Тынара Улусой аттуу кыргыз айымы Түркиянын парламентине бийликчил «Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү» партиясынын тизмесинин катарында Анталия аймагынан өз талапкерлигин коюуда. Бул тууралуу түркиялык «Хаберлер» порталы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 31 жаштагы Тынара бир канча жыл мурун Кыргызстанда жашап жүргөн түркиялык Фуркан Улусойго турмушка чыккан. Кийин ал Түркиянын жарандыгын алып, эки баласы жана күйөөсү менен Анталияга көчүп кетишкен.
Депутаттыкка талапкерлигин койгон Тынара «Түркиянын өнүгүшүнө өз салымымды кошуп, партиянын саламаттыкты сактоо, чет элдик жарандарга колдоо көрсөтүү тармагындагы реформаларын уланткым келет» деп билдирген. Анын күйөөсү Фуркан Улусой «Анталиянын тургундары жубайымды жакшы көрүшөт, ал депутат боло алат» деп ой бөлүшкөн.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg