Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Бүлүнтүү оӊой, мусулмандар, бүлүнтүү, билгениӊди кылып кетүү баарыдан оӊой...
Кары кеӊешчи жыландын башын кылтыйтты.
Ошол маалда арт дүбүрттөп, эл чуулдап жарыла качты. Насирдин бектин корбашысы жыйынга түптүз ат коюп кирип келаткан эле.
– Кана, тагабыздын куну бүттүбү-жокпу?
Абил бий муӊайым жооп кылды:
– Камсанабасын ханзаада. Бүт­пө­гөн иш болор беле, бүтөт.
Корбашы кайра дыргыткан бойдон кетти.
– Бий...- Бекназар обдулуп, туталанып сыӊар тизелей калды. – Не тебелейт булар?! Не кутурат булар?! Чыдап отурасыӊбы бул кордукка, Абил бий? Бизге
кошоматтан башка, чокубузду кол менен калкалаштан башка арга жок беле?..
Жыйын бир бүтүмгө келбей тарап кетти.
Абил бий кеӊ өргөөдө жагылган от боюнда сабыры суз отурду. Демейде үлдүрөп көзү чала жумулуу отурчу кары кеӊешчи да ойгоо. Жана эл дүргүп атка чуркаганында козголбогон кыйды киши азыр тигинин ырайын байкап чочулап деми ичинде.
– Бий... Эл сиздики... Бул оорчулук сизге да салмагын салды. Улук сардар Абдырахмандын сизге пикири кыйла жакшы. Кабакты ачыӊыз, бий. Алтын такка көрсөткөн ак кыз­ма­тыӊызды ордо кантип эсинен чыгарсын? Акыры бул ишти бү­түрүштө да ордо сизге ишенген...
– Оулия! Элди канча сыга берсеӊ, ошончолук чатак ырбайт, ошончолук каяша көбөйөт,- андан ары Абил бийдин үнү муздап кетти. – Ушу ант урган Домбунун ит өлүмү ушунча чуу болуп! Мени элден кол жуудура турган болду, хазретиӊиз!- Ал эрдин тиштене токтоно калды. – Чоӊ атасы Хажы качан өкүмдар болду эле? Ал сенделип тоо жамынып жүрүп өтпөдү беле? Нарбото бийдин балдарынан сан тийди беле буларга? Ыя? Тиги Насрулла-батыр-хан олжолоп кеткен таажыны мына биз алып кийгизбедик беле, атасы Шерали аталанын башына?.. Же жалганбы?
– Чын, бий, чын...
Абил бий жер муштап жиберди:
– Караламандын көзүнө даражасын көтөрүп колумду боорума алып койсом коркуп калды деп отурат жанагы кичинекей катынпозуӊ! Мен кайра Нарбото бий тиккен үйдүн ынтымагы кетпесин, куту учпасын дейм... Бул тоодон өрт чыкса эптеп мен басып отурам. А мен чыксам ким басат? Ыя? Ким басат?!.
Абил бий мейманын коштоп сыртта эле. Домбунун артынан доочу келгенден бери элдин кысылганын, чалдардын кейишин көрүп чыдабаган Мадыл келип эле бийдин бутуна жыгылды.
– Оулия, сиз капа болбой үйгө кирип жай ала бериӊиз, мен бул шордуунун арызын угайынчы...
Кары кеӊешчини кетирип ийип Мадылды өргөөдөн обочо ээрчитти.
– Бий, айланайын бий! Мен өлө турган болдум. Мени кармап бе­ри­ӊиз. Ушунча элдин убалына каларымды билсем...- Ал бетин басып өк­сүп ийди.
– Ой, кем акыл... Макул, эртеӊ сен ортого чыгып бер, ушу сенин каныӊа ыраазы боло турган ким бар? Беш түтүн шордуу нойгуттун үйү күйүп кетет, балдары
олжо болот! Ушуну ойлойсуӊбу?!- Абил бий күлүп койду. – Хан тагасына башма-баш өтөм дегенсиӊ го. Унчукпа. Жым бол болор ишти болтурган соӊ.
Бир пас ойлонуп туруп Мадылдын көӊүлүн жубатып сүйлөдү:
– Эсиӊе кел. Ким ойлоптур аягы минтип чыгарын... Сарыбай агаӊдын кадырын сыйлайм. Жакшы адам. Бир кыз бар деди беле Сарыбайдан?
– Бир чүрпө бар...
– Нечиде?
– Он бешке кирди...
– Гм, балакатка жетип калган тура, бечара...- Абил бий дагы бирдеме айткысы келгендей кыӊырылып турду. Бирок айта албады.
Мал киндиктүү тоо ханзаада кун деп талап кылган миӊ кыл куйруктан көп да мукурабады. А бабасы ту­тунуп дүйнө кылып көрбөгөн дилдеге келгенде сатканга мал түт келбей, кишилер саймалуу кийиз, шырдак, ат абзел артып базардан базарга самсыды. Шаар калкы баш чайкады. Тээ бозомук тартып, сүрдүү тиктеген тоодо жашаган көчмөн туугандардын башына түшүп турган жабырды түшүнүп, журтчулук, тууганчылык айтып какшаган ырчылардын ырына, сөзмөрлөрдүн сөзүнүн жүйөсүнө тен берип, топ-тобу менен керектегени да, керектебегени да соодалашпай буюмдарды четинен бирден алып, жоолуктарынын каттоолорунан бирден кызыл дилде ыргытып өтө беришти.
Ушинтип айтылган миӊ кызыл дилде эки базар ичинде табылды. Көп жылкы уюктуу кумурскадай чубап, сыпайлар кутуруп аттарын жа­ӊыртып минип, куду бир жактан жоо чаап келгендей шаӊ менен кетишти. Кароол таштуу бийикте Абил бий, Насирдин бек, кары кеӊешчи, элеттин бир катар аксакалдары турушкан. Бекназар беш жигит менен топ жарып атчан келди:
– Ме, бек, бүтөлсө бүтөп ал ушу менен тешигиӊди!
Оозу буулган салмактуу баштыкты Насирдин бектин алдына ыргытып, кылчайбай топтон чыгып кетишти.
– Алаху акбар! Кун бүт­тү! Салават! Салават!
Миӊ дилде, миӊ кыл куйрук менен кошо Насирдин бекке олжо болуп Сарыбай мүнүшкөрдүн жалгыз кызы Кундуз кетти. «Бербейм! Али жаш!» деп жулкунуп Абил бий жиберген жигиттер менен алышкан энеси Сүйүмкандын акылы тумандап, кокту колотту аралап уӊулдап кыйкырып жүрдү...

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан