Ырчы АЗАМАТ САРЫБАЕВ Нооруз майрамына карата «Түрксой» уюму тарабынан Париж шаарында уюштурулуп жаткан фестивалга катышат.
ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ Ноокат районунда өтчү концерти кандайдыр бир себептерден улам болбой калгандыгы үчүн күйөрмандарынан кечирим сурайт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-жигиттерден түзүлгөн «ТУМАР» бий тобу Казакстанда өткөрүлгөн бий сынагына катышып келишти.
Жакында эле 66-жашын жакындарынын курчоосунда тоскон ЗЕЙНЕП ШААКЕЕВА учурда сыркоолоп ооруканада жатат. Ырчы эжекебиздин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайбыз.
ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВА Нооруз майрамына карата жеке концертин берет.
ЖУМАГҮЛ РАИМЖАН КЫЗЫ «Жашоо кызык», «Түгөйүм» деген жаӊы ырларды жаздырып, клип тартууга камынууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
lolo
2015-03-27 03:44:39
Zeinep Shaakeevaga tez aiygyp ketiniz!!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.