10-март күнү КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ «Биз» тобунун «Поезддеги махабат» аттуу ырына тарткан жаӊы клибинин бет ачарын өткөрдү.
ИЛЬЯЗ АНДАШ «Ата-энеме» деген чыгармасына клип тарттыруу менен алек. Аталган клип ырчынын туулуп-өскөн жери Ысык-Көлдө жана Бишкек шаарында тартылууда.
11-март күнү Улуттук филармонияда Кыргыз Эл артисти САМАРА ТОКТАКУНОВАНЫН көргөзмө-музейи ачылды.
ДАНИЯР ЭРМАТОВ менен НУРМАТ САДЫРОВ «Кыргызстаным» аттуу дуэт жаздырып, клип тарттырууну да пландашууда.
10-мартта Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, ак таӊдай төкмө акын Ашыралы Айталиевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган Ибраимов көчөсүнүн 108-үйүнө орнотулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
eliza5566
2015-03-16 12:10:09
кайраттын майланышын тердеп ырдаганы жакпады
0
eliza5566
2015-03-16 13:38:56
самара эже талантынызды баалайм азаматсыз
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.