Бир жылдары «анын Мерседеси бар» деп обон созушкан ага-иниден турган «Жаныш-Байыш» тобу жанданып, эки мырза учурда чыгармачылыкка катуу киришкен чактары. «Концерт беребиз» деп чуркап жүргөн ырчылардын улуусу, 5 баланын атасы Байыш Момунов концерттен кийин үлпөт тоюн берерин билдирди.
«Жубайым Динарага 25 жашымда үйлөнгөм. Андан соӊ жаштык кылып Клара Алибековага баш кошуп ажырашканым элге маалым. Динара экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга быйыл 15 жыл болду, ортобузда 1 уул, 3 кызыбыз бар. Экөөбүз үйлөнгөндө үлпөт тоюн бербей калган элек. Көрсө, үлпөт көйнөгүн кийүү ар бир кыздын кыялы экен. Мен жубайымдын кыялын ишке ашырып, «концерттен кийин сөзсүз чоӊ үлпөт тоюн өткөрүп берем» деп сөз бердим. Анан концертте да көрөрмандарды чоӊ сюрприздер күтүп турат. «Оо, менин биринчи сүйүүм» деген ырды жубайым экөөбүз ырдап чыгабыз»,- дейт кубанган ырчы.