«МузАрт» тобу: «КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫ БИЗДЕ МЕГАПОПУЛЯРДУУ»

14-декабрь күнү Бишкекке Казакстандын белгилүү “МузАрт” тобу концерттик программасы менен келери көпчүлүккө маалым. Бул кабарды угарыбыз менен телефон жана интернет аркылуу топтун жигиттери менен байланышып, концерт алдында эксклюзивдүү маек курдук.

“МузАрт” ТОБУ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА:

  • 3 башкы ырчыдан тышкары түрдүү музыкалык аспапта ойногон 6 музыканты бар.
  • Дайыма жандуу ырдашат. Фонограмма эмне экенин билишпейт.
  • Топтун репертуарында ретро ырлар басымдуулук кылат.
  • Мейрамбек үйүндө көгүчкөн багат. Алардын саны 40ка жакындап калды.
  • Бош убакытта чогулуп футбол ойногонду жактырышат.
  • Кенжебек ырдоодон тышкары бокс менен машыгат.
  • «Kenzo» жана «Gucci» үлгүсүндөгү кийимдерди көп кийишет.

Сакен Майгазиев, 34 жашта, үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

Кенжебек Жанабилов, 27 жашта, үй-бүлөлүү, 1 уул жана эгиз кыздардын атасы.

Мейрамбек Бесбаев, 33 жашта, үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

– Саламатсыңарбы? Келе жаткан Жаңы жылыңар менен!
Кенжебек: – Саламатчылык! Рахмат, бирге болсун.
– Жаңы жыл демекчи, жыл сайын Жаңы жылды кандай тосо­суңар?
Мейрамбек: – Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам эмеспи. Дасторкон жазып, сүйүктүү жубайың, балдарыңдын кашында жакшы тилек айтып, Жаңы жыл тосууга эмне жетсин? Ошондуктан биздин топ жыл сайын майрамга жакын гастролдорду токтотуп, үй-бүлөбүз менен өткөрөбүз.
– Сакен, Жаңы жылда жакын­дарыңа кандай белек берүүнү жак­тырасың?
Сакен: – Белек деген ар кандай болушу мүмкүн. Бирөөгө белек берүүдөн мурда анын эмне күтүп жатканы мен үчүн маанилүү. Мисалы, жубайыма белек берерден мурда курбулары аркылуу билип алып, күткөн белегин билмексен болуп берип коём. Ушундан улам “менин кыялымдагы нерсени кайдан билип алдың?” деп эле таң калып калат.
– Үчөөңөр тең үйлүү-жайлуу экенсиңер. Өнөрүңөргө гана эмес, өзүңөргө ашык болгон күйөрман кыздар болсо керек...
Кенжебек: – Албетте, бар. Бирок биздин күйөрмандарыбыздын көпчүлүгү өзүбүзгө эмес, өнөрүбүзгө ашык. Ал эми аша чапкан күйөрман кыздын окуясы тууралуу Сакен айтып берсин.
Сакен: – Кенжебек бул окуяны дайыма мага айттырат. Мейли эми айтып берейин. Күйөрман кыздар телефонумдун номерин каяктан болбосун билип алышат. Бир жолу жаңы эле номерди алмаштырарым менен СМС келди. Анда “сенден мага эч нерсенин кереги жок. Болгону, мага унутулгус бир түн тартуулачы!” деген делебени козгоо­чу сөздөр жазылган экен. Баарынан да жаңы эле өзгөрткөн номеримди билип алганы кызык болду. Ал кыз менен байланышка чыгып, жакшылап сурасам, жакын эле таанышымдан 50 долларга сатып алганын айтты. Айтор, ушул сыяктуу СМС-каттар көп келет.
– СМСке жооп жаздың беле?
– Албетте, менин сүйүктүү жубайым, уулум бар. Сенин бул жоругуң туура эмес деген сыяктуу сөздөр менен жооп бергем.
– Жубайыңар мындай учурда күйөрман кыздардан кызганабы?
Кенжебек: – Аялдар артистке турмушка чыгардан мурда өмүрүн ким менен байлап жатканын жакшы билиши керек. Аялым күйөрмандардан обу жок кызгана бербейт. Бирок аша чаап кеткени болсо чатак салып деле коёт.
– Сөз нугун чыгармачы­лыгыңар­га бурсак. Мейрамбек, тобуңар жө­нүндө айтсаң...
– Биздин топ 2001-жылы апрель айында уюшулган. Топтун башкы курамында мен, Сакен жана Максат деген жигит бар эле. Үчөөбүз Казакстанда өтүүчү “Жаш канат” деп аталган музыкалык сынак­тан таанышып калганбыз. Жакшы тааныш­тардан болуп жүрүп, чогуу ырдап чыгуу идеясы пайда болду. Анан топтун атын эмне деп атарыбызды билбей көпкө кыйналганбыз. Кызыктуу ат коюш үчүн сынак да жарыялап, сунушталган аттардын бирөөсү да жакпай койгон. Ошол күндөрдүн биринде Казакстандагы белгилүү актёр Сагадильда Усубалы ага “Муз­Арт” деп атабайсыңарбы?” деп сунуш киргизип калды. Чечмеленишин сурасак, “байыркы түрк тилинен “М” тамгасы – музыка, “уз” – жөнөкөй, ал эми “арт” – бийиктик деген маанини билдирет” деди. Аталышы да, түшүндүрмөсү да дароо эле жагып, ушинтип атап алдык.
– Максат Базарбаевдин топтон кетүүсүнө эмне себеп болду?
– Максат менен иштешип жүрүп, анын өзгөрүп кеткени аябай байкалды. Акыркы күндөрү биз менен тил табыша албай, бат эле урушуп кетчү болду. Жаман-жакшы айтышып калбайлы деген ниетте ажырашууну туура көрдүк.
– А Кенжебекти топко кандайча тандап алдыңар?
Сакен: – Максаттын ордун толук­тоочу ырчыны көпкө издедик. Биз менен иштеше алган таланттуу жигитти табуу оңой болбоду. Ушундай күндөрдүн биринде Мейрамбек экөөбүз бир ресторанга барып, Кенжебектин ырдаганын көрүп жактырдык. Топко кирүүгө сунуш кылсак каршы болгон жок.
– Максатка окшоп араңарда дагы бирөө жеке ырчы болом деп чыгышы мүмкүнбү?
Мейрамбек: – Мындай көрүнүштү убакыт көрсөтөт. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, азырынча топтон бөлүнүп жеке ырчы болуу тууралуу оюм жок.
– Мейрамбек, мындан бир жыл мурун сизди топтон чыкты деп уктум эле. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?
– Топтон кетти деген маалымат туура эмес. Ден соолугума байланыштуу убактылуу тыныгууга чыккам. Дарыгерлерге көрүнсөм рак деп да диагноз чыгарышты. Германияга барууга туура келди. Текшерилүүдөн өткөн соң богок оорусу деп жыйынтык коюшту. Германиянын Франфкурт шаарында эки ай дарыланып, илдеттен арылып келдим. Учурда ден соолугум чың, Кудайга шүгүр.
– Силер да тойлорго барып ырдайсыңарбы?
Кенжебек: – “Той – казактын казынасы” деп коюшат. Албетте, тойлорго ырдаганы барабыз, тапкан эмгек акыбыз менен жан багабыз.
Сакен: – Биздин жыртыгыбызды жамап жаткан той да, туурабы?
– Тойлордо бир ырды канча акчага баалайсыңар?
Мейрамбек: – Биздин ырлар кымбат да, арзан да эмес. Суммасын айтпай эле коёлу.
– Бир жылда канча ыр чыгара­сыңар?
– Кенжебек: – Биз үчүн көп ыр чыгаруу маанилүү эмес. Эң негизгиси, ыр уккулуктуу, мааниси терең, элге сиңимдүү болушу керек. Ырдын санын көбөйтүп эптеп ырдоо эмес, тескерисинче, майын чыгарып ырдоо басым жасайбыз.
– Кыргыздын кайсы ырларын биле­сиңер жана аткарып жүрөсү­ңөр?
– Сакен: – Казак-кыргыз бир тууган эмеспи. Силердин элдик, эски ырларыңардын баарын жакшы билебиз жана аткарып жүрөбүз. Мисалы, учурда сөзү А.Исаевге, обону С.Жумалиевге таандык “Таң сыры”, Ч.Сатаевдин “Арман ай” аттуу кыргыз ырларын созуп жүрөбүз. Алар Казакстанда мегапопулярдуу ырлардын катарын толуктайт.
– Силердин “Сен келерсиң” деген чыгармаңарды биздин жылдыздар ырдап жүрүшөт. Сурайын дегеним, аткаруучулар бири-бириңерден которуп ырдоого уруксат аласы­ңарбы?
– Мейрамбек: – Жок, уруксат албайбыз деле. Бирок ыр кимдики жана сөзү обону кимге таандык экени айтылышы керек.
– Жылуу маек куруп бер­­­­­­­­­гени­ңерге чоң рахмат. Бишкектеги концертиңер ийгиликтүү өтсүн.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Шаиста Шатманова
2009-12-15 13:41:22
Фонограмма эмес, бул жигиттердин жандуу унун угуу озунчо эле ырахат болду. Аларды угуп отуруп намыстанат экенсин, эмнеге биздин ырчылар булар жасаганды жасай алышпайт, деп.
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан