Таланттуу болуп төрөлүү гана керек окшойт. Дегеним, кээде кийим тиктиргени барганымда «кана, чийип көрсөтчү, кандай каалайсыӊ?» дешсе, чийгеним эч эле окшошпойт. Ал эми бүгүн биз сөз кылчу талант кыргыздын жаш дизайнер-модельери – Акылбек Төлөмүшов. Азыр ал үлгүсүн чийген кийимдерди кыргызстандыктар гана эмес, америкалыктар да кийип жүрүшөт.
Туулган жери – Балыкчы шаары
Туулган жылы, айы, күнү – 1989-жыл, 7-ноябрь
Билими – Кыргыз-Орус Славян университети
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Максаты – Кыргызстандын мода индустриясын өнүктүрүү
– Салам, Акыл! Учурда Чикагодо дизайнер-модельер экенсиӊ. Бул ийгилигиӊ кокустукпу же эмгегиӊдин жемишиби?
– Салам! Албетте, эмгектин жемиши. Учурда «Viero bridal»(«Үйлөнүү-үлпөт») деген компания менен иштешем. Дизайнер десек деле болот, тагыраагы, сүрөтчү-иллюстратормун. Мисалы, кимдир бирөө образын өзгөрткүсү келди, анын бут кийиминен тарта асем буюмдарына чейин ылайыктап, жарашыгына карап кагазга сүрөтүн тартып берем.
– Аталган компания менен кандайча иштешип калдыӊ?
– Компаниянын негиздөөчүсү менен интернет аркылуу таанышып калып, ал мени Чикагого чакырган. Сунуш түшкөн 2013-жылдын сентябрь айы алигиче эсимде. Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан мода жумалыгында жүргөн элем. Ошол жактан түз эле Чикагого кетип калгам.
– Ошондо кийимдин үлгүсүн чийип эле бересиӊби же анын даярдалышына да катышасыӊбы?
– Кайсы бир кийимдин же асем буюмдун үлгүсүн тартып, аны Израилге жөнөтөм. Ал жактан бычылып, тигилип, бир жарым айдын ичинде Чикагого жеткирилет.
– Тез эле көнүп кеттиӊби?
– Жумуштагылардын мени жакшы кабыл алганы бат эле көнүп кетүүмө түрткү болду. Аларга менин Кыргызстанда жүргөндөгү эмгектерим жагыптыр. Мага баарынан тил билбегеним кыйын болду. Колумдан эки ай бою бассам-турсам түшүрбөй сөздүктү көтөрүп жүрдүм.
– Чет жерге кетишиӊдин негизги себеби эмне?
– Кыргызстан мода индустриясы өнүгүү жолуна эми гана түшкөн өлкөлөрдүн катарында. Бишкекте жүргөндө канчалык жан талашсам да аз эле акча тапчумун. Америкада адамдын эмгеги оюӊдагыдай бааланат. Акчадан сырткары, чет жерде турмуштук тажрыйба топтойсуӊ. Америкада иштегенимдин эӊ негизги максаты – келечекте өлкөбүздүн мода индустриясына салым кошуу. Мен ошого милдеттүүмүн.
Ата Мекенибизде эмне жаӊылыктар болуп жатканынан дайыма кабардар болуп турам. Мисалы, «Курманжан датка» тасмасы АКШда көрсөтүлө баштаганын угуп, Лос-Анжелеске баргам. Ал жерден досум аркылуу Элина Абай кызы менен тааныштым. Эгер фильм «Оскар» сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлүп калса, кызыл килемде кийилүүчү кийимди мен даярдамак болуп сүйлөшкөнбүз. Тилекке каршы, тасма өтпөй калды.
– Кыргызстанда эмне иш кылчу элеӊ?
– Кыргыз-Орус Славян университетинде дизайнер жана архитектура бөлүмүндө окудум. Ошол эле учурда «Александра» мода үйүндө иштечүмүн. Ал жерде да кийимдердин үлгүсүн чийип, кездеме сатып келчүмүн. Саат экиге чейин окуп, үчтө жумушка келип калчумун. Мекенимде деле көп ийгиликтерге жетише алдым.»Кыргызстан-2011» мода жумалыгында 1-орун, 2012-жылы да 1-орун, ушул эле жылы Миланга жолдомо, 2013-жылы Орто Азиядагы мода жумалыгына катышып, андан ары Нью-Йоркко, анан Чикагого кеткем. Учурда жаӊы коллекциямдын үстүндө иштеп жатам, жакында ачылышын өткөрөм.
– Бул талант каныӊда болсо керек?
– Мен эки чоӊ апамдын (атамдын эжелеринин) колунда чоӊойдум. Эрке болдум, алар менин айтканымды эки кылышчу эмес. Үй ичин өзгөртүп ары-бери жылыштырсам да, эртеден кечке сүрөт тартсам да унчугушчу эмес. Талантымдын өөрчүшүнө ушул адамдардын салымы чоӊ, алар мени менен сыймыктанышса экен дейм.Чоӊ апаларымдын жылмаюусу үчүн каалаган нерселерин орундатууга даярмын.
Сүрөттү жакшы тартканым менен, мектепти аяктагандан кийин котормочу болом деп окууга тапшырдым. Бир жыл окугандан кийин ал кесип мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Анан Кыргыз-Орус Славян университетинин дизайнер бөлүмүнө тапшырдым. Ошондон бери фантазиямдын чыныгы жашоодо ишке ашышына аракет кылып келе жатам.
– Рахмат маегиӊе, ишиӊде тоодой ийгиликтер болсун!
Сүйүн Кулматова
star@super.kg