Актёр, ырчы, обончу, тамада кер мурут Асылбек Өзүбековду кимдер билбейт. Биз сүйгөн, биз сыйлаган актёр быйыл 57-жазын тосуп жаткан кези. Анын ушул кезге чейинки басып өткөн жолуна кайрылып көрүүнү туура көрдүк.
Туулган жылы, күнү – 1958-жыл, 1-март
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы
Жалпысынан 40ка жакын обон жараткан. «Мен өрттөнүп барам», «Таппай жүрөм», «Кош жылдыз», «Эски достор» жана башкалар.
Жалпысынан 15 тасмага тартылган. «Боз салкын», «Белгисиз маршрут», «Апамдын махабаты» жана башкалар.
Театрда жараткан ролдору: «Мен күндү көрүп турам», «Күттүргөн жаз да келер», «Биздин үйдүн Карлсону» жана башкалар.
Учурда 4 баланын атасы, 5 неберенин чоӊ ата, таятасы.
«ӨЗБЕКТЕРДИН ПАХТАСЫН ДА ТЕРДИК»
- Мени 4-классымда апам Фрунзеге Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка алып келген. Мени ырдатып, үнүмдү текшерип, талантымды байкап «комуз бөлүмүнө алабыз» дешти. Мен аккордеон бөлүмүнө окуюн десем, ал жак толуп калыптыр. «Кларнет деген сонун музыкалык аспап бар, окуйсуӊбу?» дешкенинен аты өзгөчө угулду окшойт, дароо «окуйм» дедим. Көрсө, ал үйлөмө аспап экен.
Интернатка көнбөй кыйналдым. 2 айдан кийин апам менен таенем мени көргөнү келишиптир. Качып апамдар менен кошо айылга кетким келди. Аны байкаган апам «жакшы оку» деп айтты да, бурулуп басып кетти. Көзүмдүн жашын он талаа кылып ыйлаган боюнча кала бердим. Азыр ойлосом, апам акылдуулук кылып менин келечегиме жол салып берген экен. Аталган мектептен музыка эмне экенин, нота дегенди түшүндүм. 4 жыл окуп, 8-классты бүтүп айылга барсам, ал жакта жыргал жашоо. Каникул бүткөндө шаарга барбай, айылдагы мурдагы классыма кирип окуп алдым. Борбордогу мугалимдерим өкүнүштү, анткени кларнет менен оркестрде ойноп калган элем да. «Туура эмес кылдыӊ, сенден жакшы музыкант чыкмак» деген бойдон калышты.
Айылдан 10-классты бүтүп жатканда Ташкенттеги театралдык окуу жайга кабыл алуу болуп калды. Жеӊишгүл (ред.Өзүбекова) эжем баш болуп түртмөлөшүп жатып актёр жана кино факультетине өтүп кеттим. Ошентип Ташкентте окуп калдым. Кыргыздар ал жактан да жөн жүрбөйбүз да. Кыргыз тайпасы аябай тентек болчубуз. Жок жерден бир нерсе ойлоп таап курсак тойгузар элек. 30 мүнөттүк танаписте староста журнал менен калем сап алып, аны биз коштоп ар бир тайпадан акча чогултабыз. Кабакты бүркөп алып «Вьетнамга жардам бериш керек, согуштан кийин алар кыйналып жатышат, ким канча бере алат?» деп ар бир аудиторияга кирип чыкчубуз. Анан алар «майли, ака» дешип чөнтөктөрүнөн акча чыгарышат. Биз зерикпей аларды ишендириш үчүн журналга фамилияларын, канча акча бергенин жазып, кол койдуруп алабыз.
Сабак бүткөндөн кийин чайканага барып лагман жеп, сыра ичип курсакты кампайтар элек. Студент кезде өзбектердин пахтасын өкүртө тердик го, чиркин. Колдорубуз чор болуп кетчү. Кыргыздар жалкоолонуп анын да жолун табар элек. Түндө баары уктап жатканда даяр терилген пахталарды талаага алып барып катабыз. Эртеӊ менен бизди мугалимдер талаага алып барышат, биз иштебей, катып койгон пахтабыздын үстүнө уктайбыз. Кечинде уурдаган пахтаны план деп өткөрүп койчубуз.
«ЭРКЕЛЕП ИЧИП КЕТКЕН КЕЗИМ БОЛГОН»
- Ташкенттен окууну бүтүп келип, 1975-жылдан баштап Кыргыз драма театрында иштеп калдым. Келгенде эле эӊ мыкты режиссёрго туш болдум, Мелис Шаршенбаев сахнадагы тушоомду кести. Андан кийин «Мен күндү көрүп турам», «Күттүргөн жаз да келер» деген спектаклдерде роль жаратып, театр дүйнөсүнө бат эле аралашып кеттим. Залкар инсандар менен иштештим десем болот.
1990-жылдан баштап Жамал эженин (ред.Сейдакматова) этегин кармап «Туӊгуч» театрын түзүп, ошол жерде иштеп калдык. «Запкы», «Аян» деген көркөм тасмаларды тарттык. Спектакль, концерт коюп Германияга, Мисирге, Колумбияга чейин бардык. Фестивалдарга катышып, «Туӊгуч» дүӊ деп эле жатып калды. «Келгилечи, күлөлү», «8-шар», «Күлкүлятор» өӊдүү телевизиондук долбоорлорду жасадык. 1995-жылдан бери «Ак кула» ат майданында өтүп келе жаткан көк бөрү оюнунун баяндоочусу болуп келем. Кыскасы, чыгармачылык изденүү менен күнү-түнү иштеп көп иштерди жасадык. Бирок баарын кыйратып салдым дебейм. Мен деле пендемин, жаӊылган мезгилим да болгон. Эркелеп 100 грамм ичип кеткен учурлар болду.
Бир жолу «Туӊгуч» театры менен өзүмдүн айылыма концерт коюп барып калдык. Концерт кечинде башталат, биз күндүз бошпуз. Анан жайлоого баргым келди. Коллектив, айылдагы агалар болуп жайлоого чыгып кеттик. Ал жактан ат минип, балык кармап, суу кечип жүргөн кезимди эстеп, жыргап иче берип мас болуп калыптырмын. Кечинде концертте бир ырды араӊ ырдадым да, элге кайрылдым. «Калп эле кылтыӊдаганым болбойт, мен азыр кызуумун, сиздерден кечирим сурайм. Балалыкта жүргөн кездерди көрүп алып эстеп кичине ичип алдым эле» десем элдин баары дүркүрөтө кол чаап ийди. «Аске, түшүнөбүз» дегендей эле болду. «Мындан аркысын «Туӊгуч» улап, сиздерди эч зериктирбейт» деп элге ачык эле айткам.
Апам менин эл адамы болуп жүргөнүмдү көрүп сүйүнүп ыраазы болчу. Бир гана ичкенимди укканда кейип калар эле, «ай, балам, сен байкап жүрчү, кээде машинаны да кызуу бойдон айдайт экенсиӊ. Мындай болбойт, абайласаӊ боло» деп көп айтчу. Ата-энем биз кичине кезибизде эле ажырашып кетишкен. Апам жалгыз төртөөбүздү тарбиялап өстүрдү, «атаӊарга баргыла» деп айта берчү. Экөө бир айылдан болчу. Өзүм ата болгондо атанын кадырын түшүнүп, келинчегим экөөбүз барып катышып калдык. Ал башка аялы менен жашачу, бирок балдары жок эле. «Биринчи балаӊарды берсеӊер мен багып алайын» дегенинен макул болдум, бирок ага жетпей 51 жашында каза болуп калды. Атам мага картаӊ чалдай сезилчү, өзүм 51ге чыкканда ал кишинин толуп турган кезинде каза болгонун түшүндүм. Апам болсо былтыр 78 жаш кезинде өтүп кетти. «Апамдын махабаты» тасмасынын апамдын жашоосуна тиешеси бар десем болот.
«АЛА ЖИП ЭМЕС, КЫЗЫЛ, САРЫ, ЖАШЫЛ БАРДЫК ЖИПТИ АТТАГАМ»
-Театрда иштеп жүргөндө аскер комиссариатына чакырып калышты. «Аскерге барасыӊ» дегенинен «менин бир балам бар» дедим. «Бир бала эч нерсе болбойт, экөө болсо калмаксыӊ» деп айтышты. «Аялымдын боюнда бар» десем, «аялыӊды алып келчи» дешкенинен жетелешип барып калдык. Келинчегимдин 5-6 айлык боюнда бар эле. «Мейли, үч, төрт айдан кийин төрөйт экен» деп мени аскерден калтырышты. Келинчегим ошондон кийин «аскерден сени мен алып калгам» деп тамашалап жүрдү.
Театрда иштеп жүргөндө «планды толтургула» деп артисттерди облустарга бөлүп салчу. Жазда кетип, чөптөр саргайып калганда келчүбүз. Үй-бүлөбүз эмне болуп жатканынан кабарыбыз жок, ал кезде уюлдук телефон деген жок, кабарлашчу деле эмеспиз. Күнү-түнү телевидение, кино, спектакль, гастроль деп жүрүп балдарымдын кандай чоӊойгонун деле билбей калдым, муну моюнума алам. Бир айга командировкага кетип жатсам, жубайым бир айлык кийимимди эсептеп баарын тыкчыйтып сумкама салып берет. Бир айдан кийин тоголоктоп, кир кылып, ошол сумканы көтөрүп келем.
Чыгармачылыкта жүрүп ала жипти эле эмес, кызыл, сары, жашыл жиптин баарын аттадым. Жубайым мени түшүндү, баарын көтөрдү, менин тентектигиме, эркелигиме, өйдө-төмөн кеткендигиме, жиндилигиме чыдаганы үчүн чогуу жашап келе жатабыз. Эгерде «өлүп кетсин, талаада калсын» деп басып кетсе мен ким болуп кетмекмин, аны бир Кудай билет. Азыр кыз берип келин алдым, 5 неберелүү болдум. Үйгө неберелер келгенде бапырап эле жыргап калабыз. Мурда той-топурга барганда 60, 70теги кишилер «неберелериме алып барам» деп чөнтөктөрүнө момпосуйларды салып алса, эми ушунун эмне кереги бар деп жактырчу эмесмин. Азыр өзүм неберелериме берейин деп момпосуй жыйнап калдым.
Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АЗЫР ДА КЫЗ СҮЙӨ ТУРГАН ЗЫӉКЫЙГАН ЖИГИТ»
– Асылбекти менчелик эч ким билбесе керек. Театрга жаӊы келгенде эле таланттуу бала экен деп көзүм түшкөн. Кыргыз драма театрынан бөлүнүп «Туӊгуч» театрын ачканыбызда да чогуу болдук. Обон чыгарган өнөрүн да өтө баалайм. Тамашакөй, шайыр, таланттуу десем болот. Баары Асылбек баламды шок, тентек деп айтышат. Мен эне катары ошол тентек балдардан жакшы инсан чыгат деп айтар элем. Кер мурут, көзү жайнап турган зыӊкыйган жигитке ашык болгон айымдар толтура. Кайсы кыз болбосун азыр да сүйүп кала турган келбети бар. Бирок ошончо аялзатына азгырылып кетпей, үй-бүлөсүн сактап калганы – бул Асылбектин жеӊиши деп ойлойм. Мына, эрке балам чоӊ ата, таята болду. Дайыма машинасына неберелерин салып алып, андан өткөн бактылуу киши жоктой жүрөт.
Жолдош Исраилов, классташы: «АСЫКЕМ ДАГЫ ДЕЛЕ ТОКТОЛО ЭЛЕК»
– Мен Асылбектин классташы гана эмес, бирге өскөн кошунасымын десем болот. Аккордеон ойногонду жакшы көрчү. Айылдын балдарын чогултуп алып концерт уюштурчубуз. Жубайы Сүйүн да классташыбыз, аны алып баруучу кылып коёр элек. Бир велосипеди бар болчу, аны кооздоп эле убара боло берчү.
Жаш кезинде өрт болчу, кыздарга тийишип ыйлатып эле басып жүрөр эле. Энергиясы ашып-ташкан бөтөнчө жан десем болот. Асылбек баарыбыздан эрте үйлөнүп, эрте балалуу болду. Азыркыга чейин үй-бүлөбүз менен катышабыз. Асыкем жок отуруштун көркү ачылбайт. Отурушта да баарына тийишип, бир сыйра чычалатат, кыскасы, дагы деле токтоло элек.
Сүйүн Жунусова, жубайы: «СҮЙГӨНҮМДӨН УЛАМ АНЫН БАРДЫК КЫЛЫГЫНА ЧЫДАДЫМ»
– Асылбек экөөбүз бир класста окуганбыз. Мага тийишип жүрүп 9-класста сүйдүрүп алды. Ошентип мектепти бүтөрүбүз менен баш кошуп жашап келе жатканыбызга быйыл 40 жыл болот. Чыгармачыл адамдын жубайы болуу өтө кыйын. Алардын жан дүйнөсү назик, жалаӊ ыр, чыгармачылык деп жүрүп үй-бүлө экинчи орунга калып калат. Асылбекти сүйгөнүмдөн улам анын бардык кылык-жоругуна чыдадым болуш керек. Жан дүйнөсү ыр эӊсеп калганда «бар, бирөөнү сүй, элжире, ырахат ал, анан сонун чыгарма жаралат» деп кыздарга өзүм жөнөтчүмүн.
Чыгармачыл адамга жолтоо болбой эркиндик берсеӊ эргүү келип, элдин жүрөгүнө жете турган чыгармалар жаралат. Күндөп-түндөп чыгармачылык деп жүрүп үйдүн бетин көрбөй калчу. Үйдөгү кем-карчы менен анын башын оорутпай, өзүм баарын жайгарчумун. Эстрада биздин жашоого жаӊы кире баштаганда мен базарга чыктым. Базарда нан, жумуртка, эт, бозо саткан күндөрүм болгон. Ошентип жүрүп бир ыр жаздырам дегенде «ме, эки ыр жаздыр» деп 300 сомдон 600 сом чогултуп берчүмүн. Ал кезде 600 сом аябай чоӊ акча болчу.
Роза Шакирова, шакирти: «МЕНИ РОЗА ШАКИРОВА КЫЛГАН АСЫЛБЕК АГАЙ»
– Асылбек агайды мен мыкты обончу, тажрыйбалуу актёр, устатым деп билем. «Туӊгучта» иштеп жүргөндө темирдей бекем тартипте кармачу. Такыр фонограмма менен ырдатчу эмес. Фонограмма менен ырдаганыӊды көрүп калса айып салчу. Мен кыздардан бир аз толугураак болчумун. Ошондуктан мени көп бийлетер эле. Окуучуларына «бир эле жерде мелтейип туруп ырдай бербей бийлегиле, күлгүлө» деп сахнада өзүн алып жүрүүнү да үйрөттү. Роза Шакирова деген аттын калыптанышына агайдын эмгеги чоӊ. Агайдын ырларын ырдап менин атым чыккан. Асылбек Өзүбековдун ырлары ак жолтой ырлар.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg