БИР БҮРКҮМ

  • SIM-КАРТАЛАРДЫ КАТТОО мөөнөтү 2015-жылдын 8-августуна чейин узартылды. Байланыш агенттигинин маалыматы боюнча, март айына дейре «Нур Телеком» («О») SIM-карталарынын 72 пайызын, «Скай Мобайл» («Билайн») 59 пайызын, ал эми «Альфа Телеком» («Мегаком») 52 пайызын каттоодон өткөргөн.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2013-жылы 127 өспүрүм, 2014-жылы 106 өспүрүм ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАН. Быйылкы жылдын эки ай аралыгында 21 жаш бала өз өмүрүнө кол салган. ө
  • Өлкөдөгү МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ичинде аялдар 13 пайызды түзөт. Ал эми ИИМдин академиясына окууга кабыл алынгандардын ар бир бешинчиси кыз-келиндер.
  • Бишкек шаарындагы жаш балдардын ОНКОЛОГИЯЛЫК бөлүмүндө жыл ичинде 500гө чейин бейтап дарыланат. Мамлекет быйыл рак илдетине кабылган 10 наристенин дарылануусун каржылоого даяр.
  • ЖЫЛДЫЗКАН ЖОЛДОШОВА Жогорку Кеӊештеги «Ата Журт» фракциясынын лидерлигинен 19 депутаттын добушу менен алынды. Анын ордун убактылуу Дастан Жумабеков ээлемей болду.
  • Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2013-жылы өлкө ичинде 77 миӊден ашуун ЭШЕК бар болсо, 2014-жылы алардын саны 63 миӊге чейин түшкөн.
  • 2015-жылдын 1-январына карата өлкөдө ВИЧ/СПИД илдетине кабылгандардын саны 6454 кишиге жеткен. Анын ичинен 191 наристеге бул дарт медициналык кызматкерлердин шалаакылыгынан улам жуккан.
  • ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 687 киши турат, анын 501и «мыйзамдагы ууру» КАМЧЫ КӨЛБАЕВДИН тобуна кирет.
  • Жогорку Кеӊеш 11-мартта «Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, ТАШТАНДЫЛАРДЫ атайын челектерге таштабай көчөнү булгаган же таштандыларды өрттөгөн жарандарга салынган айып пул 2000 сомго чейин көтөрүлөт.
  • Ош шаарындагы ЭСТАКАДАЛЫК КӨПҮРӨ быйылкы жылдын сентябрь айында ишке берилет. Бул боюнча мэр Айтмамат Кадырбаев билдирди. Анын айтымында, көпүрө орусиялык гранттын эсебинен курулуп жатат.
  • 9-марттан тартып Бишкек шаарында ДОЛЛАРДЫН курсу жогорулоодо. 12-март күнү акча алмаштыруучу жайларда доллардын наркы сатып алууда 62 сомду түздү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
alik1602
2015-03-16 14:52:12
ошондо бир жылда он торт мин эшекти жеп койдукпу
0
Nurmuxammet
2015-03-17 01:32:36
alik1602, ((((((((
0
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан