Экс-башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгону маалым. Эске салсак, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн 50 миӊ доллар алгандардын катарында Бакыт Абдыкапаров да бар экени айтылган. Аталган кылмыш иштери сотко жөнөтүлгөнү белгилүү болду.
11-мартта Бакыт Абдыкапаровго «кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатуу» беренеси боюнча дагы бир айып тагылганы маалымдалды. Бул кылмыш ишине байланыштуу анын камакка алынышы мүмкүн экендиги айтылган. Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарды. Буга чейин Бакыт Абдыкапаровго өлкөдөн башка жакка чыкпоо талабы коюлган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg