Дүйнөнү күттүргөн жолугушуу: АТАМБАЕВ ПУТИН ТУУРАЛУУ УШАКТАРГА ЧЕКИТ КОЙДУ

Апта башында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушуусуна бүт дүйнө кулак түрүп, алардын эл көзүнө чыгуусун миӊдеген адамдар күтүп отурду.

«КРЕМЛЬ ПУТИН ТУУРАЛУУ АЙЫӉ КЕПТЕРГЕ КОММЕНТАРИЙ БЕРБЕЙТ...»
Орусиянын президенти Владимир Путиндин 10 күндөй телеканалдардан көрүнбөй кетүүсүнөн улам интернет мейкиндигин ал тууралуу укмуштуудай ушак кептер ээлеп, талкууга түштү. Кыска убакыттын ичинде «Орусиянын башчысы катуу ооруп калды, ислам динин кабыл алды, Алина Кабаевадан уулдуу болду, өлүм төшөгүндө жатат» дешти. Аяк ченинде Кремлдеги ички тирешүүлөрдүн негизинде бийликте төӊкөрүш болуп өттү деген айыӊ менен барып токтоду. Күн сайын чыккан Путин тууралуу жаӊы маалыматты жокко чыгаруудан тажаган пресс-катчысы Дмитрий
Песков
соӊунда мындай билдирүү таратты: «Кремль мындан ары Путин жөнүндөгү айыӊ кептерге комментарий бербейт».

«УШАКСЫЗ ЖАШОО КЫЗЫКСЫЗ...»
Жогорудагы сөздөрдөн кийин 16-мартка белгиленген Санкт-Петербургда өтүүчү Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусуна, албетте, дүйнөлүк коомчулук, айрыкча Орусия менен санкциялар согушун жүргүзүп жаткан Батыштын ММКлары дүрбү салып отурду. Питердеги жолугушуунун эки сааттай кечигип башталганы ого бетер бүйүрдү кызытып, ушак чыгаруучулардын отуна май тамызып жатты. Бирок Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев журналисттер менен фотографтар күтүп жаткан залга келишип, анда айтылган сөздөр жана тартылган сүрөттөр заматта интернетти каптап, атүгүл АКШнын кадыр-барктуу «The Wall Street Journal» басылмасынын биринчи бетине бул жаӊылык чоӊ сүрөт менен басылып чыкты. Эки президенттин жолугушуусу ушактарга чекит коюп, мындайча айтканда, бул окуяда Атамбаев Путинди «тирилткендей» эле болуп калды. Ал эле эмес интернетте жолугушуудан илинген билдирүүлөргө кыргызстандыктар азил-чыны аралаш «көрүндүгүн бербейсиӊерби?» деп да жазып жатышты.
Жолугушууда Алмазбек Атамбаев: «Владимир Владимирович өзү рулга отуруп азыр эле мага айлананы көрсөтүп чыкты. Орусиянын президенти кадимкидей басып жүрмөк түгүл, ызгытып унаа айдап жүрөт. Ушак чыгаргандарга «күтпөй эле койгула» демекмин. Ал мыкты формада экенин тастыктайм»,- деди. Андай сөзгө жылмайган Владимир Путин: «Ушаксыз жашоо кызыксыз болуп калмак»,- деп жооп узатты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орусиялык кызматташуунун соода-экономикалык, инвестициялык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы маселелер талкууланды. Президенттер биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жана Евразиялык экономикалык союздун алкагында эки тараптуу өз ара аракеттешүү боюнча пикир алмашышты.

МОЛДОВАГА ЖАШЫРУУН ВИЗИТ...
Минтип эки президенттин жолугушуусу талкууланып бүтө электе Атамбаевдин Орусияга чейин расмий эмес тартипте Молдовага да барганы тууралуу маалыматтар айтылды. Бул жөнүндө Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков: «Мамлекет башчынын Кишинёв шаарында болуп өткөн жолугушуулары Кыргызстандын эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулоосуна алып келет деген ишенимдемин»,- деди.
Президенттик аппараттын маалыматына ылайык, Алмазбек Атамбаев Молдованын парламентинин төрагасы Андриан Канту жана бийликчил коалициянын лидерлеринин бири Владимир Плахотнюк менен бейрасмий тартипте көрүшкөн. Жолугушуулар Молдованын Европалык союз жана Орусия менен өз ара кызматташуу маселелерин талкуулоого арналган. Ушул маселелер Атамбаевдин эмки аптада башталуучу Европа өлкөлөрүндөгү сапарларында көтөрүлөрү пландалып жатат.

Эльвира Караева,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
crishti_7
2015-03-23 10:54:25
Ислам динин кабыл алганы чынбы бирок?
0
tairbek.
2015-03-23 12:59:24
кайдагы ушакка ишенип жаза берет экенда тобоо Путин атасы байды чыкырып келип кет бир отуруп борщ ичели анан малдовияга барып кел бир суйлошуп кел десе керек, путиндин он кун корунбогону уулдуу болуптур ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2015-03-23 13:23:39
tairbek., кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!
3 күн БАН!
0
kyranbek
2015-03-24 12:37:23
Кудай буйруса Кыргызстан абдан оңолот.
0
Aygul
2015-03-25 09:52:50
Атамбаевдин суйлогонун уктум Вести передачадан уят кылбай жакшына соз даярдап албайбы? Уялдым. "Сегодня утром В.В.меня сам прокатал на машине, он здоров,все сплетни не правы"-дейт такалып зорго айтты ошону дагы, Путин уялып кеттиго чиркин, созун ондоп коюп отурду байкуш. Атайын жолугушууга барып ошону айттыбы?
0
beka.darysuu
2015-03-25 10:26:55
АША Каерде болсо уят кылып басып журот экенда бизди
0
ILYAS181296
2015-03-25 18:49:52
Сындагандан башка эч нерсе билбейбиз го чиркин
0
ZANIA-92
2015-03-26 12:58:31
"Мышык сарымайга жетпей сасык "-дейт дегендей эле, озубуз ошол сарымайчалык болупалалычы, сындайт десе эле ашачааба бербей.
0
batma200294
2015-03-27 22:29:51
Иши бар менен ишти жоктун не иши бар демекчи,ушактап,бироого соз атып эле турсанар,муйуз кулак чыгып жатабы.тобоо тыгылсанар эле пайда чыгып жатабы
0
aidai89
2015-03-29 21:08:21
Кыргыздар пейилибиз бузукко чиркин укуп чукуп сындап,анан кантип мамлекет онолсун
0
Aiaium
2015-04-09 09:39:41
Алмазбекда ойноп жургон жери жокта,биз учун ааламды кыдырып журбойбу,кандай болсода аракет бар тынч бололу кыргыз элим
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан