Орусияда мигранттардын 2014-жылдын үлгүсүндөгү патенттеринин жарактуу мөөнөтү узартылды. Тиешелүү мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгонун Президенттик администрациясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган документ жогорку квалификациялуу адистер делинген чет өлкөлүк жарандарды Орусиянын аймагында эмгектенүүгө тартуу тартибин жакшыртууга багытталган. Эми 2014-жылдын ичинде 300 миӊден ашуун патент берилген Орусиянын субъектисинин жогорку кызмат адамы патенттин мөөнөтүн узартуу сунушу менен миграция боюнча башкармалыкка кайрыла алат. Патент берилген күндөн баштап аны колдонуунун жалпы мөөнөтүн 12 айдан ашырууга мүмкүн эмес.
Мындан тышкары жаӊы патент алууга керектелген документтердин тизмеси толукталды. Эми мигрант жалпысынан төмөнкү кагаздарды чогултушу керек: патент алуу жөнүндө арыз, чет өлкөлүк жарандын өздүгүн ырастаган документ, миграциялык карта (анда келүүнүн максаты «иштөө» деп белгилениши керек), бир жылдык мөөнөткө берилүүчү ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси, оорулуу эместиги тууралуу маалым кат, орус тили, Орусия тарыхы жана мыйзамдары боюнча билими жөнүндө сертификаты, эгер патентти каттоо боюнча кайрылуу такталган мөөнөттөн (30 күн) кийин түшсө айып пул төлөнүшү керек. Эгер мигрант мындайга кезиксе айып пулду төлөөнү тастыктаган документти да тапшырат, каттоого тургузулгандыгы боюнча документ (каттоо), жеке жактардын кирешелерине салыгы такталган аванстык төлөм түрүндө төлөөнү тастыктоочу документтер.
Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстан быйылкы жылдын 9-майына белгиленген Евразиялык экономикалык союзга кирген соӊ кыргызстандык жарандар биримдикке кирген өлкөлөрдө уруксат кагаздары жок ишке орношо алышат. Орусияда орус тили боюнча сынак бербей калышат. Медициналык тейлөө кепилдиги да берилет жана алардын балдары эч кандай көйгөйсүз эле бала бакчаларга, мектептерге бара алышат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg