Көпчүлүк бул спортчуну дүйнөнүн азыркы таптагы эӊ сулуу жана күчтүү айымы деп белгилешет. Ал айым ММА (эрежесиз эр уруш ассоциациясы) чебери, учурдагы UFCнын (абсолюттук эр уруш чемпиондугу) жеӊилбес чемпиону, «айымдардын Тайсону» каймана атына ээ болгон Ронда Роузи.
РОНДА ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Ронда Жин Роузи
Каймана аты – «Чуулгандуу», «Айымдардын Тайсону»
Туулган жылы – 1987-жыл, 1-февраль
Туулган жери – АКШ, Калифорния штаты
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 57 килограмм
Жетишкендиктери – Дзюдо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону, Пекин-2008 Олимпиадасынын коло медалчысы. Учурда жеӊил салмакта ММА чемпиону, UFC чемпиону. Айымдар арасында 3 жолу «Дүйнөнүн мыкты уруш чебери» деп табылган (2012, 2013, 2014).
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
"МЭЙВЕЗЕРДИ САБАП КОЁМ" ДЕЙТ
АТАСЫЗ ӨСКӨН
Ронда Роузинин балалыгы АКШнын Калифорния штатында өткөн. Атасынын өз жанын өзү кыйгандыгы оор залакасын тийгизип, Ронда турмуштун ачуу даамын жаштайынан эле сезип чоӊойгон. Дзюдо боюнча АКШдан чыккан алгачкы Дүйнө чемпиону (1984-жыл) болгон апасы Анна Мариянын тарбиясын көрүп чоӊойгон Ронда кичинесинен тарта дзюдо менен машыгып баштаган. Өзүнөн кийинки сиӊдиси Мария Бернс да спорттон алыс эмес, ал спорт журналисти.
СПОРТКО КЕЛИШИ
Ронда жаштайынан эле дүйнөгө таанымал спортчу болгусу келген. Ошондуктан бош убактысы машыгуу залында өтчү. Ал кыздарга тиешелүү эмес делген олуттуу уруш спортторуна кызыкчу. 17 жашында дзюдо боюнча жаштар арасында Олимпиадага катышып, алтын медалга ээ болгон. Ошондой эле дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондуктарында коло жана күмүш байгенин ээси. Өжөр спортчу Пекин-2008 Олимпиадасында да коло медалды багындырган.
ТАТАМИДЕН СЕГИЗ БУРЧТУККА
Сулуу спортчу ММАга 2010-жылы келип, ушул убакытта 11 беттеш өткөргөн. Татамиден октагонго (эрежесиз уруш ринги – сегиз бурчтук) өткөн спортчу анын бардыгында жеӊишке жетишкен. Чемпиондук үчүн финалдык беттешке чейин атаандаштарынын баарын 1-раундда эле жеӊип алат. Мындан улам аны «айымдар Тайсону» деп да атап калышкан. Буга чейин болуп көрбөгөндөй көрүүчүлөр чогулган финалдык беттеште Ронда Мишель Тейтти жеӊип, жеӊил салмак боюнча UFC чемпиону аталат.
ЭМИ ЭРКЕКТЕР МЕНЕН СЕГИЗ БУРЧТУККА ЧЫГАБЫ?
Ушул жылдын 1-мартында Ронда Роузи кезектеги чемпиондук наамын коргоо үчүн Кэт Зингано менен беттеш өткөздү. Беттеш 17 миӊ көрүүчүнү чогултса, билет сатуудан түшкөн каражат 2,7 миллион АКШ долларын чапчыды.
Аталган беттеш 1 мүнөткө жетпей аяктады. Ронда Кэт Зинганого каршы 14 секунданын ичинде жеӊиштүү ыкмасын жасай алды. Бул UFCнын жаӊы рекорду. «Октагондо атаандаштарына чыныгы коркунуч туудурган Рондага айымдар арасында теӊ тайлашкан эч ким жок калды. Эми ал эркектер менен беттешке чыкса болчудай». Бул беттештен соӊ UFCда мындай сөздөр байма-бай айтылууда. Мындай сөздөргө өзү: «Мен өзүмө эч кандай чек койбойм. Ким менен беттешпейин, аны утууга бардык мүмкүнчүлүгүм жетет»,- деп тим болгон.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Ронда жеке жашоосун дайым жашырып келет. Ал "ММА чебери менен эч качан мамиле түзбөйм" деген принципти карманат. Ошондой эле акыркы убактарда белгилүү тасмаларда да өзүн сынап келүүдө."Тасма айдыӊы мага жакты. Келечекте бул жаатка өзүмдү толугу менен арнайм",- деп айтат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg