«РОЯЛЬ» КАЗИНОСУ

Жеймс Бонд тууралуу кинодолбоор – кино тарыхында ары узун, ары кызыктуу, ары популярдуу долбоор болуп эсептелет жана азыркыга чейин ал жөнүндө 20 фильм тартылган.
Мунун 21- фильми болгон «”Рояль” казиносу» мурунку фильмдерден ак жүздүү Бонду менен айырмаланып, учурда эң көп көрүлгөн фильм болуп эсептелет. Фильм АКШ жана Британия өлкөлөрүнүн биргелешүүсү менен тартылган. АКШ, Россия жана Британияда өткөн бетачарынын биринчи эле жумалыгында 82 миллион доллар киреше алып келген. Ал эми Британияда өткөн бетачарына өлкөнүн ханышасы Eлизавета II өзү катышкан.

Фильмдин режиссёру – МАРТИН КЭМПБЕЛЛ
Сценарийин жазган – ЯН ФЛЕМИНГ
Башкы ролдордо: Жеймс Бонд – ДЭНИЭЛ КРЕЙГ, Веспер Линд – ЭВА ГРИН, Соланж – КАТЕРИНА МУРИНО,
Ле Шиффр – МАДС МИККЕЛЬСЕН.

ФИЛЬМДИН МАЗМУНУ
Эки кылмыштын бетин ийгиликтүү ачкандан кийин Бонд өз номерине “00” санын кошуп, “агент 007” аталат да, Мадагаскар аралында жашаган Моллака аттуу террористти жок кылуу тапшырмасын алат. Бирок, Моллаканы башка бирөө­лөр ага чейин атып кетишкен болот да, Бонд анын өлүмүнүн себебин изилдей баштайт. Бул ишти изилдеп жүрүп ал дүйнө­дөгү эң ири террористтер тобунун жетекчиси Ле Шиффр менен байланышы бар Димитрос жана анын көңүлдөшү Соланж менен таанышып калат. Димитростун аркасына түшүү менен ал Ле Шиффрдин тобунун планын билип алат. Ал планда террористтер Американын эң чоң авиакомпаниясын жардырып, чыгашага учуратып, анан ал компания мурунку абалына келе албай калганынан пайдаланып аны арзан баага сатып алуу идеясы болот.
Ошол маалда Ле Шиффр планын ишке ашырууга акча табуу үчүн “Рояль” казиносуна покер оюнун ойноого келет. Бонд аны колго түшүрүү үчүн аны менен покер ойнойт. Экөөнүн ортосундагы оюнду казино кызматкери Веспер Линд аттуу бийкеч алпарат. Башында Бонд Ле Шиффрден жеңилип, акчасынын баарын уттурат. Бирок, экинчи турда Бонд тескерисинче, Ленин бардык акчасын утуп алат. Жеңилүү ызасын тарткан Ле Весперди уурдап кетет. Бонд аны куткарып, ага үйлөнөт да, экөө бал айын Венецияда өткөрүшөт. Сүйүүсүн “Рояль” казиносунан тапкан Бонд аны кайра эле ал казинодон жоготоорун биле бербейт. Окуя андан ары кызыктуу, ары татаал болуп уланат.

ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ
Рояль” казиносу 1953-жылы роман түрүндө жарыяланат да, ошол мезгилдеги эң көп окулган, эң көп сатылган китепке айланат. 1967-жылы Чарлз Фельдман аттуу продюсер бул романдын негизинде фильм тартат. Тилекке каршы, фильмге Питер Селлерс, Урсула Андерс, Жан-Поль Бельмондо сыяктуу аттуу-баш­туу актёрлор катышканына карабастан, тасма ийгиликке жетише албайт. Себеби, фильм комедия түрүндө тартылып, Бонд келесоо агент катары чагылдырылат. Ал эми жогоруда аталган тасманын сценарийи азыркы күнгө ылайыкташтырылып өзгөртүлөт. Китепте жазуучу Американын башкы душманын Советтер Союзунан келген шпиондор деп берсе, фильмде башкы душман катары терро­рист­тер берилет.
Жеймс Бонд жөнүндөгү филь­м­­дер буга чейин да тартылып келгендиктен, буга чейинки Бонд­дордун ролун Шон Кеннери, Жорж Лезенби, Рожер Мур, Пирс Броснан сыяктуу белгилүү актёрлор аткарган.
Тасманы тартуу идеясы 2002-жылы тартылган Жеймс Бонд жөнүндөгү 20-фильмден кийин жаралган. Бирок, баш каармандардын ролуна актёр тандоо дээрлик үч жылга созулган. Жеймс Бонддун ролу үчүн кастингге 200­дөн ашуун белгилүү актёрлор катышкан. Алардын ичинде Николас Кейж, Хритик Рошан, Жерар Батлер, Руперт Френд жана башкалар бар. Ал эми Жеймс Бонддун сүйгөнү Веспер Линддин ролун аткаруу үчүн индиялык актриса Айшварийа Рэй, Анжелина Жоли, Шар­лиз Терон, Жессика Симпсон, Скарлетт Йоханссон сыяктуу актрисалар катышкан. Булардын ичинен Дэниэл Крейг жана Эва Грин тандалган соң, тасма Прага, Венеция, Мадагаскар, Лондон, Майами жана Багама аралдарында тартылган. Фильм татаал трюктарды да камтыгандыктан, баш каарман Дэниэл трюктардын көпчүлүгүн өзү аткарганга аракет кылган. Муну жасоо ага оңойго турбагандыктан, ал күнүгө бир жерин көгөртүп же бир жерин кокустатып алып жүрөт. Алтургай, Венецияда качып бараткан Эванын аркасынан чуркаган жерин аткарууда жыгылып түшүп, мурдун сындырып алат. Ушундан кийин режиссёрлор арасында “өч алгың келген душманыңа баш каармандын ролун ойнот” деген тамаша кеп чыгат. Дагы бир кызыгы, Дэниэл деңиздин жээгинде эс алып жүр­гөн бир кадрда чыныгы Жей­мс Бонд сыяктуу келбеттүү көрү­нүү үчүн бир жа­рым жыл бою тынымсыз спорт менен машыккан.

БРИТНИДЕН ДА ПОПУЛЯРДУУ ДЭНИЭЛ КРЕЙГ
Дээрлик үч жылга созулган кастингден кийин Жеймс Бонддун ролуна Дэниэл Крейгдин тандалып калышы Голливуд актёр, режиссёрлорун, алтургай, киносү­йүүчүлөрүн абдан таңкалтырат. Алтургай, Крейг – Бонд эмес деген сыяктуу сайттарды да ачып жиберишет. Режиссёр Мартин Кэмпбелл Дэниэл Крейгди туура эмес тандап алганын ойлоп, анын ордуна башка актёр издей баштайт. Бул жөнүндө уккан Жеймс Бонддун ролун эң алгач жараткан Шон Кеннери жана “Башка күнү өл” аттуу фильмдеги 20-Жеймс Бонддун ролун аткарган Пирс Броснан Дэниэлдин Бонд үчүн эң ылайыктуу та­лапкер актёр экенин айтышып, андан баш тартпоону сунуш кы­лышат. Дэниэлге көп­чү­лүк элдин каршы болушунун себеби, Жеймс Бонддун ролун кара тору, узун бойлуу, келбет­түү ак­тёр аткарышы керек эле. Ал эми Дэниэл Крейг тескерисинче ак жүздүү орто бойлуу болгон. Мындай карама-каршылыктарга карабастан тасма тартылып бүтүп, элге сунушталган соң, буга чейин абдан нааразы болгон элдин пикири толугу менен өзгөрөт. Алтургай, бул жолку Бонд мурунку Бонддордон ары сүйкүмдүү, ары сексуалдуу болуп чыга келет.
Бул фильмден соң Дэниэлдин күйөрмандары абдан көбө­йөт. Нью-Йорк шаарындагы белгилүү “Реженси” мейманканасынын алдында элдер автограф алуу үчүн кимдир бирөөнү күтүп турушат. Бир маалда “Лимузин” келе жатканын көргөн эл жабыла чуркап жөнө­шөт. Бирок, “Лимузинден” Бритни Спирстин түшкөнүн көргөн эл: “Убара болуп чуркап келсе, Бритни Спирс турбайбы!” деп басып кетишет. Бул топтошкон эл Дэниэл Крейгди күтүп жатышкан. Мындан Дэниэл Крейгдин учурдагы Американын эң популярдуу ырчысы Бритни Спирстен да популярдуу болуп турганын билсек болот.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан