ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-марттан 29-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада аракетчил болуп жаӊы идеяларды сунуштасаӊыз, кызмат ордуӊуздан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк бар. Дүйшөмбүдө жакшы маанайдагы сүйлөшүүнүн аягы таарыныч менен бүтпөшү үчүн эскини козгобоӊуз. Шаршембиде
сатып алам деген керектүү буюмду таппай убара чегүүӊүз мүмкүн. Жума күнү кечеге чакырык аласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада иштин көзүн билгендер менен кеӊешип иш кылсаӊыз, жакшы жыйынтыкка жетишесиз. Жаӊы идеяны ишке ашырууга ыӊгайлуу кез. Дүйшөмбүдө жеке жашооӊузга же жакындарыӊызга байланыштуу чечим кабыл алууга туура келет. Шаршембиде майда жаракаттардын алдын алуу керек. Жума күнү шашылыш келген туугандарга чай берүү түйшүгү күтүүдө. Ишембиде жаӊылык угасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада каржылык абалыӊыз жакшырып бир топ сүйүнөсүз. Мындан тышкары чыгармачыл адамдарга идеяларын ишке ашырууга жакшы шарттар түзүлөт. Шейшембиде аткарылчу ишти өткөрүп жиберип өкүнүп калбоо үчүн иш планыӊызды карай жүрүӊүз. Бейшембиде окуяларды көзөмөлгө алыӊыз, ошондо пайдалуу маалыматтарды ала аласыз. Жекшембиде эски тааныштар өздөрүнөн кабар берет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Акчаӊыз керектөөлөрүӊүзгө жетип, көп иштерди аягына чыгарып жаныӊыз жай ала түшөт. Ушул себептүү жеке жашооӊузду жөнгө салууга, жаӊы пландарды түзүүгө убакыт табылат. Апта ортосунда башкалардын сөзүнө кулак салбай, өз билгениӊиздей иш кылсаӊыз жаӊылышпайсыз. Апта аягында конокто болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада жаныӊызда жүргөн адамдардын биринин сатып кетүүсүнөн сактансаӊыз ашыкча болбойт. Ошондой эле мурда
берген убадаларды аткарыӊыз. Шейшембиде туугандарга жана балдарга кам көрүүгө туура келет. Бейшембиде келип түшчү маалымат жеке жашооӊузга өзгөртүү киргизиши ыктымал. Ишембиде үйгө олжолуу кайтасыз. Жекшембиде кайсы бир иштер көп убактыӊызды алат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө көӊүлдү чөгөрө турган ушак, алдап кетүү сыяктуу жагымсыз майда окуяларга туш болушуӊуз ыктымал. Шейшембиде жасаган эмгегиӊиз үчүн сый-урматка татыйсыз. Бейшембиде бирөөгө тапшырган ишиӊиз аткарылбай, өзүӊүз чуркоого аргасыз болосуз. Жекшембиде үй, чарба иштери менен алектенүүӊүз күтүлүүдө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башында иште тоскоол жаратуучу адамдар менен кагылышпай, ийгиликке жетишүүгө умтулуӊуз. Жылдыздар аян түштөргө маани берүүнү эскертишет. Документ иштерин да бүткөрүү талап кылынат. Апта ортосунда жеке жашооӊузду сүйүнүчтүү көз ирмемдер коштойт. Болуп өткөн окуя жакынкы пландарыӊызга өзгөртүү киргизет. Апта аягында жакындарыӊыздын үй- бүлөлүк маселесине аралашпаӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада маанилүү чечим кабыл алууда ойлонуп, анан кадам таштоо керек. Алдыдагы максатка жетүү үчүн башкаларга ооз ачпай өз алдынча аракеттениӊиз. Ошондой эле күмөндүү ишке кол сунбаӊыз, зыян тартып каласыз. Бейшембиде эски досуӊузга жолугасыз. Жекшембиде жакын адамыӊыз менен чогуу эс алып, жаӊы сезимдерге кабыласыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын биринчи жарымында иште чоӊ маселе жаралат. Аракет кылсаӊыз, өз пайдаӊызга чече аласыз. Ошондой эле кайсы бир ишти бүтүрүү үчүн сарптаган акчаӊыз өзүн актап, кубандырат. Аптанын экинчи жарымында сүйүү сезимдерин козгогон учур күтүлөт. Бирок көӊүл үчүн деп көп каражат жумшап жибербеӊиз. Апта аягында коӊшуӊуз же бейтааныш адам менен чырдашууӊуз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта башында ишиӊизде көйгөйлүү маселеге кабыласыз. Сабырдуулук менен чечкиндүү кадамдарга барсаӊыз, абалдан чыгып кетесиз. Апта ортосунда жаӊы идеялар жаралат. Ишке ашырууга аракет кылыӊыз, жыйынтыгы жемиштүү болот. Улуу адамдардын кеӊешине кайрылуу да оӊ. Апта аягында акча маселесине байланыштуу иштерде этият болуӊуз. Соодалашууда алдатып жиберүүӊүз ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Алдамчынын тузагына илинбеш үчүн жеӊил акча табуу сунушуна көнбөө кажет. Айрымдардын өнөкөт оорулары козголуп, дарыгердин кызматына кайрылышат. Шейшембиде абройду түшүрбөө үчүн өз көмөчүӊүзгө күл тартпаӊыз жана ачууга алдырбаӊыз. Бейшембиде көпчүлүктүн көӊүл чордонунда болуп чарчайсыз. Апта акырында бирөөгө жардамыӊыз тийип, ал сизди сыйга бөлөйт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада ишиӊиз ийгилик менен коштолушун кааласаӊыз, кошумча билим жана кеӊештерди алууну унутпаӊыз. Дүйшөмбүдө чындык деп эле адамдын көӊүлүнө карабай болгонун айтып салуудан карманыӊыз. Шаршемби – ден соолукка кооптуу күн. Көчөдө жана чарба иштерин аткарууда этияттык талап кылынат. Ишембиде буюм сатып алуу үчүн соода түйүндөрүнө же базарга баш багасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан