ИШЕМБИЛИК МЕНЕН ИШЕНИМ ЖАРАЛДЫ

ИШТИН БАШЫ – ИШЕМБИ
14-мартты жалпы республикалык ишембилик деп жарыялаган «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын мүчөлөрү, жергиликтүү тургундар жапырт ишембиликке чыгышты. Республикалык деӊгээлде уюштурулган ишембилик бардык жерде эртеӊ мененки саат 10до башталып, жети дубанда таштандылар тазаланып, бак-дарактар гана отургузулбастан, каралбай калган көрүстөн, бузулган жол, арыктар оӊдолуп, көп жумуштар аткарылды. Мындан улам эл арасында ишембилик аркылуу биргеликте өсүүгө кадам таштоого болоруна дагы бир жолу ишеним жаралды.

«БИЗ ТАЗА БИШКЕК ҮЧҮН!»
Ар бир үйдүн короосу, көчө, аймак жана шаар таза болмоюн өлкө таза болуп өнүкпөйт. Дал ушул максатта «Биз таза Бишкек үчүн!» ураанынын астында борбор шаардын көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундары ишембиликке чыгып, айлананы тазалашты. Бак-дарактын бутактары кыркылып, борбордун көчөлөрү көрккө келип калды. Көп кабаттуу үйдө бири-бири менен иши жок коӊшуларды эмгек менен башын бириктирген «Өнүгүү-Прогресс» партиясына ыраазычылык билдирилди.

ТАЛАА ТАШТАНДЫДАН АРЫЛДЫ
Бишкек шаарынын кире беришиндеги айланма жолдогу талаа таштандыдан арылды. «Дордой» базарына жана жаӊы конушка жакын болгондуктан бул ээн талаа таштандыга толуп, анда учкан желим баштыктар, кагаздар эл аралык магистралдын кунарын кетирип турчу. Бишкекти айланып өткөн коноктордун көзүнө талаадагы таштандылар биринчи эле урунуп, терс таасир калтырат. Андыктан «Өнүгүүнүн» мүчөлөрү дал ушул талааны таштандыдан арылтып, аны алма бакка айлантуу максатында көчөт отургузушту.

Бактыбек Исаев, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөсү: «ЖАКШЫ ТИЛЕКТЕР МЕНЕН МӨМӨЛҮҮ ДАРАКТАРДЫ ТИКТИК»
– Жазгы талаа иштерин жаӊылануу менен баштадык. Таштанды, акыр-чикирди тазалап, бул жер сейил бак, жемиштүү саябан болсун деген жакшы тилектер менен мөмөлүү дарактарды тигип жатабыз. Жаштар бизди колдоп, салымын кошушууда.
Азырынча жергиликтүү бийлик, өкмөт тарабынан жазга карата ишембиликтер уюштурула элек. Ал эми «Өнүгүүнүн» жаз алды жашылдандыруу, көрктөндүрүү тууралуу иш-аракети көпчүлүктү кайдигер калтырган жок. Ошондуктан дал ушундай иш-чара Нарын, Ысык-Көл жана Талас жергелеринде жапа тырмак уюштурулду.

КӨЛДҮ КАРЕГИБИЗДЕЙ САКТАЙЛЫ!
Ысык-Көл – кыргыз бермети. Бирок баарыбыз эле көлүбүздү бейиштин төрүндөй кылып сактай албайбыз. Эс алганды билебиз, артыбыздан жыйнап, таштанды калтырбоо маданиятыбыз жок. Ошондуктан көл дагы кор болууда. Тоӊ районунун тургундары жалпы республикалык ишембиликтин шарапаты менен Ысык-Көлдү туристтик сезонго даярдап, акыр-чикирден арылтып жакшы иш уюштурду.

ЖОЛДУ ОӉДОГОНДУН ЖОЛУ АЧЫЛАТ
Ишембилик Ноокат районунда да кызуу уланды. Калдай айылынын кире бериш жерин сел алып кеткендиктен жар болуп, көпүрөдөн өтүү кыйынчылык туудуруп, жол буулуп, суу жууп кеткен жол ичкерип калган. Жүк ташыган унаа тургай жеӊил машина да араӊ өтүп калган жол тегизделип, таш түшүрүлүп, төрт көчөгө кеткен арык казылып бетондолду. Ноокаттыктар ишембиликте ушул жумуштар менен гана чектелип калбастан, мал кирип тебелене баштаган үч айылдын көрүстөнүнүн тегерегин темир тор менен тосуп чыгышты. «Өнүгүүнүн» мындай демилгесин жергиликтүү эл, карыялар абдан алкап, ыраазы болушту.

ЖАЗ – ЖАӉЫЛАНУУ МЕЗГИЛИ
Баткен шаарынын кире бериш жери канча жылдан бери көрктөндүрүлбөй келет. Бак-дарак тигилсе да каралбай куурап калат. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы бул чаӊ баскан жолдун эки тарабын жашыл арчалуу аймакка айлантууну чечкен. Бул иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары дагы катышты. Партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев элибиздин ынтымагын бекемдесин деген тилек менен түбөлүктүүлүктүн символу катары жашыл арчанын көчөтүн тикти.

Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеӊештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын төрагасы: «БИЗДИН МАКСАТ – ЭМГЕК АРКЫЛУУ ЭЛДИ ЫНТЫМАККА ЧАКЫРУУ»
– Өкмөт келип арык тазалап береби деп күтүп отурбай, ар ким өз короосун, айланасын тазалап, жакшы жашоого умтулуусу керек. Бул акция жалпы өлкө ичинде уюштурулду. Максатыбыз – эмгек аркылуу элди ынтымакка чакыруу. Биз элди мыйзам чегинде жакшы жөрөлгөлөргө үндөйбүз. Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн ар ким өз салымын кошуусу зарыл. Мындай жамааттык эмгек элди ынтымакка, биригүүгө чакырууда. Жалпы республиканын бардык жеринде бизди колдоп ишембиликке чыккандарга ыраазычылык билдирем.

ЖАШЫЛДАНГАН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫ
Ишембилик Жалал-Абад шаарынын кире бериш дарбазасынан башталып, облустун бардык район, шаарларында өткөрүлдү. Иш-чарага катышкан Жогорку Кеӊештин депутаты Мирлан Бакиров: «Ар бир жаран тазалыкты сактап, өзү жашаган аймакта иреттүүлүктү калыбына келтирсе, таштандылардан тазалоо көйгөйү жок болмок. Ошондуктан, ар бир үйдөгү, көчөлөрдөгү таштандылар алынып, арыктар тазаланууга тийиш»,- деди.

ЖАЗ МЕНЕН КОШО ОЙГОНГОН ОШ
Ош облусунун тургундары жаз менен кошо ойгонуп, табийгатты тазалап келүүдө. Кара-Суу районунун кире бериш дарбазасы көрккө келтирилип, тазаланса, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы эс алуу багынын бак-дарактары буталып, акталды.
Ал эми ордолуу Ош шаарынын көчөлөрү кышы бою жаткан акыр-чикир, таштандыдан тазаланып, жаӊы ачылган бүрлөр менен кошо жазгы ажайып кооз сулуулукту, аруулукту ойготту. Ар бир короо, көчө, аймак, шаар, өлкө тазалангандай эле, ар бир атуулубуздун жан-дүйнөсү жаман ой, сарсанаа, көрө албастыктан тазаланып, жаӊылануу, жаралууга багыт алышын тилек кылабыз. Анткени жаз – жаӊылануу мезгили!





Чынара Асанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан