Аталышы – «Айымдардын майрамына карата»
Өткөн күндөрү – 7-8-9-март (8-март күнү)
Өткөн жери – Кыргыз улуттук академиялык драма театры
Башталышы – 19:00
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Билет баасы – 500 сом
Афишада жазылгандай концерт 19:00дө башталды. Бул театрдын филармонияныкындай ички тартибинен улам болсо керек деп ишенбей жаттым. Себеби маданият чөйрөсүндөгү ырчы-чоорчуларыбыз концерттерин сөзсүз кечигип баштап бизди көндүрүп коюшкан. Сахнанын жасалгасын жупуну деп айтар элем. Картондон кесилип илинген «Дем» деген жазуу менен картон эшиктер качан түшүп кетет экен деп коркуп отурдум. Жигиттердин талантына болсо кеп жок.
«Дем» театры башкалардан айырмаланып, пантомима менен көбүрөөк көрүүчүлөрдү тартат эмеспи. Бул ирет да мындай стилден көрүүчүлөр куру калышкан жок. Айтмакчы, театрдын ачылганына быйыл 10 жыл толуп, концертин юбилейлик деп тартуулап жатышкан экен. Эски номерлерин кайталап койгондугун алып баруучу «күйөрмандарыбыз концерт болордо телефон чалып, эски номерлериӊерди коёсуӊарбы деп сурашат. Ошондуктан дайым кайталап келебиз» деп түшүндүрдү. Концертти коштогон ырчылар Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев, «Музаман» тобу болду. Жигиттердин баары жандуу үн менен ырдашты.
Эми кеп кезегин биздин залдагы көрүүчүлөргө бурсам. Деги качан концертте өзүбүздү маданияттуу алып отурганды үйрөнөбүз билбейм. Алпаруучу менен кошо жарышып көрүнгөн кепти сүйлөп, кыйкырып сын айтып жаткандар болду. Алпаруучу Кайрат Примбердиевди жарыялап кирип кетери менен «фонограмма менен ырдаба-а» деп бирөө кыйкырып да калды. Катарлардын ортолорунан темселеп ары-бери басып жүргөндөрү мындан көп. Кирип-чыга турган жумушу болсо концертке эмне келди дейм да. Айтор, залда элди карабайын дегеним менен, ушундай мүчүлүштүктөр көзүмө илине берип, 3 сааттык оюн-зоок кантип өткөнүн да билбей калдым. Ошентип майрамда көӊүл ачалы деп келген эл аягында туруп алып кол чаап, театрдын жигиттери 2 хорду катары менен ырдап бүткөнчө кетпей турушту.
Толик Сынчы