Мурат Жалиев, тамашоучу: «ЧЕМПИОН БОЛБОЙ КАЛГАНДА ДАЛАЙ ЖОЛУ ЭРМЕК БАЙКЕГЕ КИРИП ЫЙЛАГАМ»

«Тамашоудо» бир жигит бар. Дайыма кыйкырып, атайын түштүк диалектисине басым жасап сүйлөйт. Аткарган интермедия-ларында Роза Отунбаеваны туурайт, жеӊесинин санын көтөргөн кайнинин ролун ойнойт, мугалим болот, айтор, бардык тамашаларды майын чыгара аткарат. Бул ким деп жаткандырсыз? Албетте, кеп бүгүнкү коногубуз «No name» командасынын капитаны Мурат жөнүндө болуп жатат.

– Куш келипсиӊ, Мурат! Маекке Оштон бери учуп келдиӊ. Сен үчүн Бишкек-Ош жолу "Дордой" менен Ош базарларынын аралыгындай эле болуп калган окшойт?
– Кандайсыздар? Негизи мен эле эмес, артисттердин баары ушинтип каттап калышкан. Биз, артисттер, кайсы аймактан заказ түшсө, ошол жакка кете беребиз. Баарына даяр
болушубуз керек. Анан да «Тамашоунун» Оштогу филиалын мен жетектейм. Иштер менен Бишкекке тез-тезден каттаганга туура келет.
– Жакында эле «No name» «Ак калпак» кубогун утуп алды. Силер үчүн бул күтүүсүз жеӊиш болдубу же ...
– «Ак-Өргө Сity» командасын оӊой эле утуп алдык десем жаӊылышам. Өзүӊүздөр билгендей, ал командада жалаӊ монстрлар ойнойт, а бизден бир эле мен монстрмун да, калгандары бөлтүрүктөр. Жалпы алып караганда «No name» командасынын курамы өтө күчтүү эмес болчу. Жеӊиш үчүн чукугандай сөз таап, импровизацияны иштетип, кээ бир жерлерден митаамдык кылганга да туура келди. Ачыгын айтсам, «No name» менен «Ак-Өргө Сity`нин» аты эле болбосо, Ош-Бишкек таймашы болуп кетти. Оюн башталар алдында Эрмек байке эки команданын капитандарын бөлмөсүнө чакырып алып, «мага экөөӊөр теӊ бирдейсиӊер, бөлүнүүчүлүккө жол бербегиле, катуу кетпегиле. Сөзсүз бирөөӊөр утасыӊар, экинчиӊер жеӊилесиӊер» деп катуу эскертүү берген. Андыктан биз утканга да, жеӊилгенге да даяр болчубуз.
– Командаӊардын ичинен элге жакшы таанылганы сен эле окшойсуӊ?
– Эл ойлошу мүмкүн «командада Мурат кыйын» деп. А Мурат «Кадыр кыйын» деп ойлойт. Команданын оюнду алып кетишине Кадырдын кошкон салымы зор. Ал сахна артындагы монстр да. Мисалы, башкы эки оюнда катары менен балл аз алып калсак, кайра оюнду улантып кеткенге менин каалоом болбой калат. Ошондо Кадыр менин желкемди укалап, «Мурат, алдыга!» деп сүрөп турат.
– «No name» командасы «Тамашоунун» 6-сезонун утуп алгансыӊар. Ошондо «биз оштук болгонубуз үчүн чемпиондукту кеч беришти» деп айттыӊ эле?
– Чемпиондукка жетпей калганда мен көп жолу Эрмек байкенин бөлмөсүнө кирип, калыстарга таарынып ыйлаган күндөрүм болгон. Калыстардын түйшүгүн өзүм калыс болуп отурганда түшүндүм. Ошол учурда биз аткарган тамашаларга эл кол чаап, залды жара күлүп отурса, биз кыйратып жатабыз деп ойлой бериптирбиз. А тамашанын мазмунун, тарбиялык маанисин эске албаптырбыз. Отуруп көргөн адамга баары билинет экен. Негизи, биз чемпион болбой эле калбаптырбыз деп ойлойм. Менин оюма койсо дагы деле «Тамашоудо» ойной бермекмин. Чемпиондук титулду алгандан кийин кайра ойноого да намыс жол бербейт экен.
– Учурда тамашоучулардын көпчүлүгү өзүн кино тармагында сынап жүрүшөт. Сенде бул жаатта кандай, же тамадалык менен эле чектелесиӊби?
– Мен беш-алты киного тартылдым, бирок бири да хит болбоду. Жакында менин катышуумдагы «Оштук жигиттин сүйүүсү» деген тасма тартылат. Ошол хит болуп калар деген үмүтүм бар.
– «Тамашоудо» командалар арасында, капитандар ортосунда атаандаштык барбы?
– Атаандаштык болгон үчүн «Тамашоу» ушул деӊгээлге өсүп жетти деп ойлойм. Эгер болбосо «сен төргө өт, мен төргө өт» болуп байгелүү орундарды кезектешип ала бермекпиз да. Мисалы, капитандар арасындагы таймашта Жеӊиш Майрамбек уулу, Азамат Исмаилов, Самат Эркинбек уулунан корком. Анткени алар күчтүү оюнчулар. Даяр сценарийди аткарып коюшпайт, ойлоп тапкычтыгы, импровизациясы күчтүү .
– Команда ичинде ич ара келишпестиктер болуп турабы?
– Ооба, кээде «тамашанын баарын сен аткара бересиӊби? Биз деле ойной алабыз» деп нааразы болушат. Мындай учурда «анда өзүӊөр барып аткара бергиле» деп өз эркине коюп койгон учурларым болгон. Ошол келишпестиктердин айынан «Тамашоунун» 1-2 оюнуна катышпай да калгам.
– «No name» командасы түптөлгөндө Эмил деген жигитиӊер бар эле, ал көрүнбөй калды да?
– Эмил ушул команданы негиздеген жигиттердин бири, алгачкы капитаны. Учурда ал ден соолугуна, жеке иштерине байланыштуу командада ойной албай жүрөт. Эгер командага кайтып келем десе, дайыма эшигибиз ачык. Бизде дагы Икрам деген жигит бар болчу. Анын жүрүм-туруму биздин команданын баркын түшүрбөсүн деп өз жолуна салдык. Мага бейтааныш эле адамдардын чалып, «Икрам мас болуп бул жерде жатат, тиги жерде жатат» деген коӊгуроолорунан тажадым. Өзүн чакырып «бул кандай мамилеӊ, кашыктап чогулткан аброюбузду чакалап төгүп жатасыӊ» деп командадан кетирдим.
– Кээде тамашаларыӊда орусча акцент менен сүйлөп күлдүрүп каласыӊ?
– Чынын айтсам, мен орусча билбейм. Орусча билбегеним үчүн уялбайм дагы. Бирок оюмду «илибой» оруска «зыӊк» түшүндүрүп коём.
– Бизге берген маектериӊде «жубайымды эркелетпейм, андайга талантым жок» деп айткан элеӊ. Андай болсо 8-Мартты кандай тостуӊар?
– 5-март күнү «Ак калпак» кубогуна даярданып, анын эртеси Ала-Букада концертибиз бар болчу, жолдо аябай чарчап калыптырмын. 7-мартта кечинде үйгө келип, майрам күнү түшкү 2ге чейин уктадым. Турсам аялым былтыйып калыптыр. Мен дароо түшүнүп дүкөнгө барып, таттууларды сатып келип келинчегимди кучактап, «жаным, кечирип койчу, сени жакшы көрөм» деп алдап койдум (күлүп).
– Кыздарыӊ да чоӊоюп калышса керек?
– Улуу кызым 3, кичүү кызым 1 жашка чыгып калды. Экөө теӊ мага окшош көздөрү жымшыйып, куник дебейминби. Эми чоӊойгондо апасына окшоп сулуу болуп кетишсе керек.
– Гастролдоп аймактарга көп чыгат экенсиӊ, аялыӊ кызганбайбы?
– Аялым кимге турмушка чыгып жатканын башында эле билген да. Мен «бул жумуштан башка иш колумдан келбейт» деп айткам. Тойдо жүргөндө окуучу кыздарым телефонду алып калса, «бул ким? деп сурап калбаса, өтө деле аша чаап кетпейт. Ал менин телефонумду текшерет, мен аныкын текшербейм. Өзүнө деле айтам «эмнемди кызганасыӊ, капкара, боюм кичинекей, ушул кебетем менен мени ким тоготсун?» деп. Кыскасы, тууну азырынча ага кармата элекмин, али таягы менде, чүпүрөгү аялымда.
– Балалыгыӊ кандай өттү, ошол кезде эле куудулдук өнөрүӊ бар беле?
– Мага куудулдук талант тай жактарымдан берилсе керек. Анткени таятам да, таенем да искусствого жакын адамдар болгон. Ал эми өзүм бала кезден эле турмуштун кыйынчылыгын көрүп өскөн баламын. Иним экөөбүз кезектешип бир ботинке кийип мектепке барган күндөр болгон. Ал түшкө чейин окуса, мен түштөн кийин окучумун. Кудайга шүгүр, азыр материалдык абал жакшырды. Үйүмдүн алдына «No name» аталыштагы чоӊ комплекс курдургам, ичинде машина жуучу, машина оӊдоочу жай, дүкөн, дарыкана бар. Аны ижарага берип койгом. Ошто мейманкана куруп жатам, курулуш иштери жакында бүтөйүн деп калды. Алдыдагы тилектеримдин бири – чоӊ ресторан куруу.
– Маегиӊе рахмат! Ушинтип күлдүрүп жүрө бер.

"Кыздарым апасына окшош болушса дейм".

"Шакирттерим Таир, Садык, Калыбек жана Кадыр досум менен".

"No name" командасынын баштапкы курамы.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мурат Жалиев: "Тамашоудо" койгон максаттарыма жеттим"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
Positive
2015-03-17 00:59:52
ммм жакшы маэк даже зоор болуптур ийгилик бир гана
0
mama.i.synochka
2015-03-17 08:17:22
Икромды жамандаганы эркекчиликке жатпай калыптыр. Ал жонундо сурабасада жамандап койуптур
0
Aksy-13
2015-03-17 10:26:21
Тамашоуну копчулугу НО нейм учун анан ушуларга поддержка кылыш учун корушсо керек куйормандары толтураго залды да жарышат эгер булар башта эле чемпион болуп чыгып кетсе тамашоу анчалык кызык болбой калмак беле мен мисалы кутуп атып кором буларды мага жагат
+2
godogo4un
2015-03-17 12:44:48
Мурат аппак мактанбачы коп..
+1
kara_kulzha
2015-03-17 14:23:26
Икрамды кетирип салдык дейби. Жакшы ойнойт эле.
0
kara_kulzha
2015-03-17 15:04:18
Айткандай но неймдин жеке концертинин экинчиси барбы суперде
0
admin_superstan
2015-03-17 15:26:18
kara_kulzha, саламатсызбы!
Төмөнкү гана концерти бар:
http://www.super.kg/tasma/serach/?q=no+name&x=0&y=0
0
Aidar.001
2015-03-17 23:44:53
Бул бала кулдурбосо деле, озун карап куло берсен болгудай, Азаматсын! . бирок досун жонундо эч качан жаман айтпаш керек эле.
0
naaazka
2015-03-18 09:32:59
bul bala ech jakpait korgon saiyn allergiyam kozuit. kachan karaba owtuktardy uyat kylyp jurot
-1
Jikos
2015-03-18 13:39:19
Ошто туруп Икрамдын арак ичкенин эч ким деле билбейт, бир себептер менен кетти деп айтып койсо, Икрам келсин деп эч ким деле суранбайт деле!Озу менен чогуу чай ичип жургон баланы жалпы элге жарыялаганы эмнеси, аман эле бол! жана мынтип бироонун жамандабай жур.
+3
maksimus
2015-03-20 18:33:43
Jikos, Чын эле катуу айтып коюптур. Башында окуп жатканда тамашалап жатабы деп коем.
+1
amanatym
2015-03-18 17:32:08
кээде элдер кулот экен деп эле оозуларына эмне келсе ошону айтышат.
0
Umut.94.13.11
2015-03-18 22:56:33
Мыкты!
Икрам деле жакшы оюнчу болчу
0
bekbolsun1
2015-03-20 11:20:03
Азаматсын, балдар балдар ОШ!Ийгилик силерге ОШолор менен Универсалга кеп кенеш берип тургула
+1
nargiz-94kg
2015-03-24 21:28:23
Жакшы комментарий болуптур,ийгилик дагы дагы кооптогон кызыктуу, тамашаларды чыгара бергиле.
0
menedjer
2015-04-11 20:14:26
Икрамды жамандабай эле койбоптур.Бироону жамандаса кайра озу жаман корунуп калат .
0
aiperishka87
2015-04-20 05:24:18
Мурат аябай таланттуу жигит.онорун оркундоп,талантын ташкындай берсин.мен мурун тамашоуну ушул муратты коруш учун корчум,утулуп калганда менда кошо кайгыргам.
0
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан