«Кел, экөөбүз отуруп сүйлөшөбүз. Сага айтчу сөзүм бар эле». Бул сөздөр баарына тааныш болсо керек. А мен эртеӊ сени менен болчу маегимди кантип баштаарымды дале билбей турам. Эсимде, сен мага «Эртеӊ жолуга аласыӊбы?» дегенде дене боюм титиреп башкача абалда болгом. «Эмне сөзүӊ бар эле?» деп сурабай макул боло койгом. Ал жолугушуудан бери туура 3 жыл өттү. Экөөбүз эгиз козудай ээрчишкен түгөйлөргө айландык. Башыбыздан кандай гана керемет күндөр өттү. Досторубуз менен тоого эс алганы барганда:
– Ишенесиӊби, мен сага сезимимди канча жыл айта албай жүрдүм. Аябай мүнөзү катаал адамдай туюлар элеӊ. Сага сүйлөгөндөн коркчумун.
– Койчу, калп эле ушинте бересиӊ. Чачы узун сүйлөшкөн кызыӊ бар эмес беле?
– Алар өттү да, кетти. Азыр сени сүйөм, сени менен өмүрүмдүн акырына чейин чогуу таӊ тосуп, күндү батыргым келет,- дедиӊ.
Бул сөздөр түбөлүк эсимде калган. Сенин жүзүӊ мага миллион жигиттердин арасынан эӊ сүйкүмдүүдөй туюлган.
Сен «Тамактандыӊбы? Жылуу кийиндиӊби? Ооруп каласыӊ» дей берчүсүӊ. Чын айтам, мындай камкордугуӊ мага аябай жакчу. Жарым саат акыбалымды сурабай койсоӊ асманым кулап, кызганып кетчүмүн. Мен сени катуу сүйдүм, кабагым кашым дебей ата-энемдин каршылыгына карабай сени менен турмуш курууга шаштым. Кыздар куру кыялдар менен эле болбогон жомокту өздөрү ойлоп таап алышат окшойт. Убакыт мени өзгөртүп салдыбы же менин жашоого болгон талаптарым өзгөрдүбү, билбейм. Бирок сенин коӊгурооӊ мени мурдагыдай бакытка бөлөп, ууртумда жылмаюу пайда кылбай калды. Сага азыр деле ойлонбой туруп «Жан, мен сени сүйөм, а сенчи?» дегениӊде, мен дагы «сени аябай сүйөм» деп жооп бере берем. А бирок көөдөнүм муздак бойдон. Бир кездеги алоолонгон сүйүү эмнеге өчүп калды? Дале түшүнбөйм. Бирок мен мурункудай күйүп-жанбай калдым. Бирок сени эмнегедир кыя албай койдум. Канча ирет сени менен коштошууга камынып, «экөөбүз эми чогуу боло албайбыз» деген сөздөрдү айта албай кала бердим. Жардам керек болсо дароо сага чалам, акча керек болсо, аны да сенден сурайм. А сен баштагыдай айланып-кагылып айтканымдын баарын аткара бересиӊ. Кээде сени жөн гана колдонуп жатканымды билип, боорум ооруп кетет. Эх, ушул менин ачыгын, туурасын бетке айта албаган мүнөзүм.
Мына азыр сенин номуруӊду терип жатып жүрөгүм баштагыдай дүкүлдөп, эмнегедир сени жоготуп алуудан чочулап турам. Жо-ок, чындыгына келгенде сени эмес, сенин камкордугуӊдан айрылуудан корктум. А балким, эртеӊ экөөбүздүн тагдырыбыз эки башка жолго түшөт. Жаным, мени кечиресиӊ, аны билем. Сен кек сактачу адамдардан эмессиӊ. Мени кечир!
Жазель
Нуркыз Курманбек кызы
lira@super.kg