Жоомарт Сапарбаев, Жогорку Кеӊештин депутаты: «МЕН ЖАКШЫ АТА БОЛУШУМ МҮМКҮН, БИРОК ЖАКШЫ КҮЙӨӨ ЭМЕСМИН»

Айымдар аны «Жогорку Кеӊештин эӊ сымбаттуу мырзасы» дешет, кыргыз саясатына саресеп салып тургандар үчүн ал жаш жана курч эл өкүлү. Жаштар үчүн ал үлгү. А кимдир бирөөлөргө ал татыктуу атаандаш. Журналисттерге болсо кызыктуу маектеш. Эмесе, кеп учугун созбой, «ата мекенчи» депутат Жоомарт Сапарбаев менен болгон баарлашууга көӊүлүӊүздөрдү бурабыз.

– Жоомарт мырза, лыжа тебем деп кичине кырсыктап калыптырсыз. Ден соолугуӊуз калыбына келип жатабы?
– Ооба, жаӊы жылдык эс алууларда лыжа тебем деп кырсыктап калгам. Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп калдым. Дароо эле айыгып кетпейт экенсиӊ, ордуна келиш үчүн убакыт
керек экен.
– Медицина тармагындагы шалаакылыктарга байланыштуу сын-пикирлер көп айтылат. Эмнени байкай алдыӊыз? Же «бул жигит депутат» деп кемчиликтерди көрсөтүшкөн жокпу?
– Дарыгерлердин оркойгон шалаакылыгын көрө алган жокмун. Медицина тармагындагы жабдыктардын баары эскириптир, орундар жетишсиз, ошону байкадым. Бул дагы биздин экономикабызга байланыштуу да. Сындай беребиз, бирок бир нерсе болсо эле ошол дарыгерлерге күнүбүз түшөт экен. Бул тармак да акырындап жакшырат деген үмүт бар.
– Депутат боло элек кезиӊизде бизге берген маегиӊизде «жетиштүү турмушта жашаганга умтулам» деген экенсиз. Эл өкүлү болуу менен бардарчылыкка жетсе болчудай бекен?
– Эми жетиштүү турмуш деп финансылык абалдын жакшырышын эле айтууга болбойт го. Адам катары өсүү да маанилүү. Мен байыш үчүн депутат болгон эмесмин. Материалдык жактан байыйм дегендер депутат болуп эмес, ишкерлик менен эле бутуна туруп жатышпайбы?
– Орусия президенти Владимир Путинден адегенде президенттин милдетин аткаруучу болуп келгенде журналисттер «президенттик кабинеттен эмнени көрүп турасыз?» деп сурашкан экен. Путин «мен биздин өлкөнү оӊдош керек экендигин көрүп жатам» деген жооп кайтарган. Сурайын дегеним, депутат болуп кабинетке киргениӊизде сиздин оюӊузга эмнелер келди эле?
– Жолдогу автоунаалар кыйма-чийме өткөн сыяктуу башыма ар кандай ойлор келип-кеткен. Коррупция маселеси, биздин саясатка аралашканыбыз, депутат болгонубуз тууралуу ар түркүн ойлор туулган.
Биринчи кирип келгенде эле эмнегедир Ак үйдүн терс энергиясын сезгем. Кандайдыр бир кысылуу, оордук бар. Азыр деле ал атмосферага көнүп кеткен жокмун. Анан дагы иш бөлмөмдөн кыргыз жери ушунчалык кооз экендигине дагы бир ирет ынандым. Тереземден ак кар баскан чокулар көрүнүп турат.
– Депутат болгон 5 жылда сизде эмнелер өзгөрдү? Эмнелер өзгөрбөгөн бойдон калды?
– Саясий процесстерге көз караштар өзгөрдү. Тигини салдыралы, муну куралы дейсиӊ, бирок айрылган шейшептей болгон бюджетибизди бир жагына тартса, бир жагына жетпей жатканын көрүп аттиӊ дейсиӊ. Жөнөкөй жаран паспорт же дагы башка документтерди алууда бюрократияга кабылат эмеспи. Бул жакта да ошондой, жогорку деӊгээлдеги бюрократия бар. Бир долбоорду өткөрөйүн десеӊ, «тигиге бар, буга бар» деген маселе жаралат.
Ал эми жеке өзүм тууралуу айтсам, мен баягы эле Жоомарт бойдон калгым келет. Досторум, жакындарым менин өзгөрүлгөнүм же өзгөрбөгөнүмө туура баа бере алышса керек.
– Мамлекетте өзгөрүүлөр болдубу?
– Биринчиден, парламенттик системге өтүү аракеттери башталды. Эми ал канчалык ишке ашып жатат, эл баа берет. Экономикалык жактан алганда укмуштуудай өзгөрүү болуп кетти дей албайм. Каатчылыктын артынан каатчылык болуп, чоӊ толкунда калган бөтөлкөдөй эле ары-бери чайпалып жүрөбүз. Инфраструктура боюнча айтсак, ошол эле түндүк-түштүк альтернативдик жолунун, «Датка-Кемин» жогорку чыӊалуудагы электр энергиясын өткөрүүчү линиясынын курулуп башташын айтсак болот. Укмуштуудай алга жылуу бар дегенге болбойт, бирок жылыштар бар.
– Эмне үчүн сизди кайсы бир министрлик кызматтардан көрө алган жокпуз?
– Биринчиден, каалоом болгон жок. Аткаруу бийлигине баруу үчүн жаштык, анан курчтук аздык кылат. Жеке тарых-таржымалыӊдан мурун иштеп кете алышыӊ керек, жыйынтык көргөзүшүӊ зарыл. Ойлонуп көрүп, азырынча менин тажрыйбам жетишсиз, эртерээк го дедим. Бул мөөнөттү депутаттык кызматымды так аткаруу менен бүтүрөйүн деп чечтим.
– Бирок сунуштар болду да?
– Мамлекеттик телеканалдардын бирине жана Жаштар министрлиги жаӊыдан түзүлө баштаганда ал министрликке жетекчи болуу жана башка сунуштар түшкөн.
– Эми жеке жашооӊуз тууралуу да кеп козгой кетсек. Кызыӊыз чоӊоюп калгандыр. Кандай кылыктары менен кубантып жатат?
– Кызым 2010-жылы 28-июнда жаӊы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдум болуп өткөндүн эртеси төрөлгөн. Жакында 5 жашка чыгат. Бала бакчага барып жатат. Кыял-жоругу мага окшош, тентек. «Кыз киши атасына жакын болот» деп коюшат го. Мага аябай жакын. Уулдуу да болгом. 1 жаштан өтүп калды. Балдарымдын кылыктарын айтып бүтө албайм.
– Үйдө да принциптен тайбай, айтканыӊызды бербей турасызбы же көбүнчө дипломатия, бири-биринин ыгына көнүү, компромисске баруу басымдуулук кылабы?
– Жок, үй-бүлөдө дипломатияга бара албайм. Кырсмын. Мен жакшы ата болушум мүмкүн, бирок жакшы күйөө эмесмин.
– Эмне сизди чектен чыгара ачууландырышы мүмкүн?
– Көп эле жагдайлар. Жаштыкпы, кан суюкпу, айтор, ачуум тез келет. Саясатта акты кара, караны ак дей беришкен учурлар болот. Ошондойдо өзүмдү кармана албай кетем. Азыр сөз кылып жатып эстеп жатам. Азиз Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткенде катуу ачуулангам. Ал кездеги Башкы прокурор Аида Салянова мага таарынып да жүрдү.
– АКШнын президенти болгон Жон Кеннеди шайлоодо жылдыздуулугу менен айымдардын добушун алган дешет. Кызыгы, мындай мүмкүнчүлүк сизде да бар деп айткан айымдар табылды. Өзүӊүз кандай ойлойсуз?
– Жон Кеннеди айымдарга жаккан мырза эле эмес, гений саясатчы да болгон. Эми Кеннединин деӊгээлине жетиш үчүн көп жашап, көп иштешим керек. Саясатта ар кандай технологиялар бар. Ким билет? Балким, шайлоодо добуш алууда андай ыкма жардам берсе, колдонуп да көрөбүз.
– Быйыл «Ата Мекен» партиясынын катарында жүргөнүӊүзгө 10 жыл толот. Акчанын тартыштыгынан кеӊседен үйгө чейин жөө кеткен күндөрүӊүз да болгон экен. Дегеле, аталган партиянын курамында жүрүп тапканыӊыз жана жоготконуӊуз эмне болду?
– Ооба, депутат боло элек кезде оппозицияда жүргөндө түрдүү окуялар болду. Акчабыз жок. Партиябыздын кеӊсесине жакын жердеги дүкөндөргө карыз болуп, ачка калганда «кукси» жегенибиз эсимде. Азыр партиялаштарыбыз ошол күндөрдү эстеп, жылмайып калабыз. Аттиӊ деп күйгөн окуя болгон жок. Кээде туруп ушул саясатка аралашкан 10 жыл ичинде бизнес жасасам кандай болмок деп да ойлоп кетем. Бирок мен саясий багытты тандап алгам.
– Парламенттик шайлоодо Бишкек шаарынан талапкерлигиӊизди коёт экенсиз. Борбордо ушул тапта тез арада чечилиши керек болгон маселе кайсы?
– Бишкек шаарынан талапкерлик болбойт го дейм. Ал мыйзам долбоору кабыл алынбай калды. Борбор калаадан жетиштүү добуш алуу мага жүктөлгөн. Бишкек жөнүндө айтсак, тез аранын ичинде чечилиши керек деген маселе катары унаа тыгындарын эсептейм. Мен бул боюнча Жол-кайгуул кызматынын башчысына да сунуш киргизгем. Шаар өзгөчө жанданган убакта чоӊ көчөлөрдүн кесилишинде МАИ кызматкерлери туруп, көзөмөлдөп турушун айткан элем. Керек болсо өнүккөн өлкөлөрдө да ушинтишет. Бишкекте калктын саны өсүп жатат. Жаӊы жолдорду курууга бюджетибиз жол бербейт. Андыктан ушул сунушту карап чыгышса болмок.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
st1m_
2015-03-23 13:02:36
Жаш жигит экен оссун-онсун мамлекет учун иштеп озунон киймнки муундагы саясатчыларга улгу болсун.Текебаев аксакалдан тарбия алсан жаман адам болбойсун.Иш жолуна ийгилик.
0
spacegirl
2015-03-23 16:10:11
Биздин депутаттарыбыз онолгуча кыргыз элибиз жок болуп кетпесек болду, бюджетте акча жок дешет ушуларга канча акча сарпталып жатат элибиз да чыдап жашап келе жатат да ар ким оз арабасын суйроп.
+1
formula12
2015-03-23 17:14:36
Типичный депутаттын типичный маеги.Эч кандай озгочолук жок башкалардан
+7
Zarema94
2015-03-24 00:12:26
Ишинер созун0рго дал келбейт. Элди,бюджетти ойл0г0н киши керек болсо батирден, машиналардан баш тартып к0йм0ксунар. Эн кыйын кундо кукси жеген болс0н0р, азыр к0пчулук мекендештерибиздин кунумдук тамак-аш графигинен кукси табылат. Негизи депутаттарга эч кандай артыкчылык бербеш керек. Алар эл башынан отк0рг0нду кошо отк0руп, эл кандай жашаса ошондой жашаганда гана калкка жакын болуп, жардамы к0буро0к тиймек
+6
Oi_pikir
2015-03-24 09:36:51
Жоомарт деген депутат болуп келгенде эле мамлекет тарабынан берилүүчү квартирадан баш тарткан. Башкаларчылап кабат-кабат үйлөрү, хан сарай бизнеси жок, биз сыяктуу эле айлыгы менен жашап аткан бала. Жакшы адам, жакындан билгеним үчүн айтып атам.
-2
naaazka
2015-03-24 10:42:21
туура айтасынар бизге 10 эле депутат жетиштуу иштей турган. саны бар сапаты жок болбой. бекер эле аларды багып журо бербей.
+2
Kairatbek-2011
2015-03-24 12:25:19
Биз Аллахтан тилейли татыктуу 10 жетекчини бийликтен эмес. Биз озгорот албайбыз буларды Жаратканым туура жол коргозуп биз ойлогон максатка жетели, калган 110 депунун баары карапайым элдей жан баксын
0
noeli
2015-03-24 17:03:37
Бла бла бла,Азиз Батукаевти качырганынарда менин деле каттуу ачуум келген и че?
+1
mela
2015-03-24 19:47:35
Келечеги кен !!!
-2
Sagidko88
2015-03-24 21:31:04
соз бар, толк жок булардан.
+2
dentistka
2015-03-24 22:04:21
eeeh, Kyrgyzstandyn kelechegin korboi kaldykgo, ar kim oz maksatyn oilop ozum bolsom ozum jesem dep kaldy, mamleketti kiyinki muundu oilogon adamdardy mikroskop menen da tappay kaldyk go, Tekebaev jalan jaw kadrlardy tarbiyalap jatkanyna karaganda ozuno brigada toptopatat okwoiyt,
0
dentistka
2015-03-24 22:10:45
biz byiyl buturuuchu kurstabyz, birok butkondon kiyin jumuw jok, mamlekettik iwkanaga iwteym desen taanywyn kuchtuu boluw kererk eken je akchan,,,((( aylykty uksan bir cheti kulkun kelet bir cheti iylagym kelet, byudjettegi akchalardy 100 deputat jep jata berse, albette aylyk kotorulboitda, wayloogo jakyn kiichine kotorgon bolup koiuwat , wayloo butkondon kiyin kayta ele orduna tuwup kalat, eldi oilogon bir da adam jok bolso kerek,,, ((((((((((((((((

0
alimyrza93
2015-03-25 03:28:02
))) ошол элге кызыктуубу
0
ILYAS181296
2015-03-25 18:40:19
Жоомарт силер ойлогондой эмес...элин ойлогон патриот депутаттардын бири..."Лидер" жаштар клубу менен иштешип кенешин берип келет...Тамашоу да калыс болуп отурат...Оа жепжутарлар бар бирок арасындагы таза иштеген адамдар корунбой калып жатканы окунучтуу..
0
myshka406
2015-03-28 17:39:00
Депуттарды айлык маяна албай иштетип коруу керек,ошондо элге пайдасы тиет,оздору калоосу менен эле азайышат))))
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан