ЖАЛАӉ СУУ ИЧИП ООРУДАН КУТУЛУУГА БОЛОБУ?

Салттуу медицина, албетте, жалаӊ суу ичип оорудан айыгууга жол бербейт. Бирок элибиз илгертен элдик дарылоо ыкмалары аркылуу карандай суу ичирүү менен дарттан айыктырып келген. Учурда бул ыкма колдонулабы? Болсо кайсы ооруларга?

БИЛИП АЛ

  • Мээнин 75 пайызы, сөөктүн 22, бөйрөктүн 82, кандын 83, булчуӊдардын 75 пайызы суудан турат.
  • Адам денесиндеги суунун 2 пайызын жоготсо, катуу чаӊкайт. 10 пайызын жоготууда галлюцинацияга кабылат, ал эми 20 пайызын жоготуу өлүмгө жеткирет.
  • Суунун курамында бардык жандуулардын организмине керектүү магний, кальций, натрий, калий, темир, фтор, йод жана башкалар бар.

«40 КҮН СУУ ИЧҮҮДӨН АДАМ ЖАШАРЫП, ИЧКИ ТУЮМУ ӨСӨТ»
Жолдошбек Султанов, аюрведа илиминин доктору, табып:
– Мен суу ичирип айыктырууну тибеттик кыргыздардын арасында 1 жыл жашаган кезде үйрөнгөм жана бардык ооруларды айыктырууда колдоном. Сууну 3, 7, 12, 21 жана 40 күн кылып ичүү туура. Мисалы, бөйрөгү ооругандарга 12, ал эми жүрөк оорулууларга 21 күн ичүү керек. Бирок бейтаптын ден соолугуна, көтөрө алышына жараша 3 же 7 күн деп чектейм. Күнүгө 3 литрге чейин суу ичирем. Денедеги керексиз заттардан жана оорулардан толук сакаюу үчүн 40 күн суу ичүү талап кылынат. Мындай адам өзүн жаӊы төрөлгөндөй сезип, жапжаш болуп калат. Ички туюму күчтүү болуп, мурун билип-туйбаган нерселерди билип, сезе баштайт. Суу ичүү мөөнөтү бүткөндөн кийин алгачкы күндөрү суунун жарымына айран кошуп иче башташат. Анан тамагына күрүч аралашат. Ал эми нан, этке эӊ акырында өтөт.

«БУЛАК ЖАНА МӨӉГҮ СУУЛАРЫНЫН КАСИЕТИ ЧОӉ»
Дүйшөн Чомо уулу, табып:
– Суу ичирүүнүн максаты – адамдын канын жана организминдеги шлактарды тазалоо. Оорулар дал ошол кандын бузулушунан жана организмге шлактардын толуп кетишинен чыгат. Булар тазаланса эле организм оору менен өзү күрөшүп, дарт жоголо баштайт.
Төмөнкү ооруларга суу менен дарыланууга болбойт: рак, бронхоэктаз, кант диабети, бөйрөктүн жана боордун оор оорулары (сарык, цирроз), талма, анемия, жүрөктүн кемтиги.
Сууну ичүү мөөнөтүн 3, 7, 9, 15 күндүк кылып чектейм жана булак, мөӊгү сууларын ичүүнү сунуштайм. Сууну муздаткычка салып тоӊдуруп, 12 сааттан кийин эритип ичсе да болот. Булардын дарылык касиети күч. Тажрыйбамда 7 күн суу ичкен адамдардан төртөө гана болду. Көпчүлүгү 3 күнгө араӊ жетишет. Бирок бул деле жакшы жыйынтык берет.
Адам жалаӊ сууну 3 күн ичмек болду дейли. Мындайда 1-күнү 100 граммдан 7 маал, 2-күнү 150 граммдан 7 маал, 3-күнү 200 граммдан 7 маал ичет. Анан тамакка түз кирип кетпей 3-4 күн чайга (сууга) 1 аш кашыктан сүт кошуп ичишет. Тооктун этин бир кайнатып суусун төгүп, кийинки шорпосун ичүү сунушталат. Антпесе адамдын организмине күч келип, ооруп калышы мүмкүн. Анан шире, боткону аздан жеп барып, акырында күчтүү тамакка аралашат.

«8-10 КҮН СУУ ИЧСЕ ЗАЛАЛСЫЗ ШИШИК ДА ЖОГОЛОТ»
Акылбек Сарылбеков, элдик дарыгер:
– Эмне үчүн суу дартты айыктырууда колдонулат? Анткени адамдын денесинин көпчүлүк бөлүгү суудан тургандыктан суу ичүү зыян келтирбейт. Мен кайнатылган суу менен кан, тери, боор, өт, бөйрөк, ашказан-ичеги, өпкөнүн өнөкөт ооруларын дарылайм. Организми көтөрө албагандарды суу менен дарылоого болбойт. Каза болуп калуулары мүмкүн.
Күнүнө 1,5-2 литр суу ичилет. Дарылануунун алгачкы 3 күнүндө адам тамак ичкиси келип, болор-болбоско жинденип, ачка кыйналат. Андан кийин ачка болуу сезими жоголо баштайт. Ооздон ацетондун жытындай жыт келет. Суу ичкенден 8-10 күндөн соӊ адам абдан шалдырап, башы айланып, кускусу келип баштайт. Бирок 8-10 күн жеӊиш чеги болуп эсептелет. Бул аралыкта керектүү азык барбай калгандыктан анча-мынча залалсыз майда шишиктер жоголот.
Суу менен дарылоодо дене керексиз заттардан, ашыкча салмактан арылат. Мындай организмдин механизми толук иштей баштайт да, дене өзүндөгү оорулар менен күрөшүп, жыйынтыгында оорудан айыгат.
Мага келгендердин көбүн 3 күн гана суу ичирүү менен дарылайм.

«САПЫРЫЛГАН СУУ КАН БАСЫМДЫ КАЛЫПКА КЕЛТИРЕТ»
Нурлан Мамыров, табып:
– Мен кычкылтекке байытылган суу менен дарыланууну жогорку кан басымды калыптандыруу үчүн колдоном. Адам суудан тышкары 3-4 маал аздан мүнөздөп тамак иче берет. Суу кантип даярдалат? 200 грамм булак суусун бир идишке куюп, 60 сантиметр бийиктиктен башка идишке сапырып куюу кажет. Ошентип суу 28 ирет сапырылат. Мындай суу эртеӊ менен тамактан 1 саат мурун, кечки тамактан 1 сааттан кийин ичилет. Мончого түшөр алдында да ичүү сунушталат. Суу ичүүнү кан басым толук калыпка келгиче улантуу зарыл. Эгер суу крандан алына турган болсо, аны 12 саат бөлмөдө бетин таза кагаз менен жаап кармоо сунушталат.
Эскертүү: Суу ичип дарылануудан мурда врачка кайрылып, кеӊеш алуу кажет. Дарылана тургандар сууну табыптын көзөмөлүндө гана ичүүлөрү зарыл.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Суу ичип дарыланса болобу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Munarka
2015-03-24 14:44:34
соонун кенеш экен
0
Bakytym_Madinam
2015-03-24 19:30:23
кенешинерге чоон рахмат.
0
Mononoke
2015-03-24 19:57:49
олумго да алып келет деп журот гоо
0
sara90
2015-03-26 14:08:15
menda erte mn jarym stakan suu daiuma ichem..kop ele ichem suunu..
0
tynara81
2015-03-26 18:32:19
Суу ичип тазаланмакчы, дарыланмакчы болгондор, түшүнүшүмчө , өз алдынча ичип дарыланууга болбойт. Табыптар гана өз көзөмөлүндө, адамдын оорусуна, көтөрө алышына жараша өлчөп суу берип дарылайт экен. Өз алдыңарча суу ичип дарыланам деп ден соолугуңарга зыян кылып албагылаа!
0
Leili
2015-03-26 20:42:27
Мен кунуно эки литир суу ичем уйдо филтирленген суу агат ошондон ичсе болот бекен!же созсуз кайнатыш керекпи!
0
lolo
2015-03-27 03:41:08
Baardyk nersenin kobu jaman eskertuu!!! Erten menen kechinde muzdak suu ichilbeit!!! Bir kundo 5, 10 litrdan awyk suu sossuz olumgo alyp barat!!!
0
elif
2015-03-27 14:24:55
Men dayım krandan alingan suunu suulukka kuyup koyup koyom,bul ayabay paydaluu,hlorlor uchup suu jakshina bolup kalat
0
ascasheri
2015-03-27 15:54:25
Дагы бир кенеш тугандар Сууну жон эле ичпестен Курандагы Фатиха суросун 7жолу оокуп туруп ичсе ооруган жер айыгат
0
Nuura
2015-03-27 17:05:18
Кош бойлуу кезде коп суу ичкенге болбойт баланын суусу кобоюп кетет.Менин кайненем дагы суу ичип туруш керек экен мен такыр сууну аз ичем деп айтат.Кыргызстаныбыздын таттуу сууларына эч кайсыл олконун суусу жетпейт.Кыргызстанымдын озун эле эмес баардык нерселерин сагынасын чет элде жургондо.
0
zhykyo
2015-03-27 21:54:29
Суу коп нерсеге пайда. Муздак суу менен 6 ай ичинде куюнуп журуп, чыгып кеткен курсагымды калыбына келтиргем.
0
Baymat
2015-03-28 11:37:29
билбейм менин оюмча медиктер ар нерсеге тыюу сала берет мисалы сууну кайнатып ич. кайнатпай ич суудагы адамга пайдалуу азоттор учуп кетет дейт. чай демдеп ич кок-кара чай дейт кайсынысын кылышты билбейсин
0
aidai89
2015-03-29 20:37:39
кэчке суу иче берсе анорексия болуп олбойбу
0
dentistka
2015-03-29 23:33:00
jakwy kenew eken. musulmanchylyktada suunun ichuunun 5 parzyn aytywat, 1- suunu ichip jatkanda suunun ichin karaw kerek, 2- suunu icheerde bismillany aytw kerek, 3- suunu oturup ichiw kerek, 4- suunu bolup bolup ichiw kerek,kulkuldatyp ichken kunoo dewewt. 5 -albette Allahka wugur aytyw kerek, ILIMPOZDOR IZILDEWTI, SUUNU TURUP ICHKENDEN KOP OORULAR PAYDA BOLUUSUN, MISALY APPENDICCIT,
bulardy ilim eemi izildep atat, a bul bizge murda ele Alla taala KURANDA AYTYP KOIGON,
0
Erkin.kg
2015-04-22 17:03:49
сууну 1 кундо 2 3 литр ичсе ден о. пайдалуу бирок тазаланган жанакы бироо жакшы айтат бисмилланы айтып ичиш керек да унутпай
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан