Эмил Токтогонов – “ЭМГЕК СИҢИРГЕН АТА”

Жылдыздар турмушунан

Панкратион боюнча Азиянын чемпиону, КРнын Вале тудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов 5-декабрда көптөн күткөн белегине ээ болду. Бул күнү ага келинчеги Аида уул төрөп берди. Спортчу Жалал-Абадда мелдеште жүргөндө кайненеси телефон чалып сүйүнчүлөгөн. Салмак категориясы 3 килограмм, 300 грамм болгон болочок чемпион Эмир атка конду. Кызыгы, атактуу спортчубуз кызы Анелянын төрөлгөнүн да Казакстанда мелдеште жүрүп уккан. “Сүйүнчүгө эмне бердиңиз?” деген сурообузга “100 доллар” деп жооп берди кубанычы коюнуна батпаган Эмил Токтогонов.

КУМАР ЭКОНОМИКА БОЮНЧА ЧЕМПИОН БОЛМОКЧУ
Кикбокс боюнча Евразиянын чемпиону, “Супер-Инфонун” версиясы боюнча “2009-жылдын супер спортчусу” наамына талапкер Кумар Жалиев дипломго ээ болду. Бирок бул жолу дипломун ринг ичинен алган жок. Келечектен көптү үмүттөндүргөн мушкерибиз ЖОЖду аяктады. Тактап айтсак, ОшМУнун экономика бөлүмүнүн «Ишкана экономикасы жана башкаруу» адистиги боюнча диплому менен сыйланды. Эми ал Жаңы жылдан баштап спорттук карьерага кошо кесиби боюнча да иштөөнү пландаштырууда.


Жергиликтүү кабарлардан

Олимпиада толкунунда

“ВАНКУВЕР-2010го” ӨЛКӨБҮЗДӨН КИМДЕР БАРАТ?
2010-жылы Канаданын Ванкувер шаарында өтүүчү Кышкы Олимпиадалык оюндарында кыргыздын туусу желбирей тургандыгы белгилүү болду. Эл аралык олимпиадалык комитети квота түрүндө бизге 2 жолдомо берген. Ага лыжачы Ольга Решеткова жана слаломчу Дмитрий Трелевский ээ болду. Аталгандардан тышкары Кыргызстандын атынан дагы бир нече спортчу XXI Кышкы Олимпиада оюндарына баруусу мүмкүн. Ал үчүн сноубордчулар – Тимур Губаев, Владимир Комиссаров, Андрей жана Алексей Вакуриндердин жолдомо берчү тандап алуу мелдештеринде ийгилик жаратуулары кажет.

Футбол

КЫРГЫЗСТАН “ ЮАР-2010ДУН” КАТЫШУУЧУСУ МЕНЕН БЕТТЕШЕТ
Өткөн аптада улуттук курама командабыз АФКнын Чакырык кубогунда өз атаандаштарын тапты. Деңгээли жагынан Азияда 2-орунда турган аталган мелдеш эмки жылы 16-27-февраль күндөрү Шри-Ланкада өткөрүлөт. Анда чемпион аталган өлкө 2011-жылкы континенталдык башкы мелдеш – Азия кубогуна жолдомо алмакчы. Ага катышуучу 8 команда чүчүкулак менен төмөнкүдөй 2 топко бөлүндү:


Эл аралык кабарлардан

“ЮАР-2010“: ЧҮЧҮКУЛАК ТАШТАЛДЫ!

4-декабрда Түштүк Африка Республикасынын Кейптаун шаарында эмки жылы жайында өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун чүчүкулак таштоо аземи өткөрүлдү. Бактылуу 32 команда өз атаандаштарын тапты.

“Имаратта бомба!”
“ЮАР-2010дун” тандап алуу оюндары чырсыз аяктабагандай эле бул жолу Кейптаундагы салтанат да өзгөчө кырдаалсыз өтпөдү. Чүчүкулак алдында белгисиз журналист баштыгында бомба бар экендигин айтып, имаратты жардырам деп коркуткан. Натыйжада, коопсуздук кызматкерлери журналисттерди убактылуу имаратка киргизбей, тазалоо жана текшерүү иштерин жүргүзгөн. Кубандырганы, имаратта эч кандай бомба жок экендиги такталып, тамашалап койгон журналист кармалган. Күнөөкөрдүн аты аталбаса да, анын чет өлкөлүк экендиги аныкталган.

Бразилия “өлүм группасында”
Чүчүкулак боюнча айтсак, бактылуу 32 өлкө 4төн 8 тайпага бөлүндү. Көпчүлүк тарабынан айыгышкан күрөш «G» группасында жүрөт деп божомолдонууда. Сокур, бирок адилеттүү чүчүкулак бул топко Бразилия, Түндүк Корея, Кот-д'Ивуар жана Португалиянын башын бириктирди. Мелдештин ачылыш оюнунда талаа ээси ЮАР менен Мексика өз ара беттешмекчи. Ал эми учурдагы чемпион Италия курама командасы чемпиондук наамын коргоону Парагвайдан баштайт.


ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ КАРТАҢ СИНЬОРАДАН АЙРЫЛДЫ

Ошентип, 9-декабрда УЕФАнын ЧЛсынын группалык этабы жыйынтыкталды. Соңку 6-тур оюндары сенсациясыз болбой, сезон мындан ары айтылуу «Ювентуссуз» уланмай болду.

Соңку 6-турдун башкы окуясы германиялык «Бавариянын» италиялык «Ювентусту» (лакап аты – Картаң Синьора) жеңип, мелдештен кууп чыккандыгы болду. Эми мелдеш февралга чейин кышкы тыныгууга тарайт. Жарым чейрек финалда кайсы команда ким менен күч сынашары 18-декабрда өтүүчү чүчүкулактан кийин билинет.
Жалпысынан алганда, кийинки баскычка Англия, Испания жана Италиядан 3төн, Германия менен Франциядан 2ден, Орусия, Португалия жана Грециядан 1ден командалар чыгышты.

5-турдун жыйынтыгы

“А” группасы
“Ювентус” (Ита.) – “Бавария” (Гер.) – 1:4
“Маккаби” (Изр.) – “Бордо” (Фра.) 0:1

“В” группасы
“Бешикташ” (Түр.) – ЦСКА (Ору.) 1:2
“Вольфсбург” (Гер.) – “МЮ” (Анг.)1:3

“С” группасы
“Марсель” (Фра.) – “Реал” (Исп.)1:3
“Цюрих” (Швейц.) – “Милан” (Ита.)1:1

“D” группасы
“Челси” (Анг.) – АПОЭЛ (Кипр) – 2:2
“Атлетико” (Исп.) – “Порту” (Пор.) – 0:3

“Е” группасы
“Ливерпуль” (Анг.) – “Фиорентина” (Ита.) – 1:2
“Лион” (Фра.) – “Дебрецен” (Вен.) – 4:0

“F” группасы
“Интер” (Ита.) – “Рубин” (Ору.) – 2:0
“Динамо” (Укр.) – “Барселона” (Исп.) – 1:2

“G” группасы
“Штутгарт” (Гер.) – “Униря” (Рум.) – 3:1
“Севилья” (Исп.) – “Рейнжерс” (Шот.) – 1:0

“Н” группасы
“Олимпиакос” (Гре.) – “Арсенал” (Анг.) 1:0
“Стандард” (Бельг.) – “АЗ Алкмар” (Голл.) 1:1

табл.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Robingud
2009-12-14 17:28:58
kaapyray,bir da KIRGIZZZ jok go kywky olimpiadaga bargan.owol 2 orustan bawka tatyktuu bir da KIRGIZZZ jok beken?
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан