«КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРЫ – КААДА-САЛТТАРЫНДА»

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары бул жылы Нооруз майрамын чоӊ кубаныч менен тосушту. Чиновниктердин эл алдындагы жалган сөздөрүнөн чарчаган калайык калк, улуу кичүү дебей үй-бүлөсү менен ынтымакта ат майданга келип, улуттук тамактан даам сызып, майрамдын символу болгон сүмөлөктөн ооз тийишти. Дайыма эл менен болуп, кышкысын отун-суусуна каралашып, жерин айдап, карапайым калкка жүрөгүн арнаган «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы бул ирет да чоӊ майрамды эл менен бирге тосту. Эӊ кызыгы, бул күнү табияттын өзгөчө кубулушун көрүүгө болду. Алгач кар себелеп, көп өтпөй жаз келип, кайра жайдагыдай ысык аба ырайы элдин маанайы менен айкалышып жатты. Ат майданга жети дубандан жалындуу жигиттер келип, ат оюндарынын түрүнүн дээрлик баары көрсөтүлдү. Ат чабыш, кыз куумай, көк бөрү оюндары келгендердин бүйүрүн кызытты. Биз да четте калбай майданга келген элдин маанайын билүү максатына суроо салдык.

Анвар Теӊизбаев,
Ак-Суу районунун тургуну:
– Бекеринен «ат адамдын канаты» деп айтылган эмес. «Күч атасын тааныбайт» дегендей, ким мыкты болсо жеӊиш ошонуку. Майрамдык маанай тартуулаган «Өнүгүү-Прогресс» партиясына рахмат. Жаш күлүктү таптагандай эле, жаш партияны таптап алалы.

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты:
– Ат оюндарынын өзөгү – мыктысы жеӊгендигинде. Кыргыздын улуттук баалуулугу – улуттук каада-салттарында. Ата-бабадан калган мурастарды ар бир муун аздектей берели, элибиз ынтымакта болсун!

Тынчтык Шайназаров, ЖКнын депутаты:
– Элдик майрамда улуттук оюндардын ойнолушу элге дем берип, патриоттуулук сезимдерди ойготот. Байыртан элибиздин каада-салты менен сакталып келе жаткан ат оюндары бүгүнкү күндө да уланып, элдин ынтымагын чыӊдап, намыскөйлүккө, күчтүүлүккө, биримдикке үндөйт. Бүгүнкү биздин максатыбыз – ат оюндарын уюштуруу менен калкка жаӊы жылдык маанай тартуулап, сыйлыктарды берип кетүү.

Нүргүл Канышбаева, Каракол шаарынын тургуну:
– Элдик оюндарыбыз болгон кыз куумай, улак тартыш, кунан жарыш жарпыбызды жазып, бүйүрүбүздү кызытты. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын азамат жигиттери майрамды биз сыяктуу карапайым эл менен тосуп, байгелерди да ала келишиптир. Жазгы иштерибизге даяр тизилип турган техникалары көӊүл кубантат. Эл менен бирге болгон партияга ыраазычылык айтам.

Максат Чунуев, майрамдын уюштуруучусу:
– Майрам максатына жетти деп ойлойм. Ал эми бүгүнкү иш-чарага элдин майрамдык маанайын көтөрүүгө партия тарабынан үч автоунаа, бир кичи автобус байгеге коюлду. Бул белектер чыйрак, намыскөй, ат үстүндө шамалдай учкан жеӊүүчү уулдарыбыздыкы болду.

Иш-чарага көз салган милиция кызматкерлеринин айтымында, майрамдык майданга келгендердин саны жыйырма миӊден ашты жана коомдук абал көзөмөлгө алынып тынч өттү. Ал эми салтанатка келген шаардыктар жана коноктор бул майрамдан дем-күч алып, кубаныч менен таркашты.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан