ТАСМАДАГЫ ЖАШ БАЛДАР ЧОӉОЙГОНДО

«Кичине роль болбойт, кичине актёрлор болот» дегендей, режиссёрлор жаш балдарды киного тартуу мүшкүл иш дешет. Кыргыз кинолорун көргөндө көзгө токтоп эсте калган жаш балдар арбын. Алар кантип, ким аркылуу тасмага түшүп калганы баарыбыз үчүн эле кызык. Айрымдары кино дүйнөсүнө сүӊгүп кирсе, кээ бирлери такыр башка тармактын ээси болуптур.

СҮЙҮТАЙ ШАМШИЕВА

Туулган жылы, күнү – 1974-жыл, 3-январь
Туулган жери – Фрунзе шаары
Хоббиси – Велосипед тебүү
Учурда – Үй-бүлөлүү, 3 баланы тарбиялоодо

«РЕЖИССЁР БОЛУШУМА АТАМ КАРШЫ БОЛГОН»
Болот Шамшиев «Ак кеме» тасмасын тартып жатканда бешикке салып тартууга кичине бала таба албай убара тартканын айтканы бар. Жубайы Айтурган Темированы алаксытыш үчүн дүкөнгө жиберип, кызы Сүйүтайды тасмага тартат. Суу ортосунда бешикте ыйлап жаткан андагы наристе учурда 41 жашта. Андан тышкары «Бөрү зындан», «Эрте жазда келген турналар» тасмаларына тартылган.
-Мен «Ак кеме» тасмасына тартылган учурда алты айлык бала экенмин. Атам тасмадагы уламышты тартканга кичине бала издесе баары коркуп балдарын бербептир. Бугу бешикти суудан алып чыккан эпизод Ысык-Көлдөгү Григорий капчыгайында тартылыптыр. Эпизодду тартып баштаганда апамды (Айтурган Темированы) Ананьево айылындагы дүкөнгө жиберет. Апам келгенче ошол эпизодду тартууну баштап, ал келгенде көлдүн ортосунда токтолбой ыйлап жаткан экем. Тасмага тартылып бүткөндөн кийин суук тийип ооруканага жатып калганымды айтышат.
Атам мени «Ак кеме» тасмасынан кийин 1977-жылы тартылган «Эл арасында» аттуу киносуна да тарткан. Андан кийин «Эрте жазда келген турналар» фильминде Султанмураттын карындашы болуп тартылгам. 6 жашымда режиссёр Каридин Акматалиевдин «13-небере» тасмасында анын бир небересинин ролун жараткам. Кийин «Бөрү зындан» тасмасында да тартылыпмын. Чоӊойгондо «режиссёр болом» десем, атам «бул кесип аялдарга туура келбейт» деп болбой койду.
Кыргыз улуттук университетинин англис тили жана адабияты факультетин аяктадым. Кийин ошол эле окуу жайдын экономика факультетин сырттан окуп бүтүрдүм. Окууну аяктаган соӊ эл аралык долбоорлор менен иштеп жүрдүм. Кичүү балам төрөлгөндөн бери үйдө отурам. 3 уулду тарбиялап өстүрүп жатам. Улуу балам 20 жашта, Францияда окуп жатат. Экинчи уулум 11 жашта. Көкүрөк күчүгүм 6 жашка чыгып калды.



УМСУНАЙ МУСАЕВА

Туулган жери – Нарын облусу, Жумгал району, Кызыл-Жылдыз айылы
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 6-февраль
Хоббиси – Китеп окуу
Учурда – Өзү каалаган кесиптин ээси болууга камынууда

«АКТЁРЛОРДУН ЧАЧЫНАН ТАРТЫП ОЙГОТЧУМУН»
Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Уурунун махабаты» тасмаларында кичинекей кара тору кыз эсиӊиздедир. Аны «Айыл өкмөтү» фильминен «байке, атам сиздин казаныӊызды уурдап бара жатат» деген эпизоддон таанысак, «Боз салкын» тасмасында Асеманы Мурат алып кетем деп колунан тартканда «жеӊе-е» деп Асеманы бергиси келбеген кайын сиӊди катары эсте калган. Кара тору беш көкүл кыз азыр мектепти аяктап, суйкайган сулуу болуп калыптыр.
-Эрнест агай негизи биздин үйгө көп келчү. «Айыл өкмөтү» фильмин тартарда үйгө келип, кичине кыздарды чогултуп «силер мага концерт коюп бергиле, жакканыӊарды киного тартам» деп калды. Эжемдер мени «кичинекейсиӊ, сөздү жаттай албайсыӊ» деп концертке кошпой коюшту. Мен анда 6 жашта болчумун. Бөлүп салышкандарына ызаланып алар даярдаган интермедияны Эрнест байкеге биринчи мен аткарып берип койгом. Таенем менен Эрнест Абдыжапаров «киного тартыласыӊбы?» деп сурашты. Макул болдум. Кино тартылып жатканда актёрлорду чачынан тартып ойготуп Эрнест байкеге жардам берчүмүн. Кино тартылып бүтүп калганда актёрлор үйлөрүнө кетишти. Тартуучу топ жана Күмөндөр байке болуп тамактанып отурганбыз, мен бардыгын карап «ай-ий, бардык актёр, актрисалар кетип калышыптыр, Күмөндөр байке, экөөбүз эле калыптырбыз го» десем баары күлүшкөн. Эрнест агай «сен өзүӊдү ошондо эле белгилүү актриса кылып койгонсуӊ» деп эстегенде күлүп калат.
Эрнест агай «Боз салкын», «Уурунун махабаты» тасмасына тартарда «сен менин тумарым болуп калдыӊ, 30 мүнөттүк тасма тартсам да сени 3 секундасына кошом» деп айтканы эсимде. «Уурунун махабаты» фильминде ыйлай албай аябай тил уккам.
Киного тартылып жатканда эч убакта бүтпөсө экен деп ойлоп, бат эле бүтүп калчудай корко берчүмүн. Өзүм тандаган кесибим жакпагандыктан ата-энемдин уруксаты менен таштап койдум. Буюрса, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине тапшырайын деп жатам.

ЖАСМИН КУРМАНАЛИЕВА

Туулган жери – Нарын облусу, Кочкор району, Кум-Дөбө айылы
Туулган жылы, күнү – 2003-жыл, 5-декабрь
Хоббиси – Ырдап, бийлөө
Учурда – Кеӊеш Мурзабеков атындагы орто мектепте 5-класста окуйт

«АЙ, ЭРКЕКТЕР, ЭРКЕКТЕР» ДЕГЕН СӨЗДҮ АЯБАЙ ЖАТТАГАМ»
Рустам Аташовдун «Эркектер» тасмасында көпчүлүктүн эсинде калган «Ай, эркектер, эркектер, качан эсиӊерге келесиӊер?!» деп айткан Жасмин аттуу кичине кыз бар. Тасмага тартылган учурда мектеп босогосун аттай элек болсо, учурда 5-класста окуп калыптыр.
-Эжем Мээрим Курманалиева «Эркектер» тасмасына сынактан өткөндөн кийин режиссёр «өзүӊ менен тартылганга кичинекей кыз керек» деп айтыптыр. Мен ал учурда 5 жашта болчумун. Мага режиссёр Рустам Аташов «ай, эркектер, эркектер» деген сөздү айтасыӊ деп үйрөттү. Эжемдин кызы болуп тартылгандыктанбы, көп кыйналган жокмун. Тасманын биринчи бөлүгүн тартып жатканда көнө албай ыйлагым келип жүрдү, кийин көнүп кеттим. Азыр өзүмдү кинодон көрүп күлүп калам. Айылдагылар, классташтарым «сени кинодон көрдүк» деп көп айтып калышат. Көчөдөн көргөндөр «Эркектер» киносуна тартылган кызсыӊбы?» деп да сурашат. Мектепте болгон маданий иш-чараларга активдүү катышам. Ата-энемди уят кылбай жакшы окуганга аракет кылам. Келечекте башкы ролдорду жараткан белгилүү актриса болгум келет.


Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
eldar96
2015-03-23 09:38:08
эх совет маалындагы актерлор искуство го ушунчалык омурун арнаганы учун кыргыз керемети бекеринен жаралбаса керек
оз кызын коркпой тартканы учун данк бул адамдарга
+5
Akylay_96
2015-03-23 13:30:09
эркектердеги кыз ой да сонун аткарган боз салкындагы кыз суулуу болуптур
0
Jyrgal_msk
2015-03-23 20:17:42
Акбаранын коз жашы фильминдеги жаш бала жонундо да билип берсенер болот эле
+1
istina
2015-03-23 21:13:44
Кызыл алмадагы кыз,Султанмуратты аткарган бала,Бакайдын жайытындагы бала,ак кемедеги Нургазы дегендей....
0
mela
2015-03-24 23:16:33
istina, "Ак кемедеги" Нургазы орто сай жакта жашайт экен.Таксист.
-1
Positive
2015-03-24 01:39:39
Эркектерге катышкан кыз жакты баарынан. Ошол кинону коргондо боорубуз эзилгенче кулгонбуз озгочо
ушу кичинекей кыздын создоруно, азаматсын ийгилик окууларына.
0
Supataev.Salamat
2015-03-24 14:51:54
Султан Муратты аткарган бала Эмиль Борончиев Актер
0
Dadasdasd
2015-03-27 09:24:12
Кошожаштын баласычы, атып алат ко. Маалымат берип койсонор.
0
admin_superstan
2015-03-27 09:48:02
Dadasdasd, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
nurislambek
2015-03-28 18:37:02
ай эркектер эркектер деген кыз чоноюп калыптыргоо
0
etaj_rus79
2015-03-29 07:55:54
дда чын акбаранын коз жашындагы кичинекей бала жонундо да корсотсонор жакшы болмок
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан