АБДУМАЛИК КОНЦЕРТИНДЕ ЧЕРИН ЖАЗЫП АЛДЫ
Аталышы – «Арналат сага асылзат»
Өткөн күндөрү – 7-8-март (7-март күнү)
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:00 (билетте 18:00)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Билет баасы – 400-600 сом
Концерт 1 саат кечигип башталды. Абдумалик Шерматов ушунчалык сахнаны сагынган экен, ырдап бүтүп сахнадан кетип калбай, ар бир ырдаган ырчыны коштоп жанында бийлеп жатты. Ал эле эмес көрүүчүлөрдү да бийлетип жиберди. Абдумалик мырза учурдагы жеӊебиз менен сүйүү ырларын дуэт ырдады. Афишада жазылган Саламат Садыкова, Каныкей Эралиева, Гүлмира Рыспаева, Малика Шерматовалардын (Малика Дина) өзүн эмес, көлөкөсүн да көрө алган жокпуз. Алардын ордуна Абдумалик мырзанын белгилүү да, белгисиз да окуучулары ырдай баштады. Бир убакта көзүм илинип кетиптир. «Биз» тобу менен Бактияр Токторов «Буй-буй», «Адина» деген ырларын катыра ырдап уйкумду умачтай ачып жиберди. Ырчынын 50 жылдык юбилейин куттуктап Өзгөн жергесинен өкүлдөр чыгып ырчыга «Өзгөндүн ардактуу атуулу» деген наам беришти. Ырчынын устаты Нуркан Турсунбаев шакиртине арнаган ырын окуп берсе, депутат Жылдыз Жолдошева чыгып куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Айтор, куттук айткандардын баары эле «шок элеӊ, эми токтол, жок болуп кеттиӊ эле, эми бар бол» дешти. Байыш Момунов, Ильяз Абдыразаков, Данияр Эрматов, Ильяз Агыбай уулу чыгып таланттарын тартуулады. Айкөл Аликжанова эки ыр ырдап, үч тилде созду.
Чындыгында Абдумалик мырзаны 50 жашка чыкты деп эч ким айтпайт, дагы деле чуркап бийлеп, энергиясы ашып-ташканы көрүнүп турду. Кичинекей Бегимай менен «Балалыкты» ырдаганда кадимкидей 90-жылдарга барып келгендей толкунданып кеттим. Анан да «Кош жылдызды» ырдап, Динара менен популярдуу болуп турган кезди эске салды. Залдан «азыркы аялына караганда Динара жакшы ырдачу эле, ошол кош жылдыз бөлүнбөй сакталып калса сонун болмок» деген күбүр-шыбырларды кулагым чалып калды.
Билеттер аркылуу ойнотулган оюнда 6 уюлдук телефон, 1 айфон утушка коюлду. Концертти баштан-аяк «Абдумалик Шер» эстрадалык тобу коштоду. Эгерде Абдумалик мырза өлкөбүздө эмгектенсе ийгиликтерди жаратмак деген ой менен үйгө сапар алдым.
Толик Сынчы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
Абдумалик Шерматовду корсом эле жиним келе берет мага жамандыгы деле жок го бирок баари бир жиним келе берет озунчо эле шуудундай берет
Абдымаликти Динара аркылуу тааныдык окшойт. Андан кетти анан жок болду да.
Өлө сөгөт элем эреже жол бербейтда. ХХХХ ХХХХ ХХХХ
kara_kulzha, далили жок кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
Толик сынчы,концерт корбой эле тегерегинердеги кубур шыбыр создорду андый берет окшойсуздар.
Ушул Толик сынчыны коргонго эки козум торт, ушшунчалык коргонго куштармын.... :)
Толикти да сындап коюш керек экен.Концерт кызуу журуп жатса да,Толик сынчы газетага макала жаза тургансып,жанында турган кыз келиндерди элен элен карап алып бир нерселерди жазып жаткандай болду.Антрак болсо да Толик ордунан бир кыймылдап да койбоду.
Daanyshman Толиктин ордуна сизди шайлап коет окшойбуз,ха ха жазыпсыз го оло кулдум окуп алып.Ар ким колунан келишинче аракет кылат да.Шерматовдун таланты болгон учун ошончо эл чогулду,Динаранын голосу жакпайт,Малика акылдуу кыз экен оздорунун жашоосун оздору билет да жеке жашоосуна кийлигишпей эле коелу дегеним.
Толик сынчы,бекеринен аты Толубай эместир)))
Толик сынчы деген Адам жок жон гана атап койгон билбейсинерби ушуну башкалар эле барат эко учо анан толик сынчы деп шылтап койот
Канча аялы бар болчу, азыр канчанчы ким билет ЫЯ?
keno,сен да чыныгы кыргыз окшойсун,чукуганды жакшы коргон... Канча алса ошончо алсын, мандайга жазганын корот да, же эмне аялынды жоготуп таппай журосунбу.....???????????
Менимче, Динара эженин Динара болушуна Абдумалик байкенин да салымы бар. Эжеде үн бар, ал турган кеп. Динара эженин чыгармачылыгынын гүлдөгөн доору ушул инсан менен жашап жүргөн мезгилге туш келет го деп ойлойм, концерттер, биринин артынан бири...
Мен булардын өзбектердин кадимки "Ялла" тобу менен биргеликте койгон концертине баргам. Ошол топту деле Кыргызстанга Абдумалик байке алып келди да, азыр эсимде жок, андан бери "Ялла" Кыргызстанга келдиби, келген жокпу. Булардын арты менен "Ялланы" көрүп алыптырмын да... Андан сырткары Жаныш, Байыш Момуновдор өзүнчө тема...
Ошондуктан эмгекти баалай деле жүргөн жакшы го деп ойлойм. Абдумалик байкенин дагы бир өнөрү бар, андан мыкты актёр чыкмак. Кайсы фильмдер экенин эстей албай жатам, тасмаларга да тартылган, анда жаш, супсулуу эле...
Эми деле кеч эмес го, анткени эр ортону 50 жаш да... Кутман курагыңыз кут болсун!
Абдумалик Шерматов кучтуу тарбиячы экенин моюнга алсак болот. Бирок Беш жылдыз, Кош жылдыз тобу м.н гастролдоп жургондо кечирилгис иш кылышкан. Айтып жамандагым келген жок бирок Шерматов байке тагдыр жолуктурса сак койбойбуз сизди.
merinargiz, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер
info@super.kg же
admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 20 күн БАН!