ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Апамдын алдында көз жашымды төгүп отурдум.
– Мен сизди бактылуу кылгым келген, көрсө, менин бул дүйнөдө жаралганым сиз үчүн кыйноо болгонун билбептирмин. Эх, апаке, эмнеге мени багып чоӊойттуӊуз? Балдар үйүнө берип салсаӊыз болмок.
– Анда мен өзүмдү кечире албайт болчумун. Балам, дагы бир жолу айтып жатам, сени ким төрөгөнү маанилүү эмес, сен менин баламсыӊ!
Ким билет, балким, мен ушул сыноодон кийин сынып калат белем? Бирок мени апамдын мээрими алып чыкты. Акырын айтып, катуу айтып ыйлап айтып жатып менин өтмүшүмдү кабыл
алуума жардам берди. Апам атамды кечирүүмө да түрткү болду. Ошол окуядан кийин биринчи жолу атам менен ата-бала катары бетме-бет отуруп сүйлөштүк.
– Мен сенин жана Баяндын алдында кечирилгис күнөө кетирдим. Балам, адам өзүн-өзү кечирбей жазалаганы жаман экен. Мен өмүр бою өзүмдү жазалап келе жатам. Бирок сен жазалаба мени. Апаӊдай мээримдүү адамсыӊ. Бир чындык бар, сени башка төрөгөнү менен, акыйкатта Баяндын баласысыӊ,- деди. ө
Аттиӊ, бирок жүрөгүм апамдын баласы деп жатканы менен, акыйкатта мени башка аял төрөгөн эле. Андыктан мен ал аялды да билишим керек болчу. Эч кимге билгизбей өзүмдүн апам Назик тууралуу изилдей баштадым. Жок дегенде ал ким болгонун, кандай үй-бүлөдө тарбияланганын, эмне деген жан болгонун билгим келди. Ошентип эч кимге айтпай, өз апамдын дайынын билүү үчүн Көлгө жөнөп кеттим.
Күн ысык эле. Такси менен кетип баратып бара турган айылым жөнүндө айдоочудан сурап бара жаттым.
– Айылга биринчи жолу келе жатасыӊбы?
– Жок, биринчи деле эмес...
Айылдын четинен түшүп калып жай басып бара жаттым. Болжолдогон үйгө келип көпкө туруп калдым. Жапыз, кароосуз калган там экен, кирген-чыккан адамдар деле көрүнбөйт. Дарбазанын эшигин тартып кирип барсам, бир картаӊ апа өрүктүн көлөкөсүндө отурган экен.
– Саламатсызбы?
– Саламат, балам, сен кимге келдиӊ?
– Мен...- эмне дээримди билбей туруп калдым.
Тиги апа мени көпкө тиктеп турду да, кучактаган боюнча бакырып ыйлап жиберди.
– Аманат... Сен Аманатсыӊбы?! Жалгызымдын жалгызы...
Көрсө, менин таенем жалгыз калган экен. Ыйлап-сыктап алгандан кийин ал мени отургузуп алып айтып берди.
– Назик менин жалгыз кызым болчу. Атасы кезинде жакшы жумуштарда иштеген элдин адамы эле. Мен ден соолугума байланыштуу Назиктен кийин төрөй албай калгам. Таятаӊ болсо мени кетирип башка аял алгысы келбей, жалгыз Назиктин көзүн карап отуруп калдык. Назик аябай эрке чоӊойду. Ошол өзүм билемдиги, эркелиги башына жеттиби, айтор, байкушумдун өмүрү да кыска болду. Жыл айланбай күйүттөн атасы да каза болуп калды. Мен катуу ооруп, оорум менен алышып өзүм менен өзүм болуп калдым. Кудай канча жаш берсе жашайт экенбиз да, минтип дагы деле өлбөй жүрөм. Болбосо менин жаным эбак эле кызым каза болгондо учуп кеткенсиген. Жакында сиӊдим келгенинен сенин дайыныӊды билишин сурандым эле. Кантсе да тилегим Кудайдын кулагына угулса керек, минтип сен мени издеп келдиӊ. Сенин жүзүӊдү көрүп өлсөм арманым жок деп жүргөм.
Үйгө кирип чай ичкен соӊ менин апамдын сүрөттөрүн көрсөттү. Эртеси таенем менен коштошуп, ага дагы келип турарымды айтып шаарды көздөй бет алдым.
– Баргыӊ келсе апаӊдын мүрзөсүнө барып кет, балам. Менин дагы бутум баспай, көптөн бери каралбай калды,- деди таенем.
Алгач кете берейин деп ойлогон элем, бирок буттарым өзүнөн өзү шилтенип, апамдын көрүстөнү көздөй бет алдым. Чын эле тазаланбай калган экен, тазалап, эстеликтин чаӊын жүз аарчым менен сүртүп көпкө отурдум. Эми кетейин деп турсам, айылдын четинен жеӊил машина көрүнүп, түз эле көрүстөн жакка келе жатты. Ичинен апам түштү. Биз бири-бирибизди үн катпай түшүндүк. Карегинен мага таарынбаганын, мени түшүнүп турганын билдим. Негедир ыйлагым келип кетти. Кучагына бой уруп мага кичинемден тааныш, жаркын жытты искеп алдым да, жаным жай ала түштү.
– Болдубу, балам, үйгө кетеликпи? - деди апам да жеӊилдене.
– Ооба, үйгө кеттик,- дедим ишенимдүү. Экөөбүз үйгө карай жол тарттык. Жолдо кетип бара жатып бир нерсени айкын түшүндүм. Көрсө, мен жаӊылган экем. Атам айткандай, акыйкатта менин бир гана апам бар экен. Ал менин артымдан издеп келген, көзүн жумуп болсо да менин кайда экенимди билип алган, мени ар качан кечире ала турган, мен үчүн жанын бергенге даяр өзүмдүн апам Баян болчу...

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
jask
2015-03-23 12:17:38
Бактылуу болушсун эми баарысы!
0
Shaa-82
2015-03-23 12:21:47
ой жаман журокту ооруттуго бул чыгарма. озум да аралашып жургондой сезилди
0
Uulkan2288
2015-03-23 12:37:01
Эптеп бүтүрүп койуптур да ))
+1
Ayka0696
2015-03-23 12:41:48
Уч курбу аябай кызыкту эун силерге рахмат супер инфо
+1
kera2
2015-03-23 12:54:36
Урматту Админ, ушул чыгарманы жазган автор жана чыгармалары тууралуу маалымат бере аласыздарбы?
0
admin_superstan
2015-03-23 13:44:15
kera2, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
Akmosha
2015-03-23 15:52:01
Эн мыкты чыгарма.Авторго таазим!Китеби болсо сатып алмакмын.
0
Mavlyuda
2015-03-23 16:13:04
Уфффф наконец бутту э. Ыйлагым келип кетти аягында. Байкуш жалгыз кемпирге да кыйын. Эми сандан санганы окубайм. Окусам кызыгып калып бир жума кутууго туура келет.
+1
Swallow
2015-03-23 16:35:44
Чыгарма абдан жакшы жазылган,авторго таазим!!!
0
veneraaalieva
2015-03-24 18:21:17
Чыгарманын авторуна чоон рахмат, дагы -дагы калеми курчуй берсин, мындан да кызыктуу чыгарма жазышын чыдамсыздык менен кутом!
0
xerik
2015-03-26 08:12:25
ayabayi jakxy jazylgan yrluu roman desekta bolot eken.
0
nargizka.kg
2015-03-27 14:31:21
Рахмаааат супер-инфо
0
mersedes2013
2015-03-27 19:57:45
Аябай соонун чыгарма экен .Мага абдан жакты .Супер инфо бул чыгарманын автору ким?
0
Isebaby
2015-04-29 21:43:43
Башынан кантип окусам болот
0
admin_media
2015-04-30 10:57:19
Isebaby,
Саламатсызбы! Сериалдын астында баары көрсөтүлгөн.
0
Isebaby
2015-05-02 00:00:40
Сонун екен ыйлак жаным олло ыйлап алдым чооон рахмааат супер силер суперсинер атынарга затынар жарашып!!!
0
taariel
2015-05-11 19:48:14
Башталышы жакшы болчу, кийин эле баары кайталанып кызыгы кетти, акыры супсак буткон, бирок жакшы эле чыгарма экен
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан