КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Өӊү кубарган Жылдыз бульварды аралай басып келе жатты. Каз катар тигилген бактар анын ички муӊуна шайкеш келгендей. Саргарган жалбырактарына болор-болбос жел тийсе жерге сапырылат. Садырга биринчи жолу жолукканда табият ушундай болуп турбады беле. Бирок анда ичинде мындай муӊ-зар жок болчу. Тек гана жаздын желине эркелеп, кыялданып жай басып келген.
Колуна гүл кармаган Садыр анын караанын алыстан эле тааныды. Кубанганы жүзүнө чыгып, алдынан адатынча утурлай тосуп алды.
– Келдиӊби? Айыл-апа тынчпы, үйдөгүлөр жакшы жатышыптырбы?
– Рахмат, баары жакшы.
Кер сары тарткан иреӊин билгизбейин дегенчелик кылып жылмайды. Бирок калп жылмайганы ичтеги кайгысын жүзүнө алып чыккандай болду. Балбылдаган көздөрүнө жаш тегеренип кетти.
– Эмне, жаман кабар барбы, өӊүӊ купкуу тартып турат да?
– Баары жакшы.
– Сен калп айтып жатасыӊ. Бир нерсе болдубу?
Жок дегенчелик кылып башын Садырдын ийинине жөлөдү. Садыр бир нерсени туйгандай улам ар кайсыны сурап убара. Жылдыздан кыска гана жооп алып жатты. Оюнда айылда жаман кабар болгон го, «чоӊ атам төшөктө жатат» деп жатпады беле деп ойлоду. Садыр оюн ошол ишке божомолдоп койду. Дарактар шуудурап, жалбырактар биринин артынан экинчиси үзүлүп желге учуп жатат. Жылдыз кантип сөз баштасам деп болгон ишти айта албай убара.
– Жылдыз,- деди кайдадыр алыска көз чаптырып отурган Садыр.
– Угуп жатам.
– Эмнеге маанайыӊ суз? Менден бир нерсени жашырып жатасыӊбы? Сага бөтөн адам эмесмин. Болгонун болгондой эле айта бер. Кайгыӊды теӊ бөлүшүүгө чамам жетет.
Жылдыз бир нерсени айтайын деп эриндерин кыймылдатканы менен айткан жок.
– Садыр, бак аралап басалычы.
– Басса басалы.
Эки жаш жетелешип кетип бара жатышты. Садыр мурункудай шайыр, тамашакөй калыбында. Ар кайсыны сүйлөп, Жылдыздын маанайын көтөрүүнү ойлоп бара жатат. А Жылдыз болсо анын тамашаларына тек жүзүн кубултуп, калп жылмайып коёт. Экөө бул бульварда акыркы жолу кыз-жигит болуп басып келе жатышканын кайдан билишсин? Жылдыз келе калып эле бар чындыкты балп эткизе айтып, сүйүктүүсүнүн көӊүлүн түшүргүсү келген жок. Жүрөгү сыздап турса да, анын жанында өзүн акыркы жолу бактылуу аялзаты катары көргүсү келди. Болушунча ага жакын болуп, анын мээримине жылынгысы келди. Жүрөгү, көӊүлү сүйгөн Садырынан ажырап, ата-энеси кудалаган бөтөн жигиттен мындай мээримди көрө албасын сезип жатты. Бульварды аралап ары-бери басып, сүйлөшүп жүрө беришти. Күн уясына эбак эле кирип кеткен. Мындай убакта ал жатаканага кетүүгө ашыгып, «Садыр, мени күтүп калышты, кетейин» дечү эле. Бүгүн анткен жок. Сүйүктүүсүнүн жанынан чыккысы келбеди. Садыр анын кетем деп айтпаганын көптөн бери көрүшө элекпиз, куса болгон го деп болжоду. Өзү да аны аябай сагынбады беле. Бир убакта Садыр:
– Жылдыз, күн кечтеп кетти. Жоктоп калбасын. Узатып барайын,- деп жатакана тарапка басышты.
Жетип келгенде эле Жылдыз адаттагыдай көпкө сүйлөшкүсү келбей кирип кетүүгө камынды. Эч нерсе айтпай, эртеӊ айылга сапар тартмакчы болуп Садырдын жүзүнө акыркы ирет тоюп карап алгысы келди. Анын ысык алаканына алаканын тийгизип, көпкө кол кармашып турушту. Бул анын үнсүз коштошуп жаткандагысы эле. Садыр аны сезе койгондой, колун акырын тартып бара жаткан сүйүктүүсүн бек кармай калды.
– Жылдыз, сен бир нерсени жашырып жатасыӊ. Чын эле бир нерсе болдубу же мага капа болуп жатасыӊбы?
– Сага эч качан таарынмак эмесмин.
– Анан? Айтчы батыраак, менден жашыргыдай эмне сырыӊ бар?!- деп Садыр үнүн өктөм чыгарып, бир нерседен чочугандай сүйүктүүсүнүн колунан тартты. Ал башын жерге салып дале үнсүз.
– Айтчы, сени ким капа кылып жатат? Азыр жарылып кетем,- деп ары-бери басып колун силкип ийди. Жылдыз башын бир аз көтөрүп:
– Садыр, биз бирге боло албайбыз,- деди.
– Эмне-е?- деп селт этип таӊ боло калды Садыр.
– Мени ата-энем бөлөк бирөөгө кудалап коюшуптур. Жакында тоюбуз болот. Ортодогу мамилени унут. Мени кечирип кой.
– Эч кайда барбайсыӊ! Эч кимге турмушка чыкпайсыӊ! Ушундай бактылуу күндөрдү артка таштап, бир заматта жат адамга айланып кетип калам дейсиӊби? Мен кантем?
– Садыр...
– Эмне? Сени бирөөгө жөн эле берип койбойм. Эч кимдин биздин махабатыбызды уратууга акысы жок.
– Мен деле сени, экөөбүздүн махабатыбызды чанып бат эле макул боло калды дейсиӊби? Каршылык кылдым, көӊүл сүйгөн адамым бар экенин айттым. Баары бир ата-энемдин сөзүн
эки кылып башын аттай албадым.
– Жылдыз, эми эмне кылганы жатасыӊ? Эч нерсени айтпай, мени сызга отургузуп кетүүгө кантип батындыӊ?!
– Эч кимге эч нерсени айтпай кетүүнү эп көрдүм. Азыр сен менден такып сурабаганда экинчи көрүшпөйт элек.
– Жаман оюӊду токтот. Эртеӊ мен сени айылга алып кетем. Баш кошобуз, бирге болобуз.
– Ата-энеме эмне дейм? Чырпыктай кезимден чоӊойтсо, тилин укпай кете беремби?
– Кечиришет, биздин бактылуу турмушубуз алардын бүгүнкү оюн сөзсүз жеӊет.
– Балким, күтө турсак кантет? Садыр, мен коркуп жатам. Алардын каарына калгым келбейт.
– Коркпо, көрөсүӊ го, биз бактылуу болобуз. Келечекке ишенчи, Жылдыз. Тагдыр экен, бешене экен деп сүйүүбүзгө балта чабабызбы? Ата-эне кандай болгон күндө да өз баласынын
бактысын ойлойт.
– Ата-энеӊе үйлөнөм деп айттыӊ беле?
– Жок, «окууӊду бүткөндө үйлөнөсүӊ» дешкен.
– Алар бизди кабыл алышпай коюшсачы?
– Кабыл алышат. Сендей суйкайган сулуу менен үйдүн алдына барып, «ата, апа, мен силерге келин алып келдим» деп кыйкырам. Көрөсүӊ, ошондо төбөсү көккө жеткендей кубанышат.
Сүйүктүүсүнүн кооптонуп жатканын ал ушинтип басаӊдаткандай болду.
Узун түндө экөө теӊ кирпик кагышкан жок. Жылдыз ата-энемди айылга кеп кылат экенмин. «Кудалаган кыз төрүн чанып кетти дешет» деп санаага батып отурду. Садыр ата-энеси «өзүӊ жалгыз бала болсоӊ, өзүбүздүн эле айылдан алсаӊ болмок» деген сөздү айтарын алдын ала эле билген. «Кыз калбай калгансып аркалык аял алып келиптир» деп айылга сөз болорун дагы ойлонуп жатты. Бирок эч нерседен кооптонгон жок. Махабатына, арзыган Жылдызына жетүүнү гана ойлонду. Таӊ атары менен эч нерсеге карабай Жылдыз жашаган жатаканага барды. Жылдыз ичинен кооптонгону менен, сүйгөн түгөйү менен кетип жатканына кудуӊдап турду. Эгиз козудай ээрчишкен эки жаш автобекетке барышты да, айылга сапар тартышты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
adilet_3234
2015-03-23 09:49:42
Бул ад кызык чыгарма окшойт.
+1
Bektur2
2015-03-23 14:56:04
Жылдыз аркалык болсо Садыр оштук болуп жатабы
0
altyn_kyz
2015-03-23 20:31:17
Ушу трайбализмден качан арылабыз десен,озубуз алакандай мамлекет болуп туруп болунуп-жарылабыз((((
+2
Abikova93
2015-03-29 17:32:59
Эми Эмне болот байкуштар
0
biikech.dina
2015-03-30 13:57:34
0
Munarka
2015-04-01 11:02:51
башында окугум келбеген эле жакшы чыгарма экен
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан