ОРУСИЯЛЫК ОППОЗИЦИЯЧЫ БОРИС НЕМЦОВДУН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Дүйнөлүк маалымат каражаттарында Орусиянын оппозициялык маанайдагы саясатчыларынын бири Борис Немцовдун өлтүрүлүшү чоӊ талкууга алынууда. Талаш-тартыш менен коштолгон талкууну жараткан Борис Немцов ким болгон? Ал тууралуу азыноолак маалымат берүүнү эп көрдүк.

АПАСЫНАН УЛАМ САЯСАТКА АРАЛАШКАН
1959-жылдын 9-октябрында Сочи шаарында төрөлгөн Борис Немцов мектепти алтын медаль менен, Горький атындагы мамлекеттик университетинин радиофизика факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Замандаштары «ал чынында таланттуу физик болчу» деп эскеришүүдө. Немцовдун апасы 1988-жылы Горький атомдук станциясынын курулушуна каршы чыккан экологиялык кыймылдын өкүлдөрүнүн бири болгон. Аз өтпөй Немцов да ал кыймылдын активисти болуп чыга келген. «Саясатка мени апам аралаштырган» деп анын маектеринде айтканы бар. 1990-жылы Горький шайлоо аймагынан депутат болуп шайланган.

ЖИРИНОВСКИЙ МЕНЕН УРУШУП АТАГЫ АРТКАН
1991-жылы ал Нижегородск облусуна губернатор болуп дайындалган. Анын карьералык тепкичте мындай бат өсүш жасагандыгын Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин менен болгон жакын мамилеси менен түшүндүрүшчү. Орусиянын биринчи лидери Немцов анын ордун басуучу адам экендигин, кийинки президент катары дал ушул жаш саясатчыны көрөрүн кыйытып айтып келген. Немцов 1997-жылга чейин губернаторлук кызматты аркалап, бир катар колдоого аларлык иштерди жасаган. Анын мамлекеттик телеканалдардын биринде Владимир Жириновский менен түз эфирде бири-бирине шире чачып урушканы өзгөчө талкуу жаратып, жаш саясатчынын атактуулугун дагы арттырган. Губернаторлуктан кийин ал биринчи вице-премьерлик кызматка көтөрүлгөн. Немцов кийин өкмөттүн катарына бекер эле баргандыгын, мунун айынан алдыга жыла албай калгандыгын айткан.

ОППОЗИЦИЯДАГЫ ИШМЕРДИГИ
Өкмөттөн кеткенден кийин Борис Немцов «Жаш Орусия» ("Россия молодая") кыймылын түзүп, кийин бул кыймыл «Оӊ күчтөрдүн бирикмеси» ("Союз правых сил – СПС") саясий партиясына кошулган. 1999-жылы аталган партия Мамлекеттик Думада бир нече депутаттык орунга ээ болгон. Ельцин президенттик такты таштап, ордуна өзү айтып жүргөн Немцовду эмес, Владимир Путинди президенттин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган. Президенттик шайлоодо Немцов «Путин президент болушу керек, мен аны колдойм» деген. Бирок 2003-жылдагы парламенттик шайлоодо СПС партиясы жеӊилүүгө учураганда Немцов Путин баш болгон бийликке сын айта баштаса, 2007-жылы дагы бир ирет шайлоодон өтпөй калганда биротоло оппозицияга өтүп кеткен.
Ал «Путин. Жыйынтыктар. 10 жыл», «Путин. Коррупция» өӊдүү докладдардын автору. Буга катар эле ал «Путинсиз Орусия!» деген ураандын алдында өткөн бир катар көчө акцияларынын уюштуруучусу болгон. Ошондой эле ал Украинада болуп өткөн революцияны колдоп, Орусиянын аракеттери мыйзамсыз экендигин айтып келген. Анын замандаштары Немцов элдин тилин таап, кооз сүйлөгөндү билген, элди артынан ээрчите алган саясий ишмер болгондугун белгилешет.

ӨЛҮМҮ ЖАНА БОЖОМОЛДОР
Мына ушул Орусиядагы оппозициянын белгилүү өкүлү 27-февраль күнү Москвада Кремлге жакын жерден атылып өлтүрүлдү. Жанында анын сүйүктүүсү, украиналык модель Анна Дурицкая болгон. Ал айым азыр негизги күбө катары сурактан өтүп жатканы маалым.
Немцовдун өлүмүнө Алексей Навальный баш болгон оппозиция мүчөлөрү Кремлди, анын ичинде президент Путинди күнөөлөшүүдө. Ал эми Геннадий Зюганов, Владимир Жириновский сыяктуу белдүү саясатчылар Немцов Орусияда баш аламандык баштоого чалынган «курмандык» болушу мүмкүн экендигин айтышты. Башкача айтканда, бийликти алмаштырууга кызыкдар тарап, анын ичинде Батыш эл арасында толкундоо, нааразылык жаратыш үчүн оппозициялык лидерди өлтүрүүгө барган болушу ыктымал деп билдиришти.

ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ
7-март күнү Борис Немцовдун өлүмүнө шектүү делип кавказ улутундагы беш адам кармалганы маалым болду. Иликтөөлөрдө Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарган «Шарли Эбдо» журналынын редакциясында болуп өткөн теракт боюнча ой-пикирлери үчүн шектүү делип кармалган адамдар Немцовду өлтүргөн деп айтылды.
Оппозициялык маанайдагы айрым коомдук ишмерлер Немцовду ислам дини тууралуу айткан ойлорунан улам өлтүрүшкөн деген божомол суу кечпей турганын билдиришти. Себеби адам укугун коргоо боюнча адистер шектүүлөр менен абакта жолукканда алар кыйноодон улам кылмышты моюнуна алышкандыктарын айтышкан.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан