Чубактын чуусундай уланып келе жаткан Жогорку Кеӊештин экс-спикери, депутат Ахматбек Келдибековдун сот ишине байланыштуу 77 депутат суракка алына турган болду. Коомдук жактоочу болуп келе жаткан Азимбек Бекназаровдун депутаттарды суракка алуу өтүнүчүн Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев канааттандырды. Депутаттын жактоочулары кылмыштын эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу (Келдибеков социалдык фонддун жетекчиси болуп тургандагы материалдар боюнча) депутатка тагылган айыптардын айрым эпизоддору боюнча кылмыштык иликтөөнү токтотуу жөнүндө өтүнүчүн келтиришип, бирок ал судья тарабынан четке кагылды.
Бул өтүнүч тууралуу Башкы прокуратура эгер кылмыштын эскирүү мөөнөтү өттү деп кылмыш иши токтотулса, анда ошол кылмышка шектелип жаткан адам күнөөсүн моюнга алды деп эсептелерин белгиледи.
Эске салсак, Ахматбек Келдибеков «коррупция» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. ө
Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген. 17-мартта өткөн соттук отурумда күбөлөр көрсөтмө бергендиги маалым болду.
Эльвира Караева,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg