«Кумтөр»: «ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН ОӉДОП-ТҮЗӨӨ»

«Кумтөр» кениндеги алтын ылгоочу фабрика масштабдуу капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өтүп, өндүрүш оптималдаштырылды. Алтын ылгоочу фабриканы мындай глобалдуу оӊдоо «Кумтөр» долбоору башталганы биринчи болуп жатат.

Дээрлик 3 апта бою өзгөчө абалда иштөөдөн кийин алтын кендин негизги объектиси иштеги чыгымдарды кыскартууну мүмкүн кылган, жакшыртылган өндүрүштүк сапаттары менен толук кандуу иштеп баштады. Бул өз кезегинде кирешенин көбөйүшүнө жана мамлекетибиздин казынасына түшүүчү каражаттын жогорулашына алып келет.
Жаӊы жабдуулар үч аптанын ичинде жайгаштырылса, ортодогу тегирмендин шакек тиштүү дөӊгөлөгүн даярдоого 18 ай, орнотууга 50 адис керектелди.
– Айрым өзгөчө тетиктер уникалдуу, анткени бир эле экземплярда чыгарылат. Алардын бири – тегирмендин шакек тиштүү дөӊгөлөгү. Ал кен иштеп баштаганы экинчи жолу алмаштырылды. Мурунку жабдык алмашпай, дээрлик сегиз жыл иштеди,- деген фабриканын менеджери Руслан Рыскулов алты метр диаметрдеги жабдыкты көрсөттү. Ал бекем курама темирден АКШда жасалып, бүкүлү эки бөлүктөн турат. Бул эбегейсиз эмгек. Жабдык биздин тегирменге гана чакталган,- деп кошумчалады ал.
Шакек тиштүү дөӊгөлөккө тегирмен айланганда эбегейсиз катуу күч келет. Андыктан адистер ай сайын анын тиштеринде жарака же доо кетүүлөр болбогондугун текшерип турат. Мындай дыкат көзөмөл жабдуунун иштен чыгып калуудан сактоо үчүн жасалат, себеби бир тегирмендин ушул тетиги бузулса бүт алтын ылгоочу фабрика кошо иштен чыгат.
Кээ бир эски жабдууларды демонтаждап, жаӊысын орнотууну «Кумтөрдүн» кызматкерлери өздөрү аткарышты. Алсак, абдан татаал жана кылдаттуулукту талап кылган тегирмендин ички коргоочу катмарын доо кетүүдөн сактоочу атайын бөлүгүн жаӊыртуу.
– Тегирмендин ички коргоочу катмарын доо кетүүдөн сактоочу атайын бөлүгүн жаӊыртууга биздин кызматкерлер көнүп калышкан. Мындай иштерди биз жарым жылда бир жасайбыз. Бул фабриканын агрегаттарынын иш мөөнөтүн узартууга керектүү оӊдоп-түзөө,- дейт алтын ылгоочу фабриканын мастери Айбек Доконбаев. Бирок биз тегирменди коргоочу жабдыктардын баарын алмаштыра албайбыз. Мисалы, тегирмендин ички бетин майда аралашмалардан жешилишинен коргогон полиуретанды чачуучу атайын жабдуубуз жок. Аны чет
элдик адистер жасап беришет,- деп кошумчалады ал.
Жалпысынан алганда, алтын ылгоочу фабриканын үч тегирменинде оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө алты өлкөдөн 50гө чукул түркүн адистер келишти.
Чет элдик кесипкөйлөрдү, мисалы, оӊдоп-түзөөдөн өткөн агрегаттарды туура жана абдан так борборлоштура алган адистер КМШдан күндүзү чырак менен издеп табылбайт, ошондуктан башка өлкөлөрдөн чакырылат.
Бул иш абдан татаал жана өтө зергерлик чеберчиликти талап кылат. Тегирмендин салмагы башка комплект ичиндеги жабдууларды кошкондо 1000 тоннаны түзөт жана бир миллиметрдин ондон биринен жаӊылуу менен ишке кирсе жыйынтыгы жаман болуп калышы ыктымал. Эбегейсиз жабдык байкалбаган күч келүүдөн улам иштен чыгып, фабриканын токтоп калышына эле эмес, миллион долларлык чыгымдарга алып келет.
Алтын ылгоочу фабриканын бир да кызматкери толук оӊдоп-түзөөдөн өткөрүү маалында жумушсуз турбайт. Алар оӊдоо, профилактикалык иштерге катышышат, айрымдары коопсуздук эрежелеринин сакталышына көз салып турушат. Ал эми фабриканын көзөмөл бөлмөсүнүн адистери стандарттуу иштерин жасашат, башкача айтканда, объектинин тиричилик аракеттерин көзөмөлдөп турушат.
Кендин калган объекттери масштабдуу оӊдоп-түзөө учурунда кадимки абалда иштеп жатышты. Мисалы, карьерде алтын ылгоочу фабрика ишке кирери менен аны жетиштүү кен менен камсыз кылуу үчүн казып алуу иштери токтогон жок. Штаттык абалда иштеп турганда фабрика саатына 750 тоннага чейин кен иштетет. Буга катар тоо-кен техникаларын оӊдоочу мастер, механиктер штаттык абалда иштеп жатышты.
– Биздин милдетибиз – оор жүк ташуучу унааларды токтоосуз иштетүү. Жетиштүү тажрыйба, шарттар бар болгондуктан биз ишибизди сапаттуу аткарабыз,- дейт кендеги авто-устаканалардын биринин мастери Турсунбек Аманбаев. Мен бул жерде 20 жылга чукул иштедим. Кыргызстандагы эӊ чоӊ өндүрүштө иштеп жатканыма сыймыктанам,- дейт ал.
Аманбаевдин айтымында, «Кумтөрдүн» башка кызматкерлериндей эле аны кендин айланасындагы кырдаал тынчсыздандырат. Ал алтын өндүрүүчү ишкана тууралуу маселени тез арада чечиш керек деген ойдо: «Реалдуу кароо керек. Кыргызстан азырынча өз алдынча мындай ишкананы сүйрөп кете албайт, акча жагынан дагы. Мамлекет кендин иштеши үчүн күнүнө 1,3 миллион долларды каяктан алат? Андыктан 50-50 пайыздык үлүш деген бизге бүгүн керек болуп жатат. Анан бул маселени саясатташтырууну токтотуу зарыл. Биз мындан чарчадык, тынч жана туруктуу иштегенди каалайбыз».
Айта кетүүчү жагдай, парламенттин биргелешкен ишкана түзүү боюнча кыска мөөнөттө келишимди кошумчалап иштеп чыгуу чечиминен кийин келген Жогорку Кеӊештин депутаттары менен болгон жолугушууда негизги сөз болду. Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети алтын кен аймагында көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынтыгында, аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев депутаттар бул сапарда коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан айрым маселелерди жеринен даана көрө алгандарын маалымдады. Азыркы учурда цианиддин жана уулуу заттардын калдыктар чарбасынан агып чыгуу коркунучу жоктугун, коопсуздук чаралары каралып, кендин кызматкерлери кырдаалга жыл бою көз салып тургандыгын кошумчалады.
«Кумтөр Голд компани» президенти Дэниел Дежарден эл өкүлдөрүнүн сапарын жемиштүү болду деп баалады.
– Бул жолугушуу менен депутаттар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, өлкөсүнө санаалаш экенин көрсөттү. Кийинки маанилүү кадам – кыргыз жана канадалык тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн эффективдүү аякташы,- деди Дежарден.

Аида Асанбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
hairullo
2015-03-28 18:18:26
Ошентип сатыла бергиле чекеден ар бирин, акылы жайында олколор алтын резервдерин кобойтуп, толуктап чет жерден сатып алып атышса,биздин "акылдууларыбыз" баш айланткан интелигенттик создору менен элди алдап оздору да алданып жатышат. Алтын - бул, жылдан-жылга баасы которулуп туруучу товардын эквиваленти. Товарды ондурсо болот, акчаны аппараттан басып чыгарса болот, ал эми Алтынды Аллах Таала чектелуу эле берген. Ошону сактай албасак анда кул болобуз башка элдерге. Ойлон кыргыз элим, ойлон!!!
0
hairullo
2015-03-28 18:28:12
Кумтордон паланча сом салык киреше тушот дешет, ал киреше кечирип коюунуздар какой-то процент эле, мейли 10% болсун, ошондо да 10 млрд $ акчадан 1млрд $ эле Кыргызстанга тушуп атабы? Азыр иштете албасак келечектеги муундарга сактап койолу, андан коро кайра иштетуу, ата мекендик продукцияларды экспорттоо боюнча схемаларды тузолу. Сырттан машиналарды жана башка мусорлорду сатып келе бербей. Мамлекет бир чоон уй-булодой.
0
jaazira13
2015-04-18 12:26:25
мындай чон ири ишкананы жоготпогонго аракет кылышыбыз керек
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан