АЛСЫРАП, ЧААЛЫКТЫӉЫЗБЫ? АНДА СИЗГЕ ВИТАМИН ЖЕТИШПЕЙТ!

Адамдын организми кышы бою суук менен күрөшүп жатып, топтогон витаминдерин ашыкча көлөмдө иштетип жиберет. Мунун кесепетинен жазында организм алсырап, адамдын чачы түшүп, териси кургап, азыктардын ордун керектүү каражаттар менен топтоону талап кыла баштайт. Эгер витаминдердин ордун өз маалында толуктап турбаса, өнөкөт оорулардын жаралышына алып келерин медицина кызматкерлери дагы баса белгилешет.

ТАЛЫКШЫГАНЫӉЫЗДЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?
Тынымсыз баш оору, алсыроо, маанайдын түшүшү адамды жумушунан артка тартып, тамакка болгон табитин да качырат. Бул үчүн баш мээнин кан тамырларын тазалоо керек. Кан тамырларды тазалап, кан айлануу системин жөнгө салбаса, остеохондроз жана атеросклероз дарттары келип чыгышы мүмкүн.

ПИЯЗ ЖАНА БАЛ
Пияздын ширесин 50 грамм өлчөмүндө сыгып алыӊыз. Аны 200 грамм таза балга кошуп аралашма жасаӊыз. Муну күнүгө 3 маал 1 чай кашыктан тамак ичерден жарым саат мурун жеп коюп туруӊуз. Аралашма бир гана кан тамырларды тазалабастан, иммунитетти да бекемдейт.

ТАБИГЫЙ ШИРЕЛЕР
Күн сайын түшкү жана кечки тамакты ичердин алдында жарым стакандан анар, алма же сабиздин ширесин алмак-салмак алмаштырып ичип туруӊуз.

УЙГАК ЖАЛБЫРАГЫ
Термоско кургатылган уйгактын жалбырагынан 1 ууч салып, үстүнө 0,5 литр кайнак суу куюп, 8-10 саат тыныктырып коюӊуз. Мындан соӊ чыпкадан өткөрүп, суюктукту муздак жерге коюу керек. Муну күнүгө эртеӊ мененки тамактын алдында 4 аш кашык ичип туруӊуз. Дары суусундукту ичүү мөөнөтү 1 ай.

ЭРТЕӉ МЕНЕНКИ ТАМАК АЛДЫНДА
Күн сайын эртеӊ мененки тамакты ичерден жарым саат мурун 1 ууч мейиз жана 4-5 даана грек жаӊгагын жеп коюу керек. 15-20 мүнөттөн кийин 1 чай кашык бал жана лимондун 2 аш кашык ширеси кошулган 1 стакан сууну ичип коюӊуз. 10-15 мүнөттөн кийин тамак иче берсеӊиз болот. Ооба, бардык эле азыкка кол жете турган шарт дайыма жок. Мындайда капуста менен сабизди кууруп, кайнатып, керектүү витаминдеринен ажыратып жибербей, чийки боюнча салат жасап, жеп коюу организмди көптөгөн керектүү заттарга байытат.

ЧАЧТЫН ТҮШҮШҮ КӨЙГӨЙ ЖАРАТУУДАБЫ?
Чачыӊыз түшүп, жаздыгыӊыздан уучтап чогултасызбы? Мындай коркунучта, албетте, адиске барып, чачыӊыздын түшүшү башка бир органда пайда болгон оорунун кесепети эмеспи, текшерилип алыӊыз. Эгер андай маселе жок болсо, анда жакшы, демек, чачка кам көрө берсе болот.

ЧЫЧЫРКАНАК
Чычырканактын жаш бутагын кайнатып, суусун чыпкалап алыӊыз дагы, суусу менен башыӊызды жууӊуз. Ошондой эле жумасына 2 жолу жуурдун алдында чачтын түптөрүнө чычырканак майын сүйкөө керек. Чычырканак майын дарыканалардан оӊой эле табасыз.

БАЛ
Жарым литр кайнаган сууга 1 аш кашык бал кошуп аралаштырып, чачыӊызга текши жеткидей ал суу менен жууп, 1-2 саат коюп коюӊуз. Мындан соӊ чачыӊызды шампунь менен жууп салыӊыз. Бул процессти жумасына 2 жолу кайталоо жетиштүү.

СҮТ АЗЫКТАРЫ
Айран адамдын чарчаӊкы абалын жазып, уйкусуроодон арылтып, күч-кубат берет. Ал эми быштак адамдын тулку боюн шайдоот алып жүрүүгө жардам берип, тырмак, чач, терини жакшыртып, бекемдейт.

ЭГЕР БЕТИӉИЗДИН ТЕРИСИ АРАЛАШ ТИБИНДЕ БОЛСО...
Жаз алды менен жашылча-жемиштердин түрү базарда быжырап чыга баштайт. Аларды жеп витаминдин запасын толуктоо менен катар аарчылган кабыктарын тоокторуӊузга же таштандыга төгүп салбай, бетиӊизди таза жууп алып баарын теӊ жаба берсеӊиз болот. Мисалы, бадыраӊдын кабыгын, өрүктүн эзилип калган мөмөлөрүн колдонсоӊуз болот. Ал эми ашкөк, петрушканын калдыктарын сууга бир кайнатып алып, суусун кебезге сиӊдирип бетиӊизге сүртүӊүз. Идиштин түбүндө ичилбей калган айран, ирип калган сүт сыяктуу азыктарды да ботко катары бетке 15 мүнөттөн кем эмес жаап, кайра жууп сала берсеӊиз сөзсүз натыйжа берет.

ЭГЕР БЕТИӉИЗ КУРГАК БОЛСО...
1
чай кашык балды стаканга салып, стаканды кайнак сууга сала туруӊуз. Бал суюлуп калган маалда үстүнө 1 аш кашык быштакты кошуп аралаштырыӊыз. Эгер аралашма коюу болуп калса үстүнө жылуу сүттөн 1 аш кашык кошуп коюӊуз. Эми боткону бетиӊизге жылуу боюнча жаап, 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыӊыз. Жумасына 1 жолу жаап турсаӊыз бетиӊиз түлөбөй калат.

ЭГЕР БЕТ ТЕРИӉИЗ МАЙЛУУ БОЛСО...
Бадыраӊдын ширесин 150 грамм өлчөмүндө сыгып алып, ага 150 грамм сүт кошуп аралаштырыӊыз. Алынган суюктукту дакиге сиӊдирип алып, бетиӊизге жабыӊыз. Үстүнөн ным сүлгү менен жаап 15 мүнөт жатуу керек. Мындан соӊ бетиӊизди жылуу суу менен жууп, нымдоочу бет майдан сүйкөп коюӊуз. Жумасына 2 жолудан кайталоо жетиштүү.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
malika14
2015-03-30 10:49:05
syperstan sypersiner maga ayabai kerek bolup jatty ele rahmat chooon.............
0
saat1200
2015-03-30 13:11:03
Сонун кенеш сиздерге рахмат
0
aikarus8384
2015-03-30 15:09:23
Урматтуу суперинфо пияздын ширесин уй шартында кантип алса болот.
0
medetbek
2015-03-31 02:02:07
aikarus8384, пияздын ширесин кадимки эле ашканага колдонуучу теркадан өткөрүп туруп марлиге салып кол менен сыгып аласыз.
0
aikarus8384
2015-03-31 12:46:22
medetbek, рахмат
0
Zamknutaya92
2015-03-30 20:37:19
Комментарийдин тексти
Мага да керек болуп жатты эле. Рахмат супер инфо!
0
Nursultan.m.n
2015-03-31 11:02:00
суперстан мумкун болсо, перхотьду кантип кетирсе болоорун жазып жибергилечи
0
admin_superstan
2015-04-03 14:40:11
Nursultan.m.n, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/?article=29647
0
Maisara
2015-03-31 15:15:27
Беттеги тактарды кантип кетирсе болот ))) кызыл тазылдар чыкбашы учун эмне кылыш керек
0
meili
2015-03-31 15:22:50
Беттеги такты кетириш учун:жумуртканын сарысын, 1.ч.к лимон согун, 1 ч.к таза балды аралаштырып бетке коесун 15м кийин жылуу суу мн жууп кою керек. Сары так болсо кетуу оной.кара тактын кетуусу кыйын.
0
Jumaida
2015-04-04 14:04:24
meili,канчакундо бир коюу керек
0
rozka
2015-04-01 07:57:58
Супер инфо!!! Жазда анан Куздо давленям низкий боло берет кунуго башым ооруп турат ошого кандай кылсам давленям тушпойт кенеш берип койосуздарбы?Алдын ала чооон Рахмат:)
0
admin_superstan
2015-04-01 10:37:16
rozka, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
0
gul78
2015-04-01 12:02:12
Рахмат силерге,абдан сонун кенештер...
0
Ayka1994
2015-04-02 15:39:58
Соонун кенештер экен магада керек болуп аткан. Рахмаат супер инфо
0
suiuktuujar
2015-04-03 16:22:00
Пайдалуу кенеш учун рахмат
0
Ziaka
2015-04-20 09:28:59
жакшы кенештер учун рахмат.
0
kamil81
2016-04-14 02:17:39
чычырканактын орусчасы кандай?Рахмат
0
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан