты көздөй эс алууга сапар алабыз. Албетте, күндүн шааниси муздак суусундуктар менен көркүнө чыгат эмеспи. Аларды муздак боюнча сактап алып жүрүү үчүн сизге термобаштык жардамга келет. Муздаткычтан каалаган суусундук же ширени алып чыгып термобаштыкка салыӊыз. Анын ичи атайын температураны бир нече саатка сактап туруучу материал менен капталып, көтөрүп жүрүүгө ылайыктуу келип, айнек идиштердин сынып калуу коркунучун алдын алат.
Ошондой эле жыйнаганга ылайыктуу жана сынып калат деп кооптонбой колдоно бергенге чөйчөктөр топтому абдан ыӊгайлуу. Бул топтомду талаа жеринде да колдонгонго болот. Түркүн түстүү чөйчөктөрдү бири-бирине кийиштирип, эӊ сырткы банкасына батырып салып коюуга ылайыкталган. Банкасынын бийиктиги 17 сантиметр.
Орточо баасы – 150-250 сом
Орточо баасы – 150 сом

КАМЫРДЫ ТЕКШИ ЖАЯМ ДЕСЕӉИЗ...
Биринчи көргөндө бул үбөлүктү кадимки ата-бабабыз колдонуп келген илгерки ашкана буюму эле турбайбы деп ойлойсуз. Бирок башындагы бурамалары кызыгууну туудурат. Үбөлүктүн эки башындагы бурамага бекитилген беш түрлүү шакекчелер бар. Эгер калыӊ камыр жайыш керек болсо эӊ чоӊ, бешинчи шакекчени салып алып жаясыз. Шакекче үбөлүктүн тактайга текши тийишин камсыздап, натыйжада камырыӊыз бирдей калыӊдыкта жайылат. Эми каалооӊузга жараша улам ылайыктап, бирден шакекчени чыгарып салып камырыӊызды жукартып жайып ала берсеӊиз болот.
Орточо баасы – 1200 сом

АШКАНА КАЙЧЫСЫ
Кайчыны жалгыз эле кездеме кесип, бычып-тигүүдө гана колдонот деген ойду бул буюм четке кагат. Кадимки тамакка кошчу көк чөптү тез аранын ичинде майдалап ийчү кайчыга эми ашканадан да орун берсеӊиз болот. Мунун артыкчылыгы, сиз көк чөп кескен кайчы менен убактыӊызды үнөмдөп жана бычак менен туурап жатканда колуӊузду кесип алуу коркунучунан арыласыз. Анын тиштери 5 катар мизден туруп, чөптү кескилегенде 5 эсе ылдамдыкта ишке ашат. Немис өндүрүүчүлөрү кайчыны жууш оӊой экенин айтышат. Крандан аккан сууга тосуп, кадимки кыл калем менен жууп койсо көйгөй чечилет.
Орточо баасы – 1500 сом

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
dinaj
2015-03-16 10:31:03
оо соонунго бул кайсыл жактын ойлоп тапканы экен
0
Aisanat
2015-03-16 13:48:56
Эч кандай деле инновация эмес го. Эчактан бери эле колдонуп келе жаткан оокаттар.
-1
uliana
2015-03-16 20:59:18
Ооба сонун экен. Мага кружкалары озгочо жакты
0
Aiaium
2015-03-17 01:37:43
Уболукту кайдан сатып алса болот экен мага абдан жакты.
+1
luch.sveta
2015-03-17 12:18:43
эн соонун аябай жактыыыыы
+1
Ern
2015-03-18 12:32:18
Ушинтип отуруп бүт аял заты жолкоо болуп бүтмөй болду, хм десе!
+1
aika_7777777
2015-03-18 15:18:58
Эмне ошентсе эле жалкоо болуп. калат бекен. Аял кишисиз жашоонорду элестете албайм эки кундо бомж болуп каласынар го
0
Ern
2015-03-18 20:37:05
aika_7777777,

Туура аял кишилер жок мен деле өз жашоомду элестете албайм,бирок өзүңөр ойлоп көрсөңөр мурда аял заты кандай эле, ал эми азыр кандай?ушундай жеңил оокаттар чыгып өнүккөн сайын артка кеттат эмеспи?
0
Zamknutaya92
2015-03-18 22:08:06
Комментарийдин тексти
Уболук жакты озу дагы камырды коп жаят элем. Эми сатып алам
+1
ussr7
2015-03-21 10:55:44
Убакытты уномдойт
0
Sultanim
2015-03-22 12:03:46
Murun erkek kiwi kandai ele azr kandai?..
0
football1
2015-04-27 03:27:48
уболукту кайсы сайттан корсо болот
+1
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан