КАЙНЕНЕГЕ КАНТИП ЖАГУУ КЕРЕК?

Түгөйлөрдүн ажырашууларынын себептери катары жакырчылык, жаштардын жеӊил ойлуулугу, турмушка чыдамынын жоктугу сыяктуу мисалдарды санап келебиз. Ал эми кайсы бир деӊгээлде үй-бүлөнүн бузулушуна кайнене менен келиндин ортосундагы тирешүү да себепкер дегендер бар. Мына ушул кайнене менен келиндин ортосундагы түшүнбөстүк, ага эмнелер себеп жана бул кырдаалдан кантип чыгуу керек экендигин белгилүү инсандар кеп кылып, кеӊеш беришмекчи.

Гүлсүн Мамашева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «КАЙНЕНЕДЕН КӨП ЭЛЕ КОРДУК КӨРГӨМ»
– Кыргызда кайнене менен келиндин канга сиӊген тиреши бар. Бул көндүм нерсени жокко чыгаруу ар бир адамдын өзүнөн. Мисалы, мен катаал кайненеге туш болуп, учурунда кордукту болушунча эле көргөн келинмин. Бирок ошол нерсени сөзсүз эле колуӊа келген келинден чыгарып алуу милдет эмес да. «Келиндин келгендегиси эч эсинен кетпейт» дейт. Уулдарым шаардык кыздарды алып, анча-мынча кыргызчылыкка маани бербеген келиндерге туш болдум. Кайненемден көргөн катаал мамиле көкөйдөн кете элек болгондуктанбы, келиндеримди «ары тур, бери тур» деп тескеген деле жокмун. Бирок жакшынакай, кезеги келген жерде жоолуктарын башынан түшүрбөгөн кыргыз кыздары, кыргыз келиндери кылып тарбиялап алдым десем болот. Жаӊы келген келинге сенин жаныӊдай көргөн уулуӊ аманат. Анын курсагын тойгузуп, кийимин жууп, наристе жытына бөлөй турган да ошол келин экенин мурдараак ойлонуш керек.

Гүлзат Байзакова, ырчы: «КАЙНЕНЕМЕ КАРАГАНДА АПАМДЫН ТАРБИЯСЫ КАТУУ ЭКЕН»
– Кыз бала байкуш бир үй-бүлөдөн таптакыр башка мыйзамдар менен жашаган экинчи үй-бүлөгө барып бүлө болот экен. Менин бактыма жараша, кайненем жумшак, мүнөзү жакшы адам болуп чыкты. Ар бир эле эне турмушка узап жаткан кызды «сөөгүӊ ошол үйдөн чыксын, эки жакты кагыштырып, көз жашыӊды көлдөтүп ыйлап келбе» деп кетирет. Анын сыӊары, кайненемдин каарына караганда өз апам катуураак экен деп салыштырып да жүрдүм. Анткени апам бизди укмуштай катуу кармап, турмушка бышырып тарбиялаган. Анын бул тарбиясы менин кайын журтума бат сиӊишип, ошол жактын кишиси болуп кетүүмө түрткү болду. Келин болгонго чейин кыз өз үйүнөн туура тарбия алып узаса эле маселе жаралбайт дегенди айтар элем.
Кудайга шүгүр, кайнененин каарына кабылган келин деп өзүмдү эсептебейм. Апабыз биздин колдо, азыр деле ысык чайымды берип келиндик милдетимди аткарып жаткан учурум. Анан казан-аягы такыр эле кагышкан эмеспи деп да ойлошпосун, эгер ич ара таарынышуу болуп калса, андай жерлерден кулагымды жапырып, унчукпай кутулган күндөрүм деле болгон. Мен дагы жумшак болсом керек дей берем. Себеби келин келген жерине окшоп калат дешет. Мындан улам "кайнененин камырынан" деген сөздүн кынтыксыз чындыгы бар.


Мээрим Карыпова, ырчы: «КАЙНЕНЕНИН БААРЫ ЭЛЕ КАРЫГАН БОЛОТ ГО ДЕП ОЙЛОЧУМУН»
– Турмушка чыкканыма 12 жылдын жүзү болду. Мен келин болуп келгенде жолдошумдун апасы жапжаш аял экен. Башыма жоолук салып, бетимен өөп жатса эле «качан карыган апа келип ырымын кылып кетет болду экен?» дей бериптирмин. Оюмда кайнененин баарын эле карып калган чоӊ апа болот деп элестете берчү экенмин. Келин болуп келген жаш кыздарга айтар кеӊешим, кандай гана кырдаал болбосун унчукпай жеӊгенге аракет кылышы керек.
«Унчукпаган адам тоодой балээден кутулуптур» дегендей, жаӊы келген келин үй-бүлөнүн ички шарттарына көнгүчө өзүм билемдик кылып ашыкча сүйлөп, тастаӊдап кайненеси менен айтышканы туура эмес. Кыргызда жакшы кеп бар «тилиӊди жутуп ал» деген. Дээрлик 5 жыл унчукпай чыдап кой. Ал арада Кудай туяк берсе бала-бакыралуу болуп, үлгүлүү жүрүм-турум менен кайын журт ичинде кадыр-баркка ээ болосуӊ. Баарын зымга тизгендей жасап, кынтыксыз иш кылып жатсаӊ, кантип эле кайненеӊ кылдан кыйкым издей берсин? Эгер кемчилик издегенине туш болсоӊ, жөн гана унчукпай кутулган адам жеӊишке жетишет демекчимин.

Психологдун кеӊеши
Психолог Нурзада Маямерова кайнене-келин маселеси боюнча кеӊеш берет:
«КАЙНЕНЕ – КЕЛИНДИН, КЕЛИН – КАЙНЕНЕНИН КҮЗГҮСҮ»
– Бир эле кайнене менен келиндин ортосундагы эмес, адам менен адамдын ортосундагы тил табышуунун өзү оор кубулуш. Эгер кайнене келининен оркойгон кемчиликтерди көрүп жатса, анда алгач ушул кемчиликтер өзүндө жокпу, ошону анализдеп алышы керек. Ушундан улам кайнене келиндин, келин кайнененин күзгүсү деген бүтүмгө келсек болот.
Келин-кайнене мамилесине мисал катары көпчүлүк арасында айтылып жүргөн накыл сөздү айта кетсем. Бир келин кайненесинен кутулуу максатында чөп дары жасаган акылманга келет да, андан уу чөп берүүсүн суранат. Анда акылман: «Мейли, мен сага уу жасап берейин. Ар бир берген тамагыӊа кошуп кайненеӊе ичире бер. Бирок кайненеӊдин ууланып өлгөнүн эл сенден шек санабасы үчүн колуӊдан келишинче жакшы мамиле жасап, айтканын аткарып, аны менен болгон мамилеӊди жөнгө сал» деп жиберет. Келин акылмандын айтканын аткарып, тамагына уу чөптү кошуп бере берет. Убакыттын өтүшү менен келин кайненеси жакшы адам экенине ынанып, аны жакшы көрүп калат. Эми берип жүргөн уу чөбүнө сарсанаа болуп, ууну кайтара турган дары сурап баягы акылманга кайра барат. Акылман ошондо «күнөө кимден кетип жатканын жакшы түшүндүӊ болуш керек. Ал уу эмес, дары чөп болчу. Мен аны менен сенин жүрөгүӊдөгү ууну чыгарып салдым» деп жооп берет.
Ушундан улам кайда болбосун адамды адам кылып кармап турган сапат – сылык мамиле экенин түшүндүӊүздөр болуш керек.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кайненеге кантип жагуу керек?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
sale-81
2015-03-26 13:12:35
Кайненелер ар кандай болот. Жакшы адам болсо не кылба баары жагат. А начар адам болсоо асмандагы жылдызды алып берсен да жактыра бербейт. Мен тытынып жакшы же жаман коруном деп убара болгум келбейт.Мага кандай мамиле кылса мен да ошондой мамиле кылам. Баарынан да куйон озуу тушунукту жана таразачыл болушу керек.
+1
munar_85
2015-03-26 15:13:00
Саламатсынар тан калсанар керек мен келин емесмин куйоомун. Биз аялым екобуз жашаганыбызга 3 жыл болду 2 кызыбыз бар бирок апам менен келинчегим еч еле келише албай койуштуу.Мен уйдо жалгыз уулмун болунуп башка жака чыгып кете албайм емне кылышым керек.
+1
akyla88
2015-03-26 17:44:08
munar_85,Сизге айтаарым, 3жыл мурун жолуккан адамыныз учун, 9ай толготуп, омурткасын сыздатып, сиздин амандыгынызды тилеп келген апанызды эч качан таштабаныз, аялынызды ыйманга чакырыныз жана экоонун мамилеси жакшы болушун кудайдан сураныз
0
momuntay
2015-03-26 18:36:24
munar_85, тан калбайбыз. Демейде жалгыз уул болуу кыйын ага дубай болуу андан да кыйын. Мен эненди же келипчегинди танда дей албайм. Экооно тен бирдей бол калыс бол. Апан сени 49 мууру сыздап тороп не бир уму менен чонойткон. Ал эми келинчегип болсо сенин келечегин болгон балдардын энеси.... демек, жалгыз уулга кыйып болот дегени ушу деп коет.
0
Eliza761024
2015-03-28 18:46:18
munar_85,Сиз уйдогу болуп жаткан пикир келишпестиктин себебин,жообун билууго аракет кылыныз.Бул жерде бир жактуу кароонун кереги жок.Анан жагдайга карап туура жол тандайсыз деген жакшы тилегим бар.Бактылуу болунуздар!!!
0
aikitili
2015-03-26 23:15:38
мен кайненен келинин оз кызындай коро алат дегенден алысмын,мага кошулгандар барбы?7жылдан бери ушуга козум жетип келатат.меники ото катуу жана ото эле сурдуу.а мен ото жоошмун,унчукпай эле женип келатам.
0
lolo
2015-03-27 03:28:45
Unchukpai kutulgula deyin desen kelinder bar kaiyn enesin urmattabagan jana kaiyn eneler bar kelinin jaman korgon. Bilbeim keede joow kaiyn enege tilduu, tilduu kaiyn enege joow kelin uchurait degenge kowulup ketsembi deimda sebebi kop ele kordum )))
+1
Serenada
2015-03-27 23:47:02
Менин дагы кайненем тузук эле адам ,башында жаштык кылып озумон кетчи экенда.
0
Eliza761024
2015-03-28 18:38:18
Кайненеге мамиле кылуу,келиндин озунун жеке туюмуна жараша болот деген ойдомун.Чыдоо керек деген бул жон гана айтылган соз.Кээ бир кайненелер унчукпай койгондо башына ого бетер чыгып алгандар да кездешпей койбойт.Бул соз мн мен сыйлабайм..айтышам деген ойду айткым келген жок.Мен сыйлап оз келиндик милдетимди ашыгы мн аткарууга дайым аракетимди жумшап келем.Ошондо да келишпестиктер жаралса...унчукпай эмес..унчуккан учурлар жардам берген учурлар да кездешет.Келин да бироонун эрке кызы.
+3
rozka
2015-03-29 16:38:11
Кайнененем кандай десем. ортоо десем жанылышпаймын коп нерселерди туура эмес суйлоп журогумду ооруткан. Бирок жаман айткан эмесмин кулуп кутулам. Ошого дагы куйоом аябай сыйлайт
0
chinko
2015-03-29 18:50:15
Кайнэне эч качан оз апа болуп бербейт, келин эч качан кызындай болбойт дене илгерки кепти унутпагыла демекчимин.
0
fashion_nur
2015-11-01 00:58:44
Menin kaiinenem kuioomdun kozuncho jakshy suilop , koshunalaryna abylsyndaryna jamandai berchi
0
Arzyw_92
2015-12-02 01:25:34
Мен да кыз кезимде кудайдан тидейт элем бешенеме жумшак кайнене туш болсо экен деп-тилегим орундадды кайненем экообуз тим эле эне баладайбыз анын устуно уй-будодо чон келинмин быйыд бизди болгону жатышат кичине кайним уйдонот а менин бодунгум кедбейт анткени ал уй менин куттуу уйум ошод уйго барып бакыт табып куйоом экообуз 2уулдуу болдук кыскасы менин кайненем эн жакшы
0
AISUN
2016-12-19 15:36:30
Менин кайненем алтын адам,келин болуп келгени бетиме же элдин козунчо "косяктарымды"айтып каарын токкон жок!(токпой эле койсун мындан аары да)бироону мисал кылып акырын акыл -насаатын айтат.Баардык нерсени кенешем,надо будет ушакташып отура беребиз
0
Rashit
2018-04-19 15:05:28
Жашоодо канча адам бо бири бирине пейилдери окшобойт мен кайненемди жамандагым келбейт .кайнене мн жашаганыма10 жылдын жузу болду эч тил табыша албадым мени жумшаганда ар дайым муну кылбадынбы кочодо калган тигини кылбадынбы бети жок мал деп суйлогондон тажабайт ата энем жоош туура конулдогу адамдар мен ушундай жаман создордон тажадым 3 балам бар эмне кылсам болот акыр аягы сабырым тугоду туну эч уктаялбай кыйналам кулагыма создору жаныра берет жадагалса "ж"деп да айтат куйоом бо эч
0
Rashit
2018-04-19 15:23:44
Дуйнодо канча адам болсо характери да ошончо турдуу болот экен мен кайненем менен жашаганыма 10жылдын жузу болду эч боор тартып суйлоштун ордуна муну кылбадынбы бети жок тигини кылбадынбы кочодо калган "ж" деп тилдейт ары бассам былтык бери бассам тылтык корооодогу мал деп суйлойт акыры сабырым да тугоду чыдмым кетти кечинде эч уктаялбайм басырыкбасып кулагыма создору жаныра берет куйоом болсо канырыгы ичинде тутойт унчукпайт элге окшоп агорот карап мал карабайбыз ишибиз деле аз
0
Rashit
2018-04-19 15:23:58
Жакшы болуу аста ата
0
guliza1988
2018-04-19 20:22:20
Кайненем кудайга шугур жакшы адам. 10 жыл болуп калды турмушка чыкканыма. Бир да жолу урушкан эмес.кабагында буркогон эмес.
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан