СҮРӨТТӨР СҮЙЛӨЙТ

Эстеликке сүрөткө түшкөн сонун, ээ? Фотоаппараттын чыйк этмесинде калган кадрлар кай мезгил, ким менен болбосун түбөлүккө эсте калат. Эмесе эл көзүндөгү белгилүү адамдардын сүрөттөрүнө азил-чын аралаштырып сүртүм берип өттүк.

Менин атым Токтобек, Толуп кеттим ботко жеп. Тоодо жүрөм чөп терип, Салмагымды таштайм деп.

Индеецпи ким өзү? Колунда бар найзасы, Ууга чыккан маймылга. Салыштырып карасам, Окшош экен Жамбылга.

Ырдап эле тим болбойм, Ар күнү жасайм көнүгүү. Ат-Башыга барганда, Алышып кармайм бөрүнү.

Мен боломун сары кашка, Талпынып чыгам таймашка. Жетилген чынар өӊдөндүм, Жетимиш жети өнөрүм. Домбра турсун бул жакта, Мен гитара менен төгөмүн.

Кызга карай ыктаган, Кыз жыттатып уктаган. Ушул мырза жолдуу экен, Гүлдү жыттап жаткандай. Гүлнур ойго баткандай, Кимдин башы болду экен?

Колго алып бир табак, Казы-карта беш бармак. Казысы эшектикиби? Камырынан жеп жатат.

Чын-төгүнү аралаш, сүрөтүӊүзгө төрт сап ыр чүргөп койдук. Тамаша бизден болсун, таарынгандын ордуна ууртуӊуздан бир тамчы жылмаюу болсун.

Cултан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Aksy-13
2015-03-16 11:50:26
ва ха ха сонун болуптур Жамбыл акеники зор чыгыптыр Гулнурга жазылган ыр да сурот да укмушго тим эле
0
Erkekterdin-erkegi
2015-03-16 15:26:20
жамбыл акеники 1 ай бою эсимен кетпет эми бир жыргап алдым
0
Bili
2015-03-17 00:29:13
Гулнурдуку сонун экен
0
Ariet7
2015-03-17 05:19:45
толуп кеттим ботко жеп? ха ха
эшектин казысыбы? укмуш экен экоо оло кулкулуу
0
eliza5566
2015-03-17 13:40:23
Ой бомпогум Токтобек,
толуп кеттин ботко жеп.
Оторбаев ачка экен,
качан Путин келет деп.

Ананайын Токтобек,
Атамбаев ачка дейт.
Эч болбосо чоп берчи,
"закускага" жарайт дейт.
0
eliza5566
2015-03-17 13:55:13
Жакут байке абайла,
эшек эти базарда.
Капысынан жеп алып,
арык такайга айланба.
0
Galia1990
2015-03-17 18:19:08
eliza5566, ха ха ха
0
Aidar.001
2015-03-17 23:59:15
Ичпеймин да чекпеймин
зуулдата комуз чертемин
черте берип чарчасам
закускамды искеймин. (Гулнур).

Кээде ачмын, кээде ток
эшек этин жегим жок
чыдабай жатам мен азыр
эшек унун уккум жок
каарынга салам баарынды
анткени азыр айлам жок. (Жакут).
0
Zamknutaya92
2015-03-18 19:47:19
Комментарийдин тексти
Мен да жыргап алдым
0
Aitmatov
2015-03-22 10:09:38
Сонун
0
Aselina_kg
2015-03-22 14:21:50
Сонун чыгыптыр сүрөттөрда,ырларда
0
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан