«Бир жылдын камын ойлосоӊ эгин эк, жүз жылдын камын ойлосоӊ дарак тик» демекчи, мөмөлүү бак тигүү абдан кирешелүү. Эгерде ал дарагыӊыз кокон гиласы болсо андан да жакшы. Себеби аталган мөмө-дарагынан түшүм мол болуп, жакшы кам көрсө элүү жылга чейин түшүм берет.
Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну Ахмат Калматов жыйырма жылга жакын убакыттан бери дыйканчылык жана багбанчылык менен алектенет. Какыраган ээн талааны бакчага айлантып, азыркы тапта 5 гектар жерден алманын, кокон гиласынын, шабдалынын ар кыл сортторунун мөмөлөрүн алат. Аксакал 2,5 гектар жерге 1000ге жакын кокон гиласынын көчөтүн тигип, бышыкчылык болгон сайын өз чөнтөгүн кампайтарын айтат.
– Ахмат мырза, эмнеден улам багбанчылык менен алектенип калдыӊыз?
– Багбанчылыкка чейин айдоочу болуп иштеп жүрдүм. Кийинчерээк жерге болгон кызыгуум күчөп, дыйканчылыкка өттүм. Жердин талабына жараша сугарып, дарысын чачып, асылдуулугун арттырып турсаӊ эле киреше түшө берет экен.
– Кокон гиласы менен канчадан бери иш алып барасыз?
– Аталган гиласты тигип, түшүм алып келе жатканыма он беш жылга жакындады. Бул аралыкта бак тигүүнүн сырларын тереӊ өздөштүрдүм. Жерди сен эле алдабасаӊ, жер сени алдабайт. Эмгегимдин аркасы менен үй-бүлөмдү багып келе жатам. Кокон гиласын жакшылап карап-өстүрүп алсаӊ 50 жылга чейин түшүм берет, көп чыгымды деле талап кылбайт. Кокон гиласы бышканда өзүбүздүкүлөрдөн сырткары тажиктер сатып алышып, Тажикстанга, Орусияга алып чыгып сатышат.
– Көчөт тандоодо эмнелерге көӊүл буруу керек?
– Көчөттөр эрте жазда отургузулушу кажет. Эӊ негизгиси бак тигүүдө көчөттү туура тандоо шарт экен. Эгерде начар тандалып калса, анда чыгымга учурайсыӊ. Көчөт алып жатканда 1-2 жылдык, сабактары түз көчөттөрдү тандаса, түшүмдүү болот. Көчөттүн тамыры жыш, коюу болуп, казып алып жатканда чабылып, кесилип калбашы абзел. Аны тигүүдөн мурун тамырынын учтарын кесип, кык менен топурактан теӊме-теӊ даярдалган атайын чылага малып туруп отургузсаӊ соолуп калбайт. Жерди тандоого дагы кылдаттык менен көӊүл буруп, шамал жүрүп турган тегиз жерлерге айдаса жакшы өсөт. Көчөттү отургузууда аралыгын 6-7 метрден кылып тигүү керек. Ошондо бир гектар жерге 200-280 даана кокон гиласынын көчөтүн тиксе болот.
– Мөмө бышканда курт-кумурска, канаттуулардан кантип коргойсуздар?
– Курт-кумурскаларга каршы атайын дары-дармектерди чачабыз, ал эми канаттууларды жолотпош үчүн атайын «каракчыларды» (чучело) жасайбыз. Андан сырткары бактын ар кайсы жерлерине коӊгуроолорду орнотобуз, алар жел болгон сайын үн чыгарып чымчыктарды чочутуп турушат.
1 ГЕКТАР ЖЕРГЕ
Орто эсеп менен 250 көчөт тигилет.
Көчөттөрдүн орточо баасы 150 сом. 150х250=37 500 сом.
Жердин ижара акысы келишимге жараша 10 000 сомго чейин болот.
Жер семирткич (селитра) ар бир көчөткө 400 граммдан. 0.4х250=100 кг – 2600 сом. Куртка каршы дарылоочу каражаттарга 4000 сомго чейин.
Сугарууга 2000 сом. Жалпы чыгаша 56 100 сом.
6 жылдан кийин толук түшүм бере баштайт.
Болжол менен ар бир түп 10 килограммдын тегерегинде мөмө берет.
Орто эсеп менен 250х10=2500. Жыйынтыгында 2,5 тонна кокон гиласы алынды. Анын орточо баасы килограммына 80 сом. 80х2500=200 000 сом.
200 000-56 100=143 900 сом таза киреше.
Темирбек Матаев
kenesh@super.kg