Өлкөнүн мектептеринде 60 окуучуга 1 КОМПЬЮТЕР туура келет. Бул тууралуу аудитор Өктөмхан Абдуллаева билдирди.
2015-жылдын 28-февралына карата өлкөдө 145 МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ катталган. Мындай маалымат Улуттук Банктын интернет сайтына жарыяланды.
Кыргызстанда калктын 37 пайызы ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАШАЙТ. Муну Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев билдирди. Ал эми өтө жакыр жашагандар калктын 2,8 пайызын түзөт.
Эшек этине байланыштуу окуядан кийин борбор калаада 200дөн ашык кафе, тамактануучу жайлар текшерилип, ЭШЕК ЭТИ табылган жок. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан маалымдашты.
«Ата Журт» фракциясынын легитимдүү лидери бойдон калдым»,- деди ЖЫЛДЫЗКАН ЖОЛДОШОВА 17-март күнү болуп өткөн жыйындан кийин.
СИРИЯДАН кайтып келген кыргыз жарандарына карата жалпысынан 47 кылмыш иши козголуп, 50дөн ашык адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Өлкөдөгү бейтапканалар 1154 ВРАЧКА муктаж. Анестезиолог-реаниматолог, педиатр, тез жардам көрсөтүүчү врачтар, психиатрлар өзгөчө тартыш. Эӊ жогорку суроо-талап Бишкек шаарына туура келет.
2015-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга АВТОУНАА ташып келүү 34 эсеге кыскарып, алардын саны 383тү түздү. Былтыркы жылы ушул эки айдын ичинде 13 060 машина алынып келинген болчу.
«ЖИА» бизнес-ассоциациясынын КУРУЛУШ комитетинин төрагасы Темирбек Ажикуловдун айтымында, өлкөдө курулуш тармагындагы сатуулардын көлөмү 10 пайызга же 50 миллион долларга азайды.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев: «Ар бир онунчу кыргызстандык өнөкөт БӨЙРӨК ООРУСУ менен ооруйт. Жыл сайын бөйрөк алмаштырууга муктаж болгондордун саны 10 пайызга көтөрүлүп жатат»,- деди.
Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору болуп ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ шайланды. Ал буга чейин КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарып келген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.