Өткөн саныбызда Тынара Улусой аттуу кыргыз кызы Түркиянын парламентине өз талапкерлигин коюп жатканын жазганбыз. Бул жаӊылык super.kg порталында кызуу талкууга алынып, колдонуучулар жердешибизге шайлоодо утуп чыгуусуна ийгилик каалап жатышат. А биз Тынара Улусой менен интернет аркылуу байланышып, мекендешибизден кандайча түрк саясат айдыӊына баш багып калганын сурадык.
– Түркиянын парламентине бийликтеги «Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү» партиясынын тизмесинин катарында талапкерлигиӊизди кандайча коюп калдыӊыз?
– Бул партиянын иш-чараларынан, жүргүзүп жаткан реформасынан, өлкөгө жана калкына гана эмес, дүйнөдөгү жардамга муктаж мусулман элдерге да көптөгөн көмөк көрсөтүп келеринен кабардармын. Мисалы, Африкадагы өтө оор жашоо шарттарында күн өткөргөн Сомали, Эфиопия, ар кандай согуштардан жабыркаган Мисир, Палестина, Сирия, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө көп жылдардан бери өз салымын кошуп келет. Биздин Кыргызстан дагы Түркиядан эӊ көп жардам алган 10 мамлекеттин катарына кирет. Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн миллиондогон долларлык көмөк көрсөтүлөрүн мекендештерим да билет. Бул партиядан парламентке аттанганымдын себептери да ушул болду. Кудай буюрса, койгон максатым ишке ашып калса, парламентте кызмат кылуу менен муктаж болгон адамдарга жардам бергим келет. Түркияда жашаган 100 миӊдеген башка улуттун өкүлдөрүнүн, анын ичинде кыргыздардын да парламенттеги өкүлү болуп, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылсам дейм.
– Түркияда талапкерлер кандай тартипте тандалып алынат?
– Партиянын катарына 2012-жылы кошулгам. Жолдошум көп жылдан бери бул партиянын мүчөсү. Мага биринчилерден ишеним көрсөтүп, ушул жолго багыт көрсөткөн да күйөөм болду.
Түркияда талапкерлер партия тизмеси менен өтөт. Тизмеге кирүү үчүн талапкерлигиӊди койгон аймакта алгач партия делегаттары добуш берет, андан соӊ борбору Анкара шаарында жайгашкан партиянын башкы кеӊсесинде түзүлгөн үч комиссиядан өтүү зарыл. Эӊ акыркы сөздү өлкөнүн премьер-министри Ахмет Давутоглу айтат. «Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү» партиясынын лидери жана түзүүчүсү – учурдагы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.
– Түркиянын жарандыгына ээ болуп, бирок чет жерлик экендигиӊиз добуш берүүдө чоӊ роль ойной тургандыгы түшүнүктүү. Ал жакта деле Кыргызстандагыдай парламентте жаштар, аялдар жана башка улуттун өкүлдөрү боюнча баланс каралганбы?
– Туура айтасыӊар, чет жерлик болгонумдун оӊ жана терс жактары бар. Мен ат салышкан партиянын тарыхында биринчи жолу улуту кыргыз, бирок жарандыгы түркиялык талапкер болдум. Партиянын ичинде мени жакшы кабыл алышты, бирок бул жагдай өтөрүмө кепилдик эмес. Түркиянын парламентинде жаштарга, аялдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер боюнча баланс каралган. Башка улуттун өкүлдөрүнө баланс деген түшүнүк жок.
– Сизди колдоп жаткан күйөөӊүз тууралуу да айта кетсеӊиз. Аны менен кандайча таанышып калдыӊыз эле?
– Жолдошум 2000-жылы Бишкекке Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен билим алууга келген. Экөөбүз ошол жерден таанышканбыз. Окуусун бүткөндөн кийин күйөөм мен үчүн Бишкекте калып, ошол жерде иштеп жүрдү.
– Комментарийлерде сизди бөйрөк оорусунан жабыркагандарга жардам берет деп жазылууда. Өзүӊүз да бул дартты башыӊыздан өткөргөн экенсиз...
– 2010-жылы бөйрөк оорусуна кабылып калдым. Өзүӊүздөр билгендей, Кыргызстандын медициналык тармагында көп кемчиликтер бар: квалификациясы жогору адистер, сапаттуу медициналык аспаптар жана дары-дармектер тартыш же жокко эсе. Өз жеримде дарыланууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Түркияга келип калдык. Бул жерге дарыланам деп келген көптөгөн мекендештериме жолдошум экөөбүз колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз. Бөтөн жерде тил билбеген оорулуу адам үчүн өтө оор экендигин билебиз.
– Үй-бүлөӊүз менен Кыргызстанга келип турасызбы?
– Мекениме жыл сайын жайында барып турабыз. Эки кызым теӊ Бишкекте төрөлүшкөн, экөө теӊ ал жакты абдан жакшы көрүшөт. Чыдамсыздык менен «качан Бишкекке барабыз?» деп күтүшөт.
– Өзүӊүз учурда эмне менен алексиз? Кайсы кесиптин ээси болосуз?
– Соӊку жылдарда ден соолугумду чыӊдоо жана кыздарыма тарбия берүү менен алекмин. Өзүм туризм жана юриспруденция жаатында билим алгам.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат.
Эльвира Караева
politika@super.kg