КЫРГЫЗСТАНДЫН САЯСИЙ СИСТЕМИНДЕ ПАРТИЯЛАРДЫН ОРДУ ӨЗГӨЧӨ

Кыргызстандагы саясий системде саясий партиялардын орду өзгөчө. Эл партиялар аркылуу мамлекеттик бийликти шайлап, ишин көзөмөлдөйт. Бирок саясий маданияттуулук жетпегендиктен, саясий системдин потенциалы толук ачыла элек. Тескерисинче, кээ бир партиялар системдин ашмалтайын чыгарып жатышат.

Шайлоо алдында бизнес долбоор катары түзүлгөн партиялар ижарага берилип, сатылып алынган партиялар бар экендигин коомчулук жакшы билет. Бүгүнкү саясий систем өзүнүн жемишин бериш үчүн күчтүү идеяга негизделген, карапайым калк менен тынымсыз иштеп, байланышын бекемдеген түпкүлүктүү партиялар керек. Ушундай партиялардын бири – «Ата Мекен» социалисттик партиясы. Кыргызстанда жалгыз эле ушул партия классикалык эрежелер менен иштеп келе жатат. Жылдын башынан бери аймактарда партиянын райондук бөлүмдөрүнүн кайра шайлоо эсеп-чоттук конференцияларын өткөрүп жатышат. Анда ар бир аймактын көйгөйлөрү көтөрүлүп, партиянын келечектеги пландарынын негиздери ошол көйгөйлөрдүн топтомунан түзүлөт. Жергиликтүү маселелер айылдыктардын сунуш-пикирлеринин негизинде партиянын масштабдуу пландары болуп чыга келет. Партиянын программасы эл менен тыгыз иштегенде гана элдик программага толук айланат.
Азыр партияларда саясий коррупция пайда боло баштады. Партиянын чечимдерин төрага же анын жан-жөкөрлөрү эле кабыл алган учурлары бар. Партия, партиядан шайланган депутаттар элден алыстап бара жатышат. Ошондуктан «Ата Мекен» партиялык тизмени борбордон эмес, жер-жерлердеги партиялык уюмдар жана шайлоочулар түзүш керек деген мыйзам долбоорун киргизип отурат. Партиянын ичинде да бийлик монополиясын жоюп, жергиликтүү уюмдардын, лидерлердин ролун көтөрүш керек деген партиянын саясий линиясы бар.
Ошондой конференциялардын бири 14-мартта алыскы Ак-Талаа районунда болуп өттү. Делегаттардын катарында демилгелүү, келечекке үмүттүү карап, өлкөнүн турмушун жакшыртууга жан дили менен аракет кылган жаштардын басымдуулук кылгандыгы көрүнүп турду.
Конференциянын жүрүшүндө коноктор, катышуучулар коомубуздагы азыркы абал, социалдык кырдаал жөнүндө кеп кылышып, күз айларында өтүүчү парламенттик шайлоого ишкер, жөндөмдүү, жаш болсо да дайыма элге көмөгүн көрсөтүп, элдин батасын алып келген кулуну Кылычбек Исамамбетовдун талапкерлигин «Ата Мекен» партиясынын катарында күздө болуучу парламенттик шайлоолорго чыгарууну бир добуштан колдошту. Кылычбек Исамамбетов элге кайрылып буларга токтолду: «Бул чечкиндүү кадамыбыз көптөгөн түйшөлүүлөрдүн, аракеттердин натыйжасы болду. Эмне үчүн «Ата Мекенди» тандадык? Анткени бул чындыктын, адилеттүүлүктүн, келечектин партиясына айланды. Теӊсиздикке, коррупцияга каршы күрөштө өз ордумду «ата мекенчилердин» катарынан көрдүм».

«НАРЫН ЖЕРГЕСИНЕН УСУБАЛИЕВ БАШ БОЛГОН ЖЕТЕКЧИЛЕР КӨП ЧЫККАН»
«Ата Мекендин» облустарда өтүүчү партиялык конференцияларынын алгачкысы 15-мартта Нарындан башталды. Анын өзгөчө себеби бар. 2010-жылы Бакиевдердин коррупциялык, кылмыштуу бийлигин кулатууда адилеттүүлүк, теӊдик үчүн көтөрүлүп, Апрель революциясы Нарын жана Таластан башталган. Быйыл Апрель окуясынын 5 жылдыгы болуп жатат. Ушул күндүн алдында нарындык партиялаштардын, элдин эрдигин баалап, баатырларга таазим кылып, эмгегин баалап, партия өзүнүн кезектеги облустук конференциясын баатыр нарындыктар жердеген ыйык жерден баштады.
Конференция өтүп жаткан театр залына аймактардан келген делегаттардын батпай, тирелип турушу каарман нарындыктардын деминен, кубатынан алардын көзүнөн дале болсо революциялык күч-кубат жанып турганынан кабар берип турду. Партиянын лидери өз сөзүндө акыркы 5 жылда жасалган иштер боюнча баяндап, саясий, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, сот системин реформалоо, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш менен бирге айыл-чарбасын колдоо, байланыш, жол тармагын өнүктүрүү, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү багытында өкмөттүн, коалициянын жасап жаткан иштери жөнүндө айтып берди. Ошолордун ичинен элдин жашоо-тиричилигине, Нарын аймагынын экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү долбоорлорду баса белгиледи. Бул Нарын аркылуу өтүүчү «Жалал-Абад – Балыкчы» альтернативдүү жолу, Кытайдан Европага Нарын аймагы аркылуу өтүүчү темир жолу туурасында Өмүрбек Текебаев баса белгиледи. Бул жолдор облустар ортосундагы байланышты чыӊдап, регионализмге дагы чек коёт. Жалал-Абад – Торугарт темир жолу Нарын аркылуу өтүп, жумушчу орундарын гана ачпастан, алыскы чет Нарын жергесин инфраструктурасы бай борбордук аймакка айлантат.
Аксакал Медеткан Шеримкуловдун сөзү да кайдигер калтырган жок: «Нарын жергесинен Турдакун Усубалиев баш болгон коомдук ишмерлер, жетекчилер арбын чыккан. Нарын жергеси азыр да ушундай кайратман адамдардан уучу кур эмес».
Апрель революциясынын лидерлеринин бири Алмамбет Шыкмаматов артта калган 5 жыл аралыгында өкмөт мүчөсү катары үлгүлүү иштеди. Зарыл учурда тоолук мүнөзүн көрсөтүп, «Кызматтан намысты жогору коём!» деп кыргыз өкмөтүнүн мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен кетти. Бул кыргыз жаштарына үлгү. Биз Алмамбет Шыкмаматов менен сыймыктанабыз. Ушундай жаштар «Ата Мекен» партиясынын жана Кыргыз мамлекетинин келечеги!
Кыргызда азамат кыздар көп. Экс-башкы прокурор Аида Салянова ошолордун бири. Мурдагы президент Роза Отунбаевадан кийин эле каармандыктарды жасаган баатыр кыз. Аида Салянова биздин партиялаш эле эмес, санаалашыбыз. «Ата Мекен» аны мурдатан колдогон, мындан ары да колдойт.
Ал эми орус кызы, «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жаш депутаты Наталья Никитенконун кыргыз тилинде элге кайрылганы, кол чабуулар менен коштолду: «Тоолордой бийик Нарын эли менен жолугушуп жатканыма сыймыктанам!»
Нарындыктар элибиздин 5 пайызын түзөт. Бирок өлкөбүздүн экономикасына, саясий-социалдык абалына кошкон салымы чоӊ. Ийгилик ачкычы элдин санында эмес, кайратында, эрдигинде экендигин алар далилдешти. Сиздер адилеттүүлүктү, чындыкты баалайсыздар. Жыйынтык сөздү Кыргыз эл акыны, Шайлообек Дүйшеевдин ыры менен аяктасак:

«Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес
».

Теӊир-Тоо аймагында өз деӊгээлинде өткөн партиялык конференция өз максатына жетип, кийинки башка облустардагы конференциялар жана республикалык курултайга байсалдуу жол ачып берди. Мекенчил нарындыктар конференциядан жаӊы дем-күч алып, үйлөрүнө жаӊы үмүттөр менен кайтышты.

Кубанычбек Жунушбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан