«Болор иш болду деп канчалык өзүмдү алдасам да, жүрөгүм тынчыбайт. 12 жаштагы тун кызымды 2014-жылдын 15-майында Токмок шаарынан белгисиз айдоочу машинасы менен сүзүп, качып кеткен. Кызымдын жанын алып качып кеткен айдоочу мусулмандык жол менен кайрылып келип кечирим сураса, көӊүлүм тынчыйт эле»,- деген атанын арманы назарыӊыздарда.
«СҮЗҮП ЭЛЕ КЕТПЕЙ, 45 МЕТРДЕЙ ЖЕРГЕ ЧЕЙИН СҮЙРӨПТҮР»
– Биз Токмокто жашайбыз. Кызым Шаангүл күнүгө бөбөктөрүнүн курсагын тойгузуп, татынакай кийинип алып сабагына жөнөчү. Ошол күнү да «ата, кечирип коюӊузчу, сизге даамдуу тамак жасаганга жетишпей калдым» деп ысык чайын берип коюп, түшкү саат 12:30дарда сабагына кеткен эле. Көп убакыт өтпөй аны машина сүзүп кеткенин уктум. Сүзүп эле кетпей, 45 метрдей жерге чейин канжалатып сүйрөптүр. Жерге жатып алып жолго жайылган канын кочуштап жыйнап алгым келди. Эрмегим, ишеничим, тумарым менин, куурчактын колу жулунуп калса «мунун да жаны ооруйт» дечүсүӊ. Сени ким куурчактай да аяп койбой талкалап кетти? Сени кайсы зөөкүр канга боёп жаныӊды алды? Чоӊойгондо дарыгер болуп, бизди оорутпай карамак эмес белеӊ?! Кериле бийлеген бийчи болмок эмес белеӊ, кызым?! Сени бул кыялдарыӊдан, максаттарыӊдан ким айрыды? Сендей акылдуу, мээримдүү кызыбыздан бизди ким ажыратты? Өзүмө өзүм суроо берип оор үшкүрүнө берем. Өзүбүздү алдап, шарият жолу менен жакшы нерселерди ойлоп сөөгүн жерге бердик.
«УНААНЫ ТАБЫШКАН, АЙДООЧУСУНАН КАБАР ЖОК»
– Кызмат, акча үчүн адамдык улуулукту унутуп калыптырбыз. Канга, арманга, алдамчылыкка көмүлүп калган бул дүйнөгө миӊ ирет наалат айтып кетем. Окуяга күбө болгондор ак түстөгү 1074ВС номурлуу унаа экенин айтышты. Кийин унааны жол-кайгуул кызматкерлери табышты, ал эми айдоочусу жөнүндө мага айтпай жатышат. Бишкек шаардык мэриясына тийиштүү унаа экенин айтышууда. Ал унааны тапкан Нурбек аттуу Жол-кайгуул кызматкерин да жумуштан айдап жиберишиптир. Азыр Кара-Балтада жумушка кириптир деп угуп жатам. Мен карапайым адаммын, биздин турмушубузда пайда болгон жараат, кызымдын өмүрү кээ бир адамдарга арам акчачалык баркталбады. Кантип унааны таап, анын ээсин таппай калышсын? Ар бир адамдын башына мындай окуя келмейинче жоготуу, сыздоо дегенди түшүнбөйт окшойбуз.
«МЕН СЕНИ МАШИНАГА СҮЗДҮРБӨЙМ»
– Шаангүлүмдү сагынам, боорума кыскым келет. Эстеп жаш балача ыйлап алам. Сүзүп кеткен айдоочу бир күнү келип ал-абалымдан кабар алып, кечирим сурап, караанын көрсөтүп кетет бекен деп күтө берем.
Ушул күнгө чейин келбедиӊ, эми мен сенин абалыӊды сурайынчы. Зөөкүр айдоочу десем капаланба, сен менин чырагымды өчүрүп коюп кантип тынч уктап жатасыӊ? Кантип тамак жеп, балдарыӊ болсо башынан сылап, эркелетип жатасыӊ? Бирөөнү өлтүрүп из жашырдыӊ. Кудайдан жашына албаарыӊды билесиӊби? Бул жашоодо кылган күнөөӊдү бизге келип кечирим сурап, бөксөртүп алышыӊды унуткан жоктурсуӊ? Коркоктук кылып адамдык сапатыӊдан кечпе! Кел биздин астыбызга. Мен сага көп болсо ачуум менен бир муш берермин. Бирок машинага сүздүрүп, 45 метр жерге чейин сүйрөбөйм. Урматтуу элим, кандай жашоодо жашап жатканыбызды билесиӊерби? «Кызымды өлтүрдүӊ, келип жок дегенде кечирим сурап кетчи» деп кылмышкерге жалынган жашоодо жашап калыптырбыз.
Паяз Ильязов
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg