Супер сынак
Элибизге таанымал адамдарга окшошсузбу? Анда биз менен байланышыңыз деп сынак жарыялаган элек. Өздөрүн белгилүү адамдарга окшошмун деп билген бир нече окурмандарыбыз бизге келип, сүрөттөрүн калтырышты. Алардын бири 50 жаштагы Курманалив Дарихат (сүрөттө оң жагында) болду. Дарихат ага “генерал-полковник Абдыгул Чотбаевге окшошмун” дейт. Мына, өзүңүз да байкап көрүңүз, окурман. Азырынча Курманалиев Дарихат генерал-полковник эмес, милициянын подполковниги экен.
P.S. Урматтуу окурман, бул сынак уланууда. Сиздерден кызыктуу сүрөт күтөбүз.