МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ ЗОРДУКТАШКАНБЫ?

Мындан 2 жыл мурун Лейлек районунда 16 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адамдар тарабынан зордукталып, кийин уул төрөгөн. Жабырлануучу аны милиция кызматкерлери зордуктаганын айтат. Кылмыш ишин тергөөдө милиция кызматкерлерине каршы жетишерлик далил табылган эмес.

Бүбүсара Рыскулова: «МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИМИН, ЭЧ НЕРСЕ КЫЛА АЛБАЙСЫӉ ДЕГЕН...»
Лейлек РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан зордукталып, кийин төрөгөн деп айтылып жаткан жабырлануучу кыз менен байланышууга мүмкүн болбоду. Ага моралдык, юридикалык жактан жардам көрсөтүп жаткан «Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Исфана шаарынын тургуну бизге арыз менен кайрылган. Жабырлануучулардын айтуусунда, 2012-жылдын октябрь айында Лейлек районундагы айылдардын биринин тургуну, 15 жаштагы өспүрүм кыз апасына таарынып үйүнөн чыгып кетип, кечинде үйүнө келбей калат. Апасы кыжалат болуп, милиция бөлүмүнө «кызым жок» деп арыз жазган. Кызы коӊшу айылда жашаган эжесиникине кеткендиктен, милиция кызматкерлери издегенче эле кайра үйүнө келип калат. Апасынын жазган арызы Лейлек РИИБинде катталып калгандыктан 2012-жылдын 4-ноябрында Талант Жалилов аттуу милиция кызматкери арыз ээсинин үйүнө барып, «арызды каттоодон алуу үчүн кызыӊыз кайда, эмне кылып жүргөндүгү туурасында сурашым керек» деп кызды өзү менен кошо алып кетет. Ал кызматкер кызды аэропорт тарапка алып барып зордуктап, «апаӊа же бирөө-жарымга айтсаӊ өлтүрөм. Мен милиция кызматкеримин, эч нерсе кыла албайсыӊ» деп коркутуп, кыздын айылдашын кезиктирип калып, ага «муну үйүнө жеткирип кой» деп кетип калыптыр. Кыз окуя тууралуу эч кимге айтпай түнт болуп жүрө берет.
Ошол эле жылдын 19-ноябрында Жалилов жабырлануучу кыздын апасына телефон чалып, «кызыӊыз туурасындагы арыз каттоодон чыкпай калган эле, жиберип коюӊуз» дегендиктен, эне кызын 20-ноябрда Лейлек РИИБине жөнөтөт. Жалилов ал кызды унаасына салып алып «Саякат» деген мейманканага алып барып, күч колдонуп дагы зордуктаптыр.

«АРЫЗДЫ ТАКСИСТ ЗОРДУКТАДЫ ДЕП ЖАЗАСЫӉ ДЕПТИР»
– Жалилов кызды ар кандай шылтоо менен улам чакырып алып, Мураткан Муратов аттуу кесиптеши экөө «сен өзүӊ жеӊил ойлуу кызсыӊ» деп мазакташып, зордукташыптыр. Кыз бир таксиге отуруп үйүнө кеткен экен. Эч кимге айтпай жүрө берип кыздын боюнда болуп калган. Мектеп, айыл ичинде ал жөнүндө ар кандай сөздөр жүрө баштаганда гана эмне болгондугун айтып берген. Энеси милиция кызматкерлеринин үстүнөн Лейлек РИИБине арыз менен кайрылат. Жалилов менен Муратов кызды коркутуп, «арызды "мени үйгө жеткирген таксист зордуктады" деп жазасыӊ, болбосо өлтүрүп салабыз» деп таксистке каршы арыз жазууга мажбур кылышат. Айыпталып жаткан таксист беттешүүгө келип, «мен сенин колуӊду да кармаган эмесмин. Эмнеге мени айыптап жатасыӊ?» десе, кыз ыйлап «мени коркутуп жаздырышты» дептир. Ал таксист жигиттин жактоочусу Жогорку Сотко келгенде жолугуп сүйлөштүм. Муратов таксистке «50 000 сом бересиӊ, болбосо сени камайм» десе, ал жигит эптеп 25 000 сом таап бериптир.

«ДНКны ТЕКШЕРҮҮДӨ БАЛА 99 ПАЙЫЗ ЖАЛИЛОВДУН УУЛУ БОЛУП ЧЫКТЫ»
– 2013-жылы 22-августта Баткен облустук төрөт үйүндө кыздан кан кетип, аябай кыйналганда операция жолу менен төрөтүшөт. Ошол учурда бизге, акыйкатчыга кайрылышкан. Баарыбыз биргеликте 26-сентябрда Бонецкий лабораториясында баланын ДНКсын текшертсек, 99 пайыз Жалиловдун уулу болуп чыкты. Ал делодо тиркелип турат.
Өспүрүм кызды зордуктаган милиция кызматкерлеринин иши менен таанышып чыксак, ал жерде «зордуктоо» деген беренени кошушпаптыр. 2014-жылдын 9-октябрында Кадамжай райондук соту "зордуктоо боюнча далилдер жетишсиз" деп таап, аларды «кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси менен күнөөлөп, бирин 2, экинчисин 1 жылга эркинен ажыраткан экен. Жакында эле Жогорку Сот карап чыгып, Ош облустук сотуна кайра кароого жиберди.
Жабырлануучуларга жардам керек. Журналисттер, акыйкатчылар, жактоочулар бул иш боюнча сотко катышып, аларга жардам беришиӊерди суранат элем. Кыздын атасы каза болуп калган экен. Апасы 2-топтогу майып. Эжеси турмуш куруп, өзү менен өзү. Агасы Орусияда иштейт. Кыз моралдык колдоого аябай муктаж болуп турган учуру. Бизге эки ирет келип, жашап кетти. Акыл-эси, жүрүм-туруму жакшы, келбети татынакай, «келин кылып алсам» деп кыялдана турган кыз. Зордукталгандан кийин депрессияга кабылып, окубай да калыптыр. Турмуш шартына байланыштуу кийин баласынан баш тартыптыр. Наристе учурда кимдин колунда экени туурасында менин так маалыматым жок. Биздин укугубузду коргойт деген кызматкерлер ушундай ишке барып жатышса, сот аларды такыр башка берене менен соттоп, жоопкерчиликтен жеӊил куткарып койгон. Алар эркиндикке чыгып дагы башка бирөөнү зордуктабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Аларга адилеттүү жаза бериш керек болчу.

«АЛ КЫЗ ҮЙҮНӨН БИР ТОП ЖОЛУ КАЧКАН ЭКЕН»
Жабырлануучу тарап райондук соттун өкүмүнө каршы болуп, Баткен облустук сотуна доо арыз менен кайрылышкан. Баткен облустук соту аны кайрадан Кадамжай райондук сотуна «кайра карап чыгууга» жиберген. Жабырлануучулар жергиликтүү сотторго ишеним жок экенин билдирип, Жогорку Сотко кайрылышкан. Жогорку Сот Ош облустук сотуна жиберген. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Дамира Юсупова окуя боюнча буларга токтолду:
– 2012-жылы Исфана шаарынын тургуну Лейлек РИИБине «кызым жоголуп кетти, таап бергиле» деп арыз жазган. Аны кызматкерлер таап келишкен. Кыз атасы жок тарбияланып, жеӊил ойлуу болуп, ага чейин да бир топ ирет үйүнөн качып кетип жүргөн экен. 2013-жылы 6 айлык боюнда бар кезде «Лейлек
РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери мени зордуктаган, боюмда болуп калды»
деп арыз жазган. Ошол эле замат кыз айыптаган кызматкерлер жумушунан убактылуу четтетилип, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бирок кыз жеӊил ойлуу болгону үчүн ал ким тарабынан зордукталганы экспертизада так аныкталган эмес. Муратов Мураткан Эшанович 2014-жылы, ал эми Жалилов Талант Манапович 2015-жылы 14-январда жумуштан айдалган. «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жабырлануучу кыздын айтуусуна таянып эле маалымат берип жатат. Сот аларды "зордуктоого айыптуу" деп тапмайынча "үч жолу зордуктаган" деп айтууга эрте. Балким, ал кыз догурунуп жаткан чыгар. Кылмыштарга айыпталып жаткан мурунку милиция кызматкерлери учурда Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта.
Өспүрүм кыз төрөгөн бала чындап эле аны зордуктады деп айыпталып жаткан милиция кызматкеринин уулу экендиги ДНКдан далилденсе, эмне үчүн сот ага маани берген эмес? Ошондой эле милиция кызматы эмнеге таянып, ал өспүрүм кызды "жеӊил ойлуу" деп атап жатат? Бул иш кантип аяктайт, сот жыйынтыктарына биз да көз салып турмакчыбыз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
bakyt9
2015-03-17 23:09:53
Бул кыз биздин айылдан болот жургон турганы жакшына болчуу. Муну милициялар зордогону чын болуш керек. Канча жолу кыздын уйно барып коп суммадагы акча сунуш кылыптыр "арызынды кайтарып алсан сени келин кылып алабыз балабызга" деп зордуктаган милициянын ата энеси.
0
korsaromega
2015-03-17 23:55:58
Бизде чындык жок! Бут баары сатылат, сатылып алынат.Биз де бир жаш кызды 3-4 бала зордуктап, ошол зоокурлорду сот бошотуп берген, ал балдар Россияга кетип калган. Байкуш ата -энеси эмне кларын билбей, байкуш атасы ошол балдарды коргон жерден озум атам деп журот.Азыр эми ДНК тактаптыр. Ощол адам кейпин кийгендерди кайрадан сот карап, оор жазага тартыш керек. Сотко эл ишенбегендиктен "элдик" соттор коп болуп жатат.
0
Jamalym
2015-03-19 04:08:10
Баарынан да арасат торолгон куноосуз наристеге боорум ооруду.Ыйлап да алдым.
0
Sahok
2015-03-19 09:55:44
АЛЛАХ сактасын мекенибизде кандай иштер болуп жатат мындайда кыргызымдын абиийри кайда кетет.озу олум жазасын киргизиш керек болуп калды.
0
Janyla
2015-03-19 15:04:21
Тобоо!!!Женил ойлуу болобу, сойку болобу, кандай болсо да адам укугу деген бар го!!!
0
edi90
2015-03-20 17:51:47
Кыргызстандын милицияларына ишенген адам арам олот деген соз туура экен
+1
nusichka
2015-03-21 09:13:23
edi90 эмне учун антип ойлойсуз, 5 кол тен эмес да 2 милиция учун буткул Кыргызстандык милицияны жаман деп айтууга болбойт. Андай кыска ойдон алыс болунуз
0
nusichka
2015-03-21 09:23:18
Согуш болгондо уйдон чыга албай калганбыз. милиция кызматкерлери бизди коргойм деп канчасы олумго учураган бул нерселерди да эске алыш керек. зордуктаган мил.я кызматкерлерди олум жазасына алыш керек
+1
osmonsheraliev
2015-04-07 00:35:23
Милиция милициянын козун чукубайт.
0
saykal94
2015-04-07 19:45:39
ошон учун жаш кыздар абийиринерди сактагыла кеч киргенде уйдон чыкпагыла
0
saykal94
2015-04-07 19:48:50
милиция эмес башка болсо да эркек бала деген эркек бала кандай кундо да кыз бала эс акылы менен болуш керек
0
kyla490
2015-04-22 02:05:19
Тооба.Ачуу болсо да чындыкты айтуусун суранам урматтуу биздин Соттордон!!!
0
Sezim.A
2015-05-11 19:24:15
Мейли ал кыз кочодо коп жургон кыз болсун, аны деген мыйзам чегинде тартипке салыш керек да?!Шапкесин ал десе, башын кесип келбестен.Милиция кызматкери болобу,башкасы болобу колу менен жасаган ишти,башы(калласи)менен тартыш керек,коруп туруучу Алладан корколучу...
0
admin_superstan
2015-05-21 18:29:43
Gulnaz.GS, этика нормаларын сактаңыз! Азырынча эскертүү!
0
nurdin-05
2015-05-23 21:23:59
Апеей да ,женил ойлуу дегени кандай?15 жаштагы кызды зордуктаганы аз келгенсип 3 жолу дегни да болбойт дейби ?керек болсо колун кармаганг да укугу жок башын кесип салса соттоп моттоп башты оорутпай анда 1 жылга кессе соттор оздору женил ойлуу болуп жатпайбы а байкуш кызды килтейген эркектер зордуктап жатса кандай тушнсо болот ,андай эле болсо уйлонуп албайт беле зордуктабай.
0
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан